Айыз учурундагы маселелер жана алардын себептери

Айыз цикли – аялдын ден соолугунан кабар берүүчү негизги факторлордун бири. Анын нормадан тыш ар кандай убактарда, аз же көп келиши, айыз маалындагы ооруксунтуу дегендер аялзатынын тынчын алып, түркүн сүроолорду жаратат. Андагы көйгөйлүү суроолорго акушер-гинеколог Сабира Чарабаева жооп берет.

Айыз – аялдын организминин циклдүү өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан. Нормалдуу айыз цикли деп 21-35 (көбүнчө 28 күн) күндүк узактыктагы 3-7 күндүк мөөнөттү камтыган цикл эсептелинет. Бул убакыт ичинде аял суткасына орточо 40-60 мл (эки аш кашык) кан жоготот. Ден соолугу чың айымда айыз эч кандай өзгөрүүнү жаратпайт, жашоо образын бузбайт жана эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн төмөндөтпөйт. Айыз циклинин физиологиялык бузулушу негизинен айыз жаңы келип баштаганда (11-15 жашта), климакс жакындаганда (45-50 жашта) жана кош бойлуу болгон учурда байкалат. Бирок бул бузулуу кадыресе көрүнүш. Мындан башка учурларда айыз үзгүлтүккө учураса, демек, организмде маселе жаралганынан кабар берет. Мисалы:

 

Айыз циклинин узактыгынын өзгөрүшү

Эгер мурдагы айыз циклинен 35 күн өтсө да кезектеги этек кири келбесе опсоменорея деп аталат. Анын себептери болуп стресс, тамактануунун бузулушу, организмдеги мите курттар, инфекция, кант диабети оорусу, бойдон көп алдыруу жана депрессия эсептелинет. Эгер экинчи этек кир 21 күнгө жетпей эле бат-баттан келе берсе, пройоменорея деп аталат. Мунун төмөнкүдөй себептери бар: гормоналдык өзгөрүү, жыныс органдарынын сезгенүүсү, жатындагы жана аналык бездеги шишик, бойдон алдыруу, боордун, бөйрөктүн өнөкөт оорулары, авитаминоз, стресс жана жаракат алуу.

 

Айыз күнүнүн өзгөрүшү

3 күндөн аз келген этек кирдин себеби чарчоо, стресс, оор сезгенүү процесси же психикалык оору болушу мүмкүн. Бул учурда аял уйкусуздукка кабылып, эс тутуму начарлап, активдүүлүгү азаят. Ошондой эле толуп, шишип, жүрөгү жай согот жана дене табы төмөндөйт. Тескерисинче, этек кир 7 күндөн ашса да токтобосо, аял гормоналдык бузулууга кабылган. Андан сырткары спиралдын таасири да этек кирдин көп күн келишине себеп болот. Эгер убагында гинекологго кайрылып керектүү кеңештерди албаса, аял көп кан жоготуп, кан айлануунун бузулушунан улам аналык бези ооруга чалдыгып, инфекциялык оорулар пайда болушу мүмкүн.

 

Этек кирдин көп убакытка чейин такыр келбей калышы

Биринче себеп: бул учурда аял кош бойлуу болушу мүмкүн. Эгер кош бойлуу болбой эле этек кири көп убакытка чейин кармалса, анда аял айыз циклинин олуттуу бузулушуна кабылган. Бул илимде аменорея деп аталат. Ага негизинен катуу диеталар жана физикалык күч келтирүү себеп болот. Ошондой эле канда пролактин гормонунун деңгээлинин жогорулагандыгынан кабар берет. Аменорея 40 жашка чыга элек аялдарда катталса - эрте климакстын белгиси. Кокус айыз кармалып атканда кан келип кетсе жана ичтин ылдый жагы оорутуп, өң кубарып, денени муздак тер басып, аял эс-учун жоготсо, дароо тез жардам чакыруу керек. Бул жатын сыртындагы кош бойлуулуктун белгиси болушу ыктымал. Мындай көрүнүш жатын түтүктөрүнүн жарылып кетүүсү жана ички кан агуу менен коштолуп өмүргө коркунуч туудурат.

 

Өтө көп кан келүү

Айыздын алгачкы 2-3 күнүндө кан көп келип, акырындык менен азаят. Бул нормалдуу көрүнүш. Эгер айыз убагында көп кан келип, бирок гемоглобиндин деңгээли төмөндөбөсө, сарсанаа болуштун кереги жок. Кандын аз же көп келиши жатындын жыйрылышынан көз каранды. Эгер жатын начар жыйрылса да кан көп келет. Ошондой эле отуруп иштеген аялдардын, же тескерисинче, физикалык күч колдонуп иштеген аялдардын этек кири да көп кан келүү менен коштолот. Булардан тышкары медицина адистери көп кан келүүнүн төмөнкүдөй бир нече себептерин аныкташкан:

– Жатын көңдөйүнүн патологиялык процесстери (полип, миома, рак оорулары);

– Гормоналдык бузулуу;

– Жүрөк-кан тамыр, ичеги-карын оорулары;

– Боордун иштешинин, кан уюу системасынын начарлашы;

– Катуу диеталар (кычкыл сүт азыктары менен). Мунун натыйжасында боор кандын уюшуна тоскоол кылган ферменттерди иштеп чыгат;

– Аспирин сыяктуу дары-дармектерди колдонуу. Алар кан тамырда уюган кандарды эриткендиктен этек кир убагында көп кан келет;

– Организмде С, К, Р витаминдеринин, кальцийдин жетишсиздиги;

– Бойдон түшүү же бойдон алдыруудан кийинки абал.

 

Оорутуу

Айыз убагындагы ичтин, белдин оорушу көбүнчө жаштык жана өспүрүм куракта байкалып, алсыздык, баш айлануу, кускусу келүү менен коштолот. Себеби болуп жатындын өнүгүү аномалиясы, гормоналдык өзгөрүү, организмдин толук өспөй калышы жана башкалар эсептелет. Эгер 30-40 жаштын аралыгында оорутуп келип, этек кири келгенге чейин жана бүткөндөн кийин кан сыяктуу суюктук акса, жатындын миомасы, эндометриоз оорусунун белгиси болушу мүмкүн.

 

 Уюп калган кандын көп болушу

Уюп калган кан ар бир айыз циклинин алгачкы күндөрүндө келет. Анын негизги себептери болуп көпкө отуруп иштөө, гормоналдык бузулуу, организмдин жатындагы спиралга болгон реакциясы, же полип, миома оорулары эсептелинет. Эгер уюп калган кан аз өлчөмдө келсе кооптуулугу жок. Бирок көп-көптөн келип, өлчөмү да чоң болсо дарыгерге кайрылуу керек.

 

Шааркан Абдуллаева