Бакыт ЖУМАГУЛОВ, музыкант: «Жакшынакай чоңоюп келаткан уулум 5 жашында баса албай калды»

Ата-эне бала күлсө күлүп, ооруса андан эки эсе ооруган адамдар эмеспи. Кыргыздын таланттуу уулдарынын бири Бакыт Жумагулов учурда канынан бүткөн наристеси ооруп эң азаптуу күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Карапайым күн кечирип келген талант уулунун саламаттыгы үчүн элинен жардам сурайт.

 

«Балам өзүнөн-өзү чалынып жыгылчу болду»

– Мен Кыргыз улуттук филармониясында Асанкан Жумакматов атындагы чоң симфониялык оркестрде музыкант болуп иштейм. Музыка дүйнөсүнө бала кезимден аралашып М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте окугам. Учурда бир уул, бир кыздын атасымын. Улуу балам Бегалы күтүүсүздөн ооруп бизди кайгыга салып отурат. Негизи уулум жакшынакай төрөлүп, кадимки балдардай басып, чуркап ойноп өсүп келе жаткан. Эл катары бала бакчага да барган. 5 жашка келгенде тепкичтен чыга албай калчу болду, же басып баратып эле өзүнөн-өзү чалынып жыгылат. Эмне болгонун түшүнбөй ооруканага көрсөтүп, анализ тапшырдык. Жыйынтыгында булчуңдун дистрофиясы деген диагноз коюшту. Бул генетикалык оору экен. Тукум куубаганы менен ар бир адамдын ДНКсында болуп, кайсы бир жагдайдан улам чыгарын билдик. Кызыгы “жалаң балдар ооруйт” дешти.

 

«Сасык тумоодон кийин такыр баспай, жөрмөлөп калды»

– Канчалык аракет кылып дарылатканыбыз менен таасири болбой жатат. Уулум ушул жылы мектеп босогосун аттады, окуу жылы башталганда мектепке өзү эле басып барган. Аңгыча элди сасык тумоо каптап калбадыбы. Ошондо балам да сасык тумоолоп, ал өтүшүп кетти. Анын таасири болдубу, айтор, сасык тумоодон кийин такыр баспай, жөрмөлөп калды. Башында дубалды таянып басчу, таптакыр баспай калганына эки ай болду. Апасы экөөбүз көтөрүп алып кыргызчасына да, башкасына да алпарып атабыз. Беспалова деген жеке менчик медициналык борбор булчуңдарын чоюп, ийне сайып, физиотерапия, укалоо жолу менен дарылашты. Бирок жылыш жок. Эми Жалдагы республикалык оорукана чакырып атат. Башында анализдери ошол жактан чыккан. Бирок бизде баламдын анализи башка деген үмүт болуп аларга барган эмес элек. Угушубузга караганда, бул оорудан жабыркаган 12-13 жаштагы балдар баспай калат экен, ал эми жети жаштагы бала басышы керек экен. Интернетке киргизсек «бул айыкпас дарт» деген пикир да жазылды. Бирок адам дегендин үмүтү үзүлбөйт экен. Үмүт менен даба издеп жатып Москвадан бул ооруну дарылай турган эки жер бар экенин уктук. Бирөөсүнө байланышсак, Москванын өзүндө ушундай оору менен ооруган балдардын форуму экен. Интернет аркылуу сүйлөшсөк, «Мой мио» деген фонддун жетекчиси: «Келгиле, жатакана менен камсыздап, жардам берем», - деп чакырууда.

 

«Жеңилирээк диагноз чыгып калабы деген үмүтүбүз чоң»

– Дүйнөдө бул ооруга каршы төрт жылга миллион доллар, жылына 250 миң доллардан турган Транслана деген дары бар экен. Бирок ал дарыны кабыл алууга баламдагы диагноз туура келеби, жокпу, так билүүбүз керек. Ал үчүн Москвага барып ДНК тапшырып, аны Америкага жөнөтүү керек болуп жатат. Азырынча баламдын диагнозу азыркыдан жеңил, жакшы чыгып калаттыр деген чоң үмүтүбүз бар. Андыктан оюбуздун баары Москвага барып анализ тапшыруу болуп турат. Ага эки жарым миң доллар керектелет экен. Бизде мындай сумма каяктан болсун. Азыр балам мектепке барбай калды. Бутунда кыймыл болгону менен баса албайт. Бала эмеспи, оюнга алаксып оорусу тууралуу деле түшүнө бербейт. Бирок: «Эмнеге тура албай жатам?» - деп сурап бизди беймаза кылат. Мультфильм көргөндү жакшы көрөт. «Щенячий патруль» деген мультфильмде Крепыш деген кичинекей күчүк бар экен. Өткөндө: «Ата, мен Крепышмын, ал байкуш да, мен да байкушмун», - деп жүрөгүмдү оорутту (ыйлап). Жазганды, окуганды, сүрөт тартканды жакшы билет. Бирок оору психикасына таасир этпей койбойт экен, бир аз артта калып жатканы байкалат.

 

«Балабызды майыптар арабасына отургузганга дитибиз барбай жатат»

– Оркестрде иштеп алган айлыгым 4800 сом. Кечкисин ресторанда музыкант болуп, арада мугалим да боло калып эптеп үй-бүлөмдү багып келе жаткам. Келинчегим балдар менен үйдө. Уулумду айыктыруу үчүн керектүү акчага менин тапканым жетпей жатат. Ассоль Молдокматовага абдан ыраазымын, ага жолуккан биринчи эле күнү баламдын баспай жатканын көрүп үч мүнөттө коляска маселесин чечип берди. Андан сырткары клиникалардын баарына анализдерин бекер чыгартып берип атат. Ал моралдык да, иш менен да абдан чоң жардам берүүдө. Ассоль айым берген колясканы алганыбыз менен баламды олтургузганга дитибиз барбай жатат. Ата-энелик жүрөгүбүз ал нерсеге чыдабайт экен. Филармониядагы кесиптештериме да ыраазымын, өткөн жумада камералык оркестрдин жамааты 17 миң сом чогултуп беришти. Аталган оркестрдин жетекчиси Нур байкеге рахмат. Өзүм иштеген оркестрдегилер да “жардам беребиз” деп турушат. Андан сырткары аскердик оркестрдегилер, классташтарым, туугандар, эң негизгиси кыргыз элим жардам берүүдө. Эл арасында кайрымдуу адамдар көп экени кубандырат, Элсом дегенди ачып койгонбуз, акыркы акчасын салган карылар, студенттер жүрөктү жылытат. Азырынча керектүү сумма чыга элек. Апам менен келинчегим баламды коштоп барганы жатышат. Мен болсо акча табышым керек. Жибек Нукеева акча чогултуп чет жерге дарыланганы кетти. 22-январда ага арналган кайрымдуулук концерт болду. Жибек Нукеева акча чогултуп чет жерге дарыланганы кетти. 22-январда ага арналган кайрымдуулук концерт болду. Жибектин эжеси Медина бизге жардам берүү максатында 100 билет берген, “сатсаңар 50 миң сомдой болот” деп, тилекке каршы, убакыт аз болгондуктан жыйырмадай эле билет сатылып, акчасы 20 миң сомдой болду. Анан Медина эже үй-бүлөсүнүн атынан 20 миң сом кошуп берди. Элдин колдоосу менен балам айыгып кетер деген үмүттөмүн.

Бегалыга жардам берүүнүн жолдору:

(1280096035708712 сом) Элсом: 0773 79 60 37, 0703 85 22 22

Байланыш телефону: 0773 79 60 37

P.SГезит басмага кетип жатканда Бегалынын атасы биз менен байланышып жакшы жаңылык айтты. «Примекс - Газпромдун майлоочу материалдары» компаниясынын башкы директору Руслан Сартов Баямандын дарылануусу үчүн 2 миң доллар бөлүп бериптир. Кудай буюрса, Бегалыны эмки жумада Москвага алып кеткени жатышыптыр. Ал жактан диагноз койгонго акча табылды. Андан аркысы жакшы болсун деп тилеп, колдон келген жардамыбызды аябайлы.


Алия ДАНИЯРОВА