Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

6-жума

 

Түйүлдүктүн абалы

Болочоктогу адамдын кан айлануу жана нерв системалары күн эмес, саат сайын өсүүдө. Ал эми баланы он ай бою азыктандыруучу киндик азырынча абдан ичке тамыр гана. Бирок ал алдыдагы кызматы үчүн тездик менен өсүп жатат. Түйүлдүктүн мээси дал ушул мөөнөттө калыптанууну баштайт. Азыр эки бөлүктөн турган мээ ыйлаакчасы убакыттын өтүшү менен жарым шар формасына келет. УЗИ аппаратына буга чейин текшериле элек болсоңуз, бул мөөнөттө андан наристеңиздин жүрөгү сого баштаганын көрө аласыз. Кааласаңыз, дарыгерден суранып үнүн угууга да мүмкүнчүлүк бар. Бул маалда түйүлдүктүн жүрөгү мүнөтүнө 150 жолу согот. Бул чоң кишинин жүрөгүнүн согушунан эки эсе тез.

 

Эненин абалы

Албетте, ден соолугуна ылайык кош бойлуулукту ар бир аял ар башка көтөрө турганы талашсыз. Бирок аялдардын басымдуу бөлүгү алсызданып иш кылууга көңүлү чаппай калат, уйку басат. Кан басымы бир калыпта болбой, баш айлануу болушу да ыктымал. Эмчектин сезимталдуулугу артып, кол тийгенде ооруйт. Ичтин ылдый жагы тартып ооруусу – бул жатындын жыйрылуусу. Бойдон түшүп калуу коркунучунун алдын алуу үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Жатын жаңы абалына ыңгайлашып өзгөрүп жаткандыктан табарсык бат-баттан толуп, кош бойлуу ажатканага тез-тез каттай баштайт. Эми күтүүсүз дааратканага чуркаткан мындай акыбал кош бойлуулуктун алгачкы үч айында күн сайын кайталанат. Түйүлдүктө кан айлануу жана нервдик клеткалар өнүгүүнү баштаганын билдик. Андыктан бул убакта аял сүт азыктарына басым жасап фтор, фосфор жана кальций кабыл алуусу керек. Албетте, ансыз да жүрөк айлануу, кусуудан тажап турган аялга сүт азыктарын кабыл алуу оңой эмес. Алар организмге пайдалуу тарашы үчүн аз өлчөмдөн 4-5 маал кабыл алуу керек.

 

Гүлайым Калыбекова