Азапка салган айыз

Таң эртең дааратканага барган тестиер кыздын эси чыгып кетти. Алаасы бүт кан, кадимки кыпкызыл кан. Кыздын бүткөн бою титиреп, жан айласын таба албай алдастап калды. Бул эмнеси? Кан кийимдеринен өтүп төшөнчүлөрдү да булгаган. Эч жери деле ооругандай болбоду. Апасына билдирбей бир сыйра кийимдерин которуп кийди. Анан үйдүн артына акырын өтүп арыктагы кол салса үшүткөн муздак сууга ичиркенсе да жуунду. Жаны бир аз жай алган кыз уйду бадага кошуп келгенче кийиминин дагы булганганын көрдү. Эми эмне кылат?

Алмаштырганга башка кийими да калбады. Апасы болсо бушайман болуп турган кызынын ойлуу, убайымдуу жүзүнө тик багып карабай туруп аны адатынча тезекке жумшады. Үйдөн анча алыс эмес коктудан тезек терип келгенче куюлган кан кыздын бутуна чейин жетти. Кыз баягы арыкка барып дагы жуунду. Үстүндөгү кан болгон, суу кийимдери менен кыз чындап чыйрыгып, үшүп чыкты.

Эми ушул акыбалында кир жууп аткан апасына суу ташуу керек. Кымырылып, кымтынган кыз өңү боппоз болуп апасына жакындады, кан өзүнөн-өзү эле агып жатканын айтайын, ыйлайын деди. Кызы жанына келсе да кир жууп аткан апасы ал тарапка жүз бурбады. Кызды карабай туруп:

– Чоң чакага очоктогу казандан ысык суу апкел, - деди. Ысык сууну апкелген кыз апасына дагы жакындады, жаңы эле акыбалын айтканга оозун камдаганда апасы, - алдагы кирлерди арыкка алып барып чайкай бер, күн да сууп баратат, – деди.

Чоң челекке салынган таштай оор кирлерди көтөрүп кыз эми арыкка жөнөдү. Суу муздак, колдору кызарып үшүп, анан негедир ысыгансыйт. Акыр аягында оор кирлерди сыга албай колу карышып калды. Бирок кирдин баарын чайкап, жайып бүттү. Колу эле эмес, көлөч кийген буттары да чалпылдап суу болду. Бала да, эңкейип чайкаганды билбей самындуу сууну бутуна бүт чачыратып алды. Кийим-кечеси булганып, буттары суу болгон кыз адатынча кечки бададан уй тоскону жөнөдү. Уйду байлап коюп, дөңдө аркандалып турган музоону алып келди. Апасы уй сааганча печкенин күлүн алып, от жакты. Кан болгон кийим-кечесинен кымырынып, баары аны карап тургансып атасынан, апасынан, инилеринен корунуп айласы кетти. Акыры апасы тамак жасаганча кыз эски-уску кийимдерден чүпүрөк издеп эптеп өзүн кургатымыш болду. Бирок эртеден бери аккан кан анын кийимдеринен өтмө катар өтүп кеткен эле. Түшүнүксүз аккан канга бушайман болуп, ызаланып, ыйлап, ой баскан кыз бир топко уктай албай жатып, таңга маал катуу уктап калды.

Аны эртең менен апасынын ачуу үнү ойготту. Төшөктөн баш көтөрүп ыкчам турган кыз белинин, буттарынын сыздап ооруп жатканын сезди. Ага карабай ордунан турду. Бирок аны чочутуп, кейиткен башка нерсе эле. Жаткан жери, кийимдери дагы бүт кан. Эми эмне кылат? Жан айласы куруп карбаластап калды.

– Бүайша, турбайсыңбы, уй кечикмей болду! – апасынын ачуу үнү дагы угулду.

Кан болгон көйнөгүнүн этегин көрсөтпөө үчүн мектепке кийчү кийимдерин кийип алды. Мындан башка айласы жок эле.

Бүайшага баарынан да мектепке баргандагысы кыйын болду. Акыбалы тууралуу курбу кыздарына айтайын деди, батынбады, алар шылдыңдап күлүп жиберишсечи, эркек балдарга айтып коюшсачы. Агайы «доскага чык» дебесе экен. Кан отурган жерине өтүп кетсе эмне кылат. Кыз ушуларды ойлоп корко берди. Сабакка да мурдагыдай көңүлү чаппай, ою алагды болуп отурду. Дайым шайыр-шатман жүргөн, баарынан көп кол көтөрүп сабакты жакшы окуган кыздын үрпөйүп, жүдөп, доскага чыккысы келбегенине эч ким назар деле салгандай болбоду. Башын эңкейтип, өңү боппоз болуп сабакта көңүлсүз отурган кызды биологиядан берген эжейи байкап калды. Ордунан турду да, анын жанына келди:

– Бүайша, ооруп аткан турбайсыңбы, үйүңө бара бер, сабакты эмкиде сураймын, – кексе мугалим ушинтип кыска сүйлөп, кыздын чачынан акырын сылап койду.

Кетүүгө камынып өйдө болгон кыз топтолуп калган кандын көп куюлуп кеткенин туйду, чочуп кетти, коркконунан майда калтырак басып, көзү караңгылап, кулап кетпей араң калды.

Бул азаптуу нерсе үч күнгө созулду. Кыз үч күн катар апасына обдулуп барып бул кайгысы жөнүндө айта албады. Ишинин көбүнөн кабагы ачылбаган апасы кызы менен жай учурда деле аз сүйлөшөт, сырдашмак кайда.

Азапка салган кан токтоду. Бирок кызды түпөйүл ойго салган нерсе аны күн-түндөп коштоп жүрдү. Эми дагы кайра аксачы. Күн сайын эртең менен турган кыз өзүнөн-өзү чочуп, коркуп үстү-башын каранып алат. Ушул окуядан кийин кыз чүнчүп, жүдөп, басынып кетти. Анын үстүнө башы да тез-тез ооруп, тегеренет, алсырайт. Кантсе да сезимтал, зирек кыз бара-бара бу нерсе ай сайын кайталанарын туйду, моюн сунбашка арга жок эле.

 

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА