Кышкы жашылча- жемиштерден жасалган салаттар

Пекин капустасы менен жасалган салат

Кандай азыктар керек?

Пекин капустасы: 1 даана

Тооктун филеси: 1 даана

Кызыл пияз: 1 баш

Петрушка: 2-3 талча

Консерваланган жүгөрү: 1 банка

Зайтун майы

Лимон ширеси

Сухарик

Туз

Кантип жасалат?

Тооктун этин ургулап жумшартып, туз себелеп бир аз тыныктырасыз да, андан кийин көмөч казанга бүтүн бойдон кууруп аласыз. Муздаган соң орточо кесимдерге бөлүп туурайсыз.

Пекин капустасын узун-узун, пиязды өтө жука шакекче кылып туурайсыз.

Идишке тууралган азыктарды салып, ага жүгөрүнү, сухарикти кошосуз.

Салатка зайтун майын жана лимон ширесин, татымына жараша туз кошуп аралаштырып, пертушка менен кооздоп коёсуз.

 

Кызылча салаты

Кандай азыктар керек?

Кызылча: 2 даана

Мейиз: 1 чоң кашык

Чагылган жаңгак: 100 г

Кургатылган кара өрүк: 100 г

Майонез: 100 г

Кантип жасалат?

Кызылчаны сууга бышырып аласыз.

Кургатылган кара өрүктү кайнак сууга 20-30 мүнөт салып коёсуз.

Мейизди да кайнак сууга 10 мүнөт салып коёсуз.

Кызылча муздаган соң кыргычтан өткөрөсүз, кара өрүктү туурайсыз, жаңгакты майдалайсыз.

Идишке бардыгын салып туруп майонез менен аралаштырып коёсуз.

 

Түрптөн жасалган салат

Кандай азыктар керек?

Түрп: 2 даана

Сабиз: 1 даана

Майонез же өсүмдүк майы

Туз

Кантип жасалат?

Түрп менен сабизди кыргычтан өткөрөсүз.

Аларды идишке салып, каалооңузга жараша же майонез менен, же май менен аралаштырып коёсуз.

Татымына жараша туз кошосуз.

 

Жемиштер салаты

Кандай азыктар керек?

Алма: 2 даана

Банан: 1 даана

Ананас: 0,5 даана

Мандарин: 3 даана

Киви: 2 даана

Майонез

Кантип жасалат?

Жемиштердин баарынын кабыктарын аарчып, бирдей көлөмдө чарчы кылып туурайсыз.

Тууралган жемиштерди майонез менен аралаштырып коёсуз.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА