ШЕЙШЕНОВА Венера: «Ажал жүктөгөн учак үч баламды бирдей жалмап кетти»

Өткөн жуманын дүйшөмбү күнүндө Дача-Суу айылында болгон каргашалуу кырсык жергиликтүү тургундарга эле эмес, бүтүндөй кыргыз элине кайгы алып келди. 42 жаштагы Венера Шейшенова ал күнү үч баласынан айрылган жана бүлөдө аман калгандардын бардыгы ден соолугунан жабыркашкан.

 

«Балдарым кучакташып уктап жатышкан»

– Дача-Суу айылында жашаганыбызга тогуз жыл болгон. Жолдошум менен эки баламдын жумушу аэропортто болгондуктан жакын болсун деген ниетте ошол аймакка ыктаган элек. 15-январь күнү уулубуз Эрзат 5 жашка толгон. Балдарым сасык тумоолоп жаңы эле жакшы болушкандыктан конок чакырбай үй-бүлөбүз менен туулган күн өткөрөлү деп атсак сиңдимдин баласы, Бакыт деген айылдаш бизге жакын болуп калган балабыз, кайнимдин 5-6 жашар кызын ээрчитип келип калышты. Дасторкон жазып, өзүм иштеген «Куликовский» фирмасынан буйрутма менен чоң торт жасатып келип меймандар, уул-келиним болуп он адам туулган күн өткөрдүк. Мен күн сайын таңкы 6да жумушка кетчүмүн. Каргашалуу 16-январдын таңында да туруп ооруп жаткан 20дагы уулума дары бердим. Ал дарысын ичип кайра жатып уктап калды. Бир жарым жаштагы кенже кызым эртең менен дайыма ыйлагандыктан аны атасынын койнуна жаткырып кетчүмүн. Ал күнү сүтүн ичип, ыйлабай ордунда эле калды. 5 жаштагы уулум экөө кучакташып уктап жатышкан. 6 жаштагы Сайкал деген кызым болсо атасынын жанында жаткан. Ушинтип баары уктап жатышканда мен жумушка кеткем. Иштеп жатсам кесиптештерим биз жашаган тарапка учак кулаганын интернеттен карап айтышты. Аны угуп биздин ары жагыбыздагы талаага куласа керек деген ой менен балдардын жүрөгү түшүп калды го деп тынчсыздандым. Анткени мурда Жаңы-Жерге учак кулаганда жер титирегендей болуп баарыбыздын эсибиз чыккан эле.

 

«Эки уулум менен кенже кызымдан айрылдым»

– Жумушумдагылар - абдан жакшы адамдар, дароо автоунаа таап жетекчибиз баш болуп жөнөдүк. Орто жолго жеткенимде улуу балам телефон чалып: «Айылга учак кулады, сарсанаа болбой келе бериңиз, биз жакшыбыз», - деди. Анын үнүн укканда бир аз тынчтана түштүм. Келсек эми айылыбыз укмуш. Кошуналардын үйүнөн дайын жок, биздин үйдүн жарымы эле турат. Жолдошум тосуп алып: «Баары жакшы, балдарды бир жакка алып барып койгом», - деди. Дароо эле айткан жагына барсам, алар балдарымды тез жардам алып кеткенин айтышты. Андан кийин алааматты карап өзүмдү жоготуп жүрө бериптирмин. Бир маалда эсиме келип балдарымды издеп баштадым. Үч балам абдан оор экенин айтышты. 3-балдар ооруканасына барып Сайкалымды көрүп бир аз жүрөгүм тынчып калды. Анан «үйгө барып тынчыраак сүйлөшөлү» деп мени апамдардын үйүнө Байтикке алып кетишти. Көрсө, мени Байтикке жөн алып барышпаптыр, ал жерден үч баламдан айрылганымды угузушту. Укканда өзүмдү жоготуп коюптурмун. 20 жана 5 жаштагы уулдарым, бир жарым жаштагы кызымдан айрылдым. Үч баламдын тең мүчөлөрү аман-соо, жакшынакай экен, сөөктөрүн узатып жатканда көрдүм. Учак токтобой баарын кыйратып келип биздин үйдүн жанына келгенде экиге ажыраптыр. Эң улуу 24 жаштагы уулум дубал кулап келе жатканда келинчегин тосуп калган экен. Өзү башынан сокку алып, төрт айлык боюнда бар келиним Кудай колдоп аман калды. Дубал кулап конокко келген эжемдин баласы басылып калган экен, аны колунан тартып дароо чыгарып алышыптыр. Берки айылдаш балабыз эки кабаттуу керебетте жаткан, ал аман, бирок бир кулагы жулунуп кетиптир. Жолдошумдун үстүнө, капталына жыгач түшүптүр, кабыргалары сынып, башынан сокку алган. Учак урандыларды сүрүп барып 20 жаштагы баламды көмүп анын жанын алыптыр. Берки кичинекейлеримди да дубал басып калган экен. Мотору ыргып кошунаныкына түшкөн экен, алар үй-бүлөсү менен алты адам өрттөнүп кетишти.

 

«Аман калган балдарым үчүн чыйралам»

– Негизи алты балага эне болгом. Эки жыл мурун 20 жаштагы кызым апластикалык анемия оорусуна чалдыгып калды. Оорусун кеч билдик. Израилге барып операция кылдыруу үчүн 300 миң доллар керек эле. Убакыт тар болуп, оору бат өөрчүп кетип диагнозун билгенден үч айдан кийин кызымды жоготуп алганбыз. Кызымды жерге берген соң кош бойлуу экенимди билдим. Оорусуна кайгырып, кийин биротоло айрылып ого бетер стресс болгон элем. Анымды билгендер «стресс менен төрөбөй эле кой, бала оорулуу болуп калбасын» дешти. Бирок мен ооруканага, молдого барып атып кырк жашымда аман-эсен төрөп алдым. Каза болгон кызымдын ордун баскан кыз келген сыяктуу болгон эле. Ден соолугу чың, баладан өзгөчө эле. Эрте басып, аябай эрте, так сүйлөп, баарын өзү үйрөнүп чоң кишидей болуп өсүп келатты эле. Улуу кызымды жоготуудагы кайгыдан, азаптан мени ошол кызым коргоп, алаксытып турчу. Эми каргашалуу кырсык ал таттуу кызымды да жалмап кетти. Азыр нес абалындамын, эч нерсе түшүнбөй жатам. Балдарым тирүү эле бир жакта жүргөн сыяктуу сезимдер болот. Учурда жолдошум экөөбүз тең 4-шаардык ооруканада жатабыз, бизге тынчтандыруучу дарыларды куюп жатышат. Эстен танып кулаганда грыжам да козголуптур, туруп-туруп эле бутум иштебей калып атат. Ошого карабай бек болуп, чыйралып атам, өзүмдү таштаган жокмун. Анткени улуу балам Канат оор абалда. Ал: «Апа, “өзүмдү таштабайм” деп сөз берсеңиз гана ооруканага жатып дарыланам», - деп сөзүмдү алган. Сайкалым да көзү жалдырап нес болуп жүрөт. Келиним: «Апа, бизди таштабагыла», - деп тынчсызданат (ыйлап).

 

«Каза болгон үч балам тең башкача болуп калышкан экен"

– Кырсыктан бир нече күн мурун Аман түшүндө аны каза болгон классташы жетелеп кетип жатканын айткан. Чочулап жыт чыгарып, куран окутканбыз. Кырсык болордун алдында да түшүндө каза болгон кызым: «Бул жерден кеткиле», - дептир. Ошол кызым ооруганда: «Мен биз аэропортто жашаган үчүн оорудум го, бул жакта радиация бар окшойт. Апа, суранам, үйдү сатып эле кетип калгылачы», - дечү. Бирок жолдошум болчу эмес. Баламдын түшүн уккандан кийин «кетели» деп күндө айтып жаткам. Туулган күн өткөрүп жатканда да айтсам, «акыркы күндөрү эмне эле ушинтип калдың?» - деди. «Балдар ооруп атат, Чолпондой болуп булар да олуттуу оору менен ооруп калышпасын. Чолпон да Амандын түшүнө кирип «кеткиле» деп атыптыр», - десем, «анда жаз алды менен батирге чыгып, бул үйдү сатыкка коёбуз», - деди. Атабыз макул болду деп баарыбыз сүйүндүк. Ошондой эле Аман мечитке каттап, аркы дүйнө жөнүндө көп сүйлөп: «Аркы дүйнөгө барганда сурак бар, апа, чачыңызды өстүрүңүз, жеңе, кашыңызды тербеңиз», - деп калган. 5 жаштагы уулум болсо акыркы үч күнү ыйлап: «Апа, жанымдан кетпегилечи, силерди сагынып, жакшы көрүп атам», - деп эле атасы экөөбүздү этектеп калган. Туулган күнү күнү жумушума телефон чалып: «Апа, суранам эрте келчи, сизди сагынып атам», - деди. Торт буйрутма бергенимди айтып, тортту алып келсем маанайы жок экен. «Уулум, бүгүн сенин туулган күнүң, капа болбо», - деп көңүлүн көтөргөнгө аракет кылгам. Бир жарым жаштагы Жылдызым болсо «жаным» деген сөздү жаңы үйрөнгөн, ал баарыбызды эле «жаным, жаным» деп өпкүлөп жаткан. Азыр ойлосом, каза болгон үч балам тең башкача болуп калышкан экен. Аман: «Эрзат менен Жылдызды эч кимге бербейм, силер айылга кетсеңер да шаарда алып калып өзүм окутам», - дечү. Үчөө бири-бирине абдан жакын эле, ээрчишкен боюнча кетип калышты...

 

«Бул өкмөттүн эмес, Кудайдын кылганы» 

– Мен эле бир сыйра кийимим мененмин, үй-бүлөмдөгүлөрдүн баары ич кийимчен калышты. Айрым адамдар жардам берип атышат. Өзүм иштеген кондитер үйүнүн жетекчилигине абдан ыраазымын, алар «талаада калган жоксуңар, сарсанаа болбогула. Биз үч айлык акчасын төлөп батир алып койдук, ооруканадан чыкканда “мейманканага барабыз” дебей, ошол жакка келесиңер», - дешти. Менин ал жакта иштегениме эки эле ай болгон. Каза болгон кызым алардын дүкөнүндө иштечү, ага да эң чоң жардамды ошолор беришкен. Өтө кымбат дарыларды иччү, күн сайын кан куйчубуз, баарын төлөп беришчү. Өзүбүз болсо мындан ары каякка жашарыбыз тууралуу көп деле ойлоно элекпиз. Болгону ал жакка кайрадан үй салып жашабай эле коёлу деп атабыз. Ал жердеги калган үй-бүлөлөрдү көчүрүп, кийин биз барып эскерип тура тургандай кылып койсо деп ойлоп атабыз. Мурда ал жер аэропорттун сызыгы экени айтылганы менен “көчкүлө” деген талап болгон эмес. Бул нерсени өкмөт кылган жок, Кудайдын кылганы, андыктан мамлекетке док урунуп «үй бергиле» дебейбиз. Аэропортко жакын Манас айылынан жер бөлүп, иштеп төлөй тургандай узак убакытка күрөөгө акча беришсе, өзүбүз эле үй куруп алмак элек. Бирөөгө док урунганды жаман көрөм, өз эмгегибиз менен үй курсак, анан буйруйт го деп ойлойм. Учурдан пайдаланып бизге ошол оор учурда акчалай жардам берген «Беш-Сары» борборуна ыраазычылык билдирем.  

 

Динара ЧОКОЕВА