Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

 

Эрмек

Туулган жылы: 1984-жыл 22-апрель

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Алай району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, түшүнүктүү, токтоо, сабырдуу, чынчыл, сылык

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0777 47 48 46

– Мен алты бир туугандын ортончусу, эркек балдардын улуусумун. Атам кичине кезимде эле өтүп кеткен. Апабыздан кийин айрылдык. Инилерим бой тиреп келе жатышат. Эми мен турмуш курушум керек. Ырас, ансыз да жашым өтүп бир топ кечиктим. Бирок ушул кезге чейин турмуш курбай жүргөнүмдүн себебин эч нерсе менен түшүндүрө албайм. Мага Кыргызстандын бардык аймактарынан 20 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Бир баласы болсо бага алам. Башкысы турмушка олуттуу карагандар байланышышын каалайм.

 

Акылай

Туулган жылы: 1990-жыл 30-май

Кесиби: жок

Иштеген жери: мал чарбачылыгы менен алектенет

Жердиги: Жалал-Абад облусу Чаткал району

Кандай мырзалар жагат? Жөнөкөй, жаман адаттары жок, ак көңүл, боорукер, туруктуу, эмгекчил

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0776 87 31 83

Мени 18 жашымда өзүмдөн он жашка улуу адам ала качып кеткен. Отургум келген эмес, бирок ата-энемдин кийлигишүүсү менен ал тагдырга баш ийип калгам. Күйөөм ичкиликке жакын адам экен. Мага кол көтөрбөгөнү менен жашообуз мен ойлогондой болгон жок. Ыркыбыз келишпей койду. Анан жашаганыбызга үч жыл толуп, ортобузда бир кызыбыз болуп калган кезде андан кетип калдым. Эки жылдан бери боймун. Кызымды бир тууган эжем карайт. Кызым аларга абдан көнүп алгандыктан мен жаңы жашоо баштасам деле аны жаныма албайм. Мага 1989-87-жылкы, жердиги Жалал-Абад облусунан болгон жигиттер чалыңыздар. Башымда бала болгондуктан балалууларды туура түшүнүп, балдарын кабыл алам.

 

Адахан

Туулган жылы: 1969-жыл 8-август

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: курулушта бригадир болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Базар-Коргон району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, дин менен жашаган, акылдуу, сылык, тил алчаак

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0773 16 06 44; 0778 88 83 69

– Менин аялым, төрт балам бар. Акыркы жылдары турмуш шартка байланыштуу мен шаарда иштеп, аялым апамды, балдарымды карап айылда туруп эки башка жашап жатабыз. Аларды тынымсыз камсыздап, бардыгын салып турам. Балдарымдын алдында аталык милдетимди аткарып, медреселерде билим алууларына шарт түзөм. Бул жакта ишим жакшы болгондуктан аны калтырбай иштеп, башка аял алышым керек болуп жатат. Өзүм дин менен жашайм, динибиз көп аял алууга уруксат берет эмеспи. Дин шарттарын толук аткарууга аракет кылып, даватка да чыгып турам. Андыктан баарынан мурда ушул нерселерге түз көз караштагы аял алгым келет. Кайсы жерден болсо дагы жашы 30 жаштан 40 жашка чейинкилер мага туура келет. 1-2 жаш баласы болсо өз балдарымдай карап, динден илим алууларына шарт түзүп берүү ниетим бар. Өзү болсо, албетте, иштебейт. Ушундай шарт, талаптарга макул, исламдан бакыт издеген айымдар чалыңыздар.

 

Урмат

Туулган жылы: 1983-жыл 24-ноябрь

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: кесиби менен курулушта иштейт

Жердиги: Ош облусу Алай району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, туруктуу, түшүнүктүү, чынчыл, таза, тыкан, мээримдүү

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0777 27 65 46

– Мен ата-энем кудалап койгон кызга баш кошком. Бир жылдай жашадык, отубуз күйүшпөй койду. Буга эки тараптагы келишпестиктер да таасир этти окшойт. Кыздуу болгонбуз, аны апасы алып кеткен. Бойдокчулукта күн кечиргениме жети жыл болду. Эми көңүлүмө жаккан, жүрөгүм тандаган аялзатына баш кошуп бактылуу жашагым келет. Жердиги кайсы жактан болсо да мейли, жашы 27-35 жаштардын ортосунда болсо жакшы болот. Баласы болсо да, болбосо да башкысы турмушка терең карап, үй-бүлөнү жөндөп кете алган аялзаты болсо дейм.

 

Руслан

Туулган жылы: 1984-жыл 21-апрель

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: соода менен алектенет

Жердиги: Ош шаары

Кандай айымдар жагат? Кудайдан корккон, туруктуу, ыймандуу, намазга бек, таза, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0778 23 13 30

– Аялым менен 6-7 айдай жашаган соң ажырашып кеткем. Себебин айткым келбейт. Негизгиси бири-бирибизге катуу айтпай, түшүнүшүү менен эки жолго түшкөнбүз. Андан бери эки жыл өттү, эч ким менен байланышкан жокмун. Эми 20 жаштан 32 жашка чейинки кыз-келиндер менен туруктуу жашоо куруу максатында таанышам. Жердиги биз жак облус, райондордон болсо жакшы болот. Жоолук оронбосо дагы намаз окуган аял алгым келет. Өзүм ыйман жолуна багыт алып турган кезим. Буга чейинки жашоосунан бир кызы болсо багып алууга мүмкүнчүлүгүм бар. Мындайда ортодо уул балага караганда кыз баланын болгону жакшы экени баарына эле маалым да.