Үч жаштан кийин кеч

Ата-эне үчүн бала – өмүр бою бала. Бирок ата-эненин милдети - баласын акылдуу, билимдүү, толук кандуу адам кылып чыгаруу. Бул милдетти аткарууну баланын эс тартып, “кой-ай” дегенди түшүнүп калуусун күтпөй, ымыркай кезинен баштоо керектигин билчү белеңиз? Баланы төрөлгөндөн 3 жашка чейин тарбиялап жетишип калбасаңыз, кийин абдан кеч болуп калат экен.

 

Китеп бизге кантип жетти?

Бул макалабыздагы маалыматтар Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» деген ата-энелерге арналган китебинен алынды. Масару Ибука – япониялык инженер жана ишкер, «Сони» корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал - балдарды тарбиялоо багытында жаңычыл теориянын автору. Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча бир канча китептерди жазган. Алардын ичинен дүйнөгө кеңири тараган «Үч жаштан кийин кеч» китеби 1971-жылдан 1987-жылга чейин эле 82 жолу басылып, нускасы 650 миңге жеткен. Бул китепти кыргыз тилине котортуп, кыргыздын келечегине кам көргөн – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева. Роза айым китептин баш сөзүндө: «Адам баласынын нерв клеткалары 3 жашка чейин өнүгүп, 70-80 пайызга чейин калыптанат. Бул курак бала бардыгын билгиси келип, мээси гүлдөй болуп ачылып, ата-энесине миң түркүн суроолорду берген мезгил болуп саналат. Менин неберем 2 жашка чыккандан тартып 40-50 мамлекеттин желектерин жатка айтып, айырмалай алгандыгы Ибуканын тапкандарынын туура экендигин дагы бир жолу далилдеп турат», - дейт. Биз да ата-энелер үчүн аталган китептин айрым жерлеринен үзүндү сунуштайбыз.

 

Бала бакча кеч болуп калат. Бир да бала гений болуп төрөлбөйт, бир да бала келесоо болуп туулбайт. Бардыгы баланын жашоосундагы чечүүчү жылдарда баш мээсинин өнүгүү даражасына жана шыктануусуна жараша болот. Бул төрөлгөндөн үч жашка чейинки курак. Бала бакчада тарбиялоо кеч болуп калат.

 

Кенже куракта өнүктүрүү генийлерди тарбиялоону максат кылбайт. “Кенже куракта өнүктүрүү генийлерди тарбиялоого жардам береби?” деп байма-бай сурашат. Мен “жок” деп жооп берем. Кенже куракта өнүктүрүүнүн жападан жалгыз максаты – балага акылы терең, дени сак, зээндүү, мээримдүү болгудай билимди берүү. Дагы бир негизги максаты – бактысыз балдардын пайда болуусун болтурбоо.

 

Беш айлык бала Бахты баалай алат. “Сони” фирмасынын бириндеги бала бакчада балдар кандай музыканы угарын билүү максатында изилдөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында балдар үчүн эң таасирдүү музыка бешик ырлары эмес, Бетховендин 5-симфониясы экендиги белгилүү болгон. Бул бир окуяны эсиме салат. Классикалык музыканы абдан жакшы көргөн жаш ата-эне жаңы төрөлгөн баласына Бахтын 2-сюитасын күн сайын бир нече саат угузушкан. 3 айдан кийин бала музыканын тактысына жандуу кыймылдай баштаган. Ыргак ылдамдаганда кыймылы активдүү болгон. Музыка бүтүп калганда ал капа болгонун билдирген. Бир жолу алар джазды коюшканда бала чуу салган.

 

6 айлык бала сууда сүзө алат. 32 градус сууга 6 айлык баланы салышкан. 3 айдан кийин ал сууда 6 мүнөт сүзүп жүрө алган. Бала өзүнчө рекорд да койгон. Сууда 8 мүнөт 46 секунд чыдап турган. Бала бул сыяктуу иштердин баарын оюн катары кабыл алып жеңил эле үйрөнүп алат. Баланын сууда сүзө алгандыгы – алардын мүмкүнчүлүгүнүн чексиз экендигин далилдеген бир гана факт.

 

Бүгүн бала кечээкиден таптакыр башкача болот. Бала басканды үйрөнүп калгандан кийин роликте жүрүүнү үйрөтүү өтө эле татаал. Басканды жаңыдан үйрөнө баштаган кезде үйрөтсө, эки айдан кийин андан мыкты фигурист чыгат. Америкалык психолог Макгроу эки эгизге байкоо жүргүзгөн. Ал бирөөнө 11 ай, экинчисине 22 ай болгондо коньки тепкенди үйрөткөн. Жыйынтыгы бири-биринен таптакыр айырмаланган: эрте үйрөнгөнүнүн жетишкендиктери экинчисинен алда канча жакшы болгон. Бүгүнкү күнгө чейин тигил же бул көндүмдү үйрөтүүгө азырынча эрте деп отуруп мыкты мезгилди өткөрүп жиберебиз да, балдардын жашоосун татаалдаштырабыз.

 

Шыктандыргычы жок бөлмө балага зыян. Америкалык профессор Брунер жаңы төрөлгөн балдарды экиге бөлдү. Биринчилерди эч кандай шыктандыргычы жок бөлмөгө, экинчилерди гүлдүү дубал кагаздары, түстүү шыптар, ала-була жабуулар менен жапты. Терезеден дарыгерлердин иштегендери көрүнүп, ал тургай, бул жерде музыка ойноп турду. Мындай шартта эки топтогулар тең бир канча ай тарбияланышкан соң алардын интеллектуалдык өнүгүүсүн аныктай турган тестирлөө жүргүзүлдү. Жыйынтыктар ортодогу айырманы так көрсөттү: шыктандыруучу бөлмөдө чоңойгон балдардан бош бөлмөдө чоңойгон балдардын интеллектуалдык деңгээли үч айга артта калган.

 

Баланы бейтааныш адамдардын багуусуна калтыруу – тобокелчилик. Бир жаш, чынчыл ата-эненин 4 жана 5 жашар эки уулу бар эле. Кичүүсүн түз жүргөндүгү, жандуулугу үчүн бардыгы жакшы көрүшчү. Ал эми кабагы ачылбаган улуусун анча жактыра беришчү эмес. Бул баласынан тынчсызданган ата-эне дарыгерге кайрылышкан. Сурамжылоодо экинчи наристесин төрөгөндө эне өзүн жаман сезип, бир жаштагы улуу баласын 6 ай бою бала багуучуга бактырганы маалым болот. Көрсө, бала баккыч жаш кыз бала менен эшикте сейилдегендин ордуна үйдүн артындагы эски, караңгы сарайда сүйгөнү менен жолугушчу экен. Бала аны менен бирге болгон. Бул окуя күн сайын кайталанган. Бир жаштагы балага бала баккычы менен сүйгөнүнүн эмне менен алек болуп жаткандыгы түшүнүксүз болгон, бирок ал жалгыз турганда ар кандай үндөр анда коркууну жана ишенбөөчүлүктү жараткан. Кыздын тынчсызданган, күнөөлүүдөй сезилген жүрүм-туруму наристенин аң-сезиминде орноп калган.

 

Баланын ыйын эч качан этибарга албай койбоңуз. Бала менен көбүрөөк сүйлөшкөн энелер анын интеллектуалдык өнүгүшүнө эң чоң таасирин тийгизет. Мисалга көңүл буруңуз: жаш жубайлар эркек бала төрөлгөндө бир бөлмөлүү батирде турушчу. Батир ушунчалык кичине болгондуктан эне аргасыздан дайыма баласынын жанында жүрчү жана аны менен көбүрөөк сүйлөшчү. Кийинчерээк ал үй-бүлө 3 бөлмөлүү батирге чыгат. Бул маалда кыздуу болушат. Кызга энеси эң көп убактысын өткөргөн ашканадан алысыраак, тынч бөлмөнү бөлүштүрөт. Улуу баласы болжол менен 7-8 айларында сөздөрдү айырмалап сүйлөп калган болсо, кыз 10 айлык болгондо болгону былдыраганды үйрөнгөн. Андан тышкары дайыма жүзүнөн күлкү кетпеген агасына караганда токтоо, түнт болуп чоңойгон.

 

Балаңыз менен тилиңизди чайнап сүйлөшпөңүз. Эгер чоң кишилер балдар түшүнбөйт деп алар менен балдардын тилинде сүйлөшө баштаса, баланын туура тил көндүмдөрү эч качан калыптанбайт. Балаңыз менен таптакыр эле тилиңизди чайнап сүйлөшпөңүз. Бир канча айдан кийин эле ал чоңоюп, жалпы коомчулук кабылдаган тилди түшүнүүгө туура келет. Бала бакчага барганда ал кичинекей эместигин, туура сүйлөө зарылдыгын айтса бала үчүн ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн.

 

Гүлайым Калыбекова