Белгилүүлөрдүн бала чагы кандай өткөн?

Балалыктагы башкы кыял – чоңойгондо жакшы адам болуу. Балдар бул кыялына жакшы бир адамды каарман кылып алып окшошкулары келет. Учурдагы балдардын, жаштардын кыял каарманы болгон эл кызматындагы белгилүү инсандардын балалыгы кандай өткөн болду экен? Алардын балалыгы, андагы кызыктуу жана таасирдүү күндөрү тууралуу өз ооздорунан угалы.

 

Осмонбек Артыкбаев, депутат: «Балдар мени мугалим катары карашчу»

– Атам мугалим болчу, 1960-жылы айылыбызга мончо куруп мугалимдердин баарын түшүргөн экен. Музыканы жакшы көргөндүктөн үйдө патефон, радио бар эле. Атам ошол кезде кандай техника чыкса, баарын алып келчү, көмүр менен иштеген үтүк да айыл ичинде бизде гана болчу. Ошонун баары биздин эмнени болсо да эртелеп таанып-билүүбүзгө таасир эткен. Эки жашымдан колума кагаз, калем берип жазганды үйрөттү. Тилекке каршы, мен төрт жашка чыкканда атам каза болуп калды. Андан кийинки тарбияны апам, чон апам, агаларымдан алдым. Апам энергияга бай адам болчу, бизди урушпай, түшүндүрүү жолу менен тарбиялады. Баарыбызды чогуу отургузуп алып китептерди окутчу. Мектепте активист окуучу элем, 1-классымдан баштап мектепте класском, кийин комсомол комитетинин катчысы болдум. Тентектиги жок, мугалим сыяктуу окуучу болчумун. Ошондуктан балдар мени мугалим катары карашчу. Мен үчүн сабактан калуу деген алааматтай эле. Апам бизди абдан эмгекчил кылып өстүрдү, жумуштун баарын жасачубуз. Үй-бүлөбүз менен таза болгонго биз жак көчө да жаркырап турчу. Эсимде, бир басылмадан барып айылдын эң таза үй-бүлөсү деп биздин үйдү жазып кетишкен. Өзүм эч кимди кумир туткан жокмун, алдымда белгисиз бийиктиктер турганын, аракет кылсам жетеримди абдан сезчүмүн. Келечекке болгон кыялдарым болсо улам өзгөрүп турчу, космонавт, учкуч, инженер, физик, тарыхчы болгум келген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп алып жазуучу болгум келчү. Кыскасы, маалымат алган сайын ар бир кесипке кызыга берчүмүн. Мектепти аяктап жатканда тарыхка кызыгып апам менен келип тарых факультетине окууга тапшырдым. Тилекке каршы, өтө албай калып кийин инженердик кесипке ээ болуп калдым.

 

Динара Ошурахунова, укук коргоочу: «Тентек кыздардын катарына кирчүмүн»

– Бала чагым дегенде эле бала бакчада жүргөн кезим эсиме түшөт. Бала бакчада абдан көп ырларды жатка билчүмүн, андыктан майрамдык кечелерде мени дайыма алдыга тургузушчу. Мектепти жакшы эле окуп баштап, кийин 5-6-класстарда ар кандай ийримдерге катышып алып сабагымдан аксап жакшы бааларыма «3» деген баалар кошулуп калды. Өз оюмду бербей мугалимдер менен айтышып же сабактан чыгып кетип калган мүнөзүм бар эле. Сабактан качууну да уюштурчумун. Жеңил атлетикага катышып, жакшы чуркап мелдештерге катышып жүрдүм. Эмгек сабагын абдан жактырчу элем, анткени сайма сайганды, тамак жасаганды үйрөтчү. Өзүм тентек кыздардын катарына кирчүмүн, көчөдө көп ойноп, бир нерселерди ойлоп таап, кыздарды “тигини кылабыз, муну кылабыз” деп азгырганга жөндөмдүү болчумун. Апам мугалим, атам партия кызматкери болчу. Алар күн сайын жумушта болуп бизге көп убакыт бөлө алышчу эмес, бизди мектептеги эле комсомол, пионер дегендер тарбиялады. Эне катары кээде апамдын колу тийчү. Үйдө китепкана бар эле, китепти абдан көп окучумун. Дубалда дүйнөнүн картасы илинип турчу, кайсы өлкө каерде, алардын борбору кайсы, баарын билчүмүн. Бир туугандар көзүбүздү жумуп алып жарышып көрсөтчүбүз. Ошол нерсе менин дүйнөгө болгон кызыгуумду ойготкон. Атам үйгө түрдүү пластинкаларды сатып келип, апам экөө танго бийлегенди жактырышчу, биз аларды карап отура берчүбүз. Баса, балалыгымда дарыгер болууну кыялданып баарына ийне сайып ойночумун, бирок өзүм ийнеден абдан коркор элем. Кийин ата-энемдин сунушу менен мугалимдик окууга тапшыргам.

 

Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер: «Тентек болсом да мугалимдер жакшы көрүшчү»

– Мен жети жашка чейин таята-таенемдин колунда өстүм. Алар мага кыргыздын каада-салтын үйрөтүп, жакшы сапаттарын ачып бере алган үлгүлүү адамдар болушту. Таятам каардуу киши болгондуктан мени катуу кармачу, таенем болсо жумшак эле, мени коргоп турчу. Күндө эртең менен каймакка жуурулган талкан менен сүт чайы даяр эле. 7 жашымдан ата-энемдин колуна бардым. Атам да тартипти катуу кармаган киши эле, катуу тартип менен өстүрдү, апам жумшак, мээримдүү, акылман аял болгондуктан бизди эркин тарбиялады. Ошондуктан тартиптүү, ошол эле учурда эркин чоңойдум. Ата-энем мени жакшы окугандан сырткары ар дайым жаңы ийгиликтерге умтулууга шыктандырышчу. Андыктан мектепте алдыңкы окуучу болчумун. Бирок ошол эле кезде тентегирээк элем. Энергиялуу балдар тентек болушат да, мен энергиямды туура жакка буруш үчүн 6-классымдан баштап күрөш менен машыгып баштадым. Абдан өжөр, эрктүү элем, машыгып спорт чеберинин талапкери болгом. Тентек болсом да мени мугалимдер жакшы көрүшчү. Тентектик кылган соң жылмайып: «Эже, кечирип коюңуз», - деп колунан сылап эжейимдин көңүлүн алганды да билчүмүн. Жайкы эс алууга дайыма таята, таенемдикине айылга жиберишчү. Барарым менен таятам: «Ии шаардык, келдиңби?» - деп устара менен чачымды кырып салчу. Анан күн сайын таң атпай ойготуп жылкы айдатып, кой кайтартып, сойдуруп эмгекчилдикке үйрөттү. Ата-энем адамгерчиликтүү болуп, айткан сөзгө туруу керектигин дайыма айтышчу. Атам, чоң атам да бетке айткан кишилер болгон, ошол сапат менде да бала кезимден калыптанган. Кичинемде эле баарын ачык айта алчумун. Элчиликте иштегенимде бул сапатымдын пайдасы абдан тийди, анткени эл аралык уюмдар адамдын профессионалдык деңгээлинен сырткары адамгерчилик, чынчыл сапатына карашат. Жакындарымдын мага берген туура тарбиясы менен өнүгүп, өстүм.

 

Өмүрбек Текебаев, депутат: «Мугалимдерге каяша айткандан тартчу эмесмин»

– Мен төрөлгөн кезде балдардын өлүмү абдан көп болуп ата-энемдин улуу кызынан мага чейинки 2-3 баласы токтобой чарчап калыптыр. Ошондуктан мен төрөлгөндө өмүрү узун болсун деген ниетте атымды Өмүрбек коюшат. Ата-энем мени бапестеп баккандыктан абдан эрке өстүм, “кой, ай” дегенди укчу эмесмин. Чамасы, жалкоо да болсом керек, анткени коомдук иштерге баргым келчү эмес. Биз бала кезде кенедейибизден пахта тергенге чыкчубуз, ар бирибизге коюлган норманы териш керек болчу. Мен кара жумушта алдыңкы боло албагандыктан коюлган чекти араң толтурчумун. Бирок пахта тергенди жактырбаган балдарды уюштуруп жумуштан качкан жактан лидер элем. Мени балдар колдоп турушкандыктан тартынбастык мүнөзгө калыптандым. Мектепте болсо жакшы окуп, мугалимдерден коркпой туура эмести “туура эмес” деп каяша айткандан тартчу эмесмин. Меники туура, жаңылышкан жокмун, мени эл колдойт деп кайраттуу жүрчүмүн. Фантастикалык, тарыхый китептерди көп окугандыктан ойлоп тапкычтыгым күчтүү эле. Көчөгө оюн уюштуруп чоң-кичине дебей балдардын баарын ойнотчумун, ошол нерсе мени жоопкерчиликке үйрөттү. Анан да балдардын баарын үйгө жыйнап алчумун. Алар согушуп ойноп, үйдү чаң-тополоң кылып, болгон тамак-аштын баарын жеп, алыстан алынып келинген таза сууну булгап коюп кетип калышчу. Ата-энеме ыраазымын, ошондо мени эркин коюшту. Биздин үй-бүлөдө балдарды урушуп же уруу деген болгон эмес, ата-энем бизди өзүлөрүнүн жүрүш-турушу менен тарбиялады.

 

Айнуру Алтыбаева, депутат: «Мектепте абдан жакшы окучумун»

– Мен үч бир туугандын кенжеси болгондуктан атам мени көбүрөөк эркелетти. Болбосо менден улууларын катуу кармашчу. Эрке болгонум менен ата-энем эмне жакшы, эмне жаманды үйрөткөндүктөн аша чаап кеткен жокмун. Апамдын мага колу тийген учуру такыр болгон эмес, ага эмне жакпасын көз карашынан сезчүмүн. Ош шаарындагы эң күчтүү деген Ломоносов атындагы англис тилине басым жасаган мектепте окудум. Тың кыз элем, тилге кызыккандыктан жакшы окудум. Комсомол, октябрят, коммунист деген уюмдар бар эле, мен комсомолдук уюмдун биринчи катчысы болгом. Атам мугалим болуп жүрүп партиялык иштерге өтүп райком, раисполком болду. Апам өмүр бою мектепте иштеди. Атам жумуш менен болуп, бизге тарбияны апам берди. Ата-энемди үлгү тутуп, ар бир кеп-кеңешин кунт коюп укчумун. Апамдын кан басымы оорусу болгондуктан башы көп ооручу, ошол нерсе мага катуу таасир эткенби, «дарыгер болом, апам ооруса өзүм карайм» деп кыялданчумун. Бирок атамдын сунушу менен экономикалык жаатта билим алдым.

 

Динара ЧОКОЕВА