Тилек

(Башталышы өткөн санда)

Телефондон «мени бүгүн издебегиле» деп кыска сүйлөп трубканы койгонумду уккан Айжүз:

– Жок, барышың керек, – деп тынчсызданды.

А мен өзүмкүнөн кайтканым жок.

Эртең менен көзүмдү ачып башым ооруп турганын туйдум. Бөлмөдөгү интерьерге көз чаптырып, жасалгалуу жалгыз бөлмөдөгү Айжүз экөөбүз жаткан диванга күн шооласы жылып келатканда денем шалдырап ордуман турдум. Күрсүлдөгөн жөтөлүм башталары менен Айжүз ойгонду.

– Кандай уктадың?

– Жаңыле көзүм илинип кетиптир. Түн ортосунан баштап температура болдум, – деген Айжүздүн үнүнөн улам ал да ооруп калганын билдим. Маңдайын сыласам, денеси алоологон от. «Тез жардам чакыртайын» дегениме көнбөдү.

– Өтүп кетет. Азыр экөөбүз тең лимон менен чай ичебиз. Шорпо кайнатам, – туруп, лимон менен бир нече кружка чай ичтик. Ал шорпо кайнатып, мен анын ар бир ийкемдүү кыймылынан көзүмдү алганым жок. Эмнени сүйлөшсөк да ойлорубуз бир жерден чыгып, экөөбүз тең жумушка барбоону чечтик. Ысык шорпого көк пияз туурап ичкенден кийин төшөккө барып куладык. Айжүздүн эриндери ыпысык экен. Жууркан менен үстүн кымтылап жапсам, жуурканды тээп салды да, мени чечиндире баштады. Мен аны. Мен анын жандан ашкан эркелигин ошондо туйдум.

Анын тынымсыз жөтөлгөнү токтобой койгондо тез жардамга телефон чалдым. Коңгуроо шыңгырап, босогодон ак халатчан татынакай медайым кирди. Экөөбүздүн кан басымды текшергенден кийин дароо китепчесин алып бизди каттамай болгондо ооруканага жатуудан баш тарттым. Мен үчүн тынчсызданган Айжүз медайым мага укол сайып же башка чара көрүүсүн өтүндү. Бирок экөөнүн айтканына караманча көнгөнүм жок.

Айжүздү колтуктан сүйөп сыртта күтүп турган машинага жеткирдим. Бирок анын мурдагыдан да начарлаган абалын көрүп ооруканага кошо барууну чечтим. Аныма медайым да каршы болгон жок.

Ооруларды кабыл алуучу бөлүмгө киргенибизде Айжүздүн кан басымын кайрадан текшерген врачтын аракети мени кыжалат кылып жиберди:

– Оорунун абалын көрүп атпайсызбы. Бирөөңөр текшердиңер жетет да…

Медайым мага көздөрүн акшырайта карап, бирок үндөбөдү. Айжүз мага:

– Мейли, өздөрү билсин. Андан көрө өзүңкүн да текшертчи. Денең ысып турат. Мүмкүн, сен да жатышың керек, – жибектей назик алакандарын жаагыма койду.

– Эгер экөөбүздү бир палатага жаткырышса калам, – деп шыбыраганыма жарк деп күлүп иерде жөтөлү кайра башталды. Аңгыча дагы бир медайым келип Айжүздү бош палаталардын бирине ээрчитип кетти.

Үйгө күндөгүдөн кеч келдим. Ошол күндөн баштап Жаркын экөөбүздүн ортодо үй-бүлөлүк чатак ырбай баштады. Эки күндүн биринде урушуп, кайра табышабыз. Ортодо балдарга кыйын болду. Же мага тарта алышпайт, же апасына.

Үйдө үч күн дарыланып жаттым. Оорусам мурдагыдай үйрүлүп түшчү Жаркындын кабагы ачылбас болду. Болбосо шорпо-шилең кайнатып бере койгондо оозума дары-дармек аттууну жолотпойт элем. Мен да Жаркындын көзүн карагым келбей көшөрүп, үч күн бою жалаң дары колдонгонум менен жылыш болбоду. Акыры муздаткычтагы эттен алып өзүм шорпо кайнатып ичкенден кийин көл-шал тердеп, башым көтөрүлдү. Үйдө негедир Жаркын көрүнбөдү, бирок анын кайда кеткени да кызыктырбады. Айжүздөн кантип кабар алсам деп үйүнө телефон чалам, алган киши болгон жок. Бир убакта колумдагы телефон шыңгырады. Иштеген жеримден экен.

– Сени эки күндөн бери Ширин деген кыз издеп атат, – деп номерин беришти.

«Ширин… Ким эле?» Эстей албадым. Эмнеси болсо да чалып көрөйүн деп номерди тердим:

– Алло, саламатсыз. Мага Ширин керек эле.

– Угуп атам.

– Мени издеген экенсиз.

– А… Сиз Зардоспу?

– Ооба.

– Мен Айжүздүн сиңдиси болом. Анын үйүнүн ачкычы сизде экен…

Айжүздү ооруканага жеткирерде үйдү мен бекиткенимди эстедим. Демек, ачкыч чөнтөгүмдө жүрсө керек.

– Көрөйүнчү… – барып чөнтөктү аңтардым, менде экен.

– Алло, ачкычты таптым.

– Сизден кантип алып алсам болот?

– А Айжүз өзү кайда?

– Ооруканада, – Ширин мага кыжырлангандай жооп берди.

– Ачкычты мен сизге жеткирип берейин, бирок кайда?

Ал ойлонуп калды.

– Айжүздүн үйүнө келе аласызбы?

– Болуптур.

Убактыбызды болжошкондон кийин жуунуп-таранып көчөгө чыктым. Айжүздүн үйүнө Ширин экөөбүз тең айтылган убакытта келдик. Анын да бой-турпаты Айжүздүкүндөй келишимдүү болгону менен мүнөздөрү эки башкадай. Ачкычты Шириндин колуна берип Айжүз жаткан ооруканага жөнөдүм.

Менин келатканымды ал терезеден көрсө керек, босогону аттарымда алдыман жарк этип чыга калды. Экөөбүздүн ортодо ысык сагыныч бар экени ошондо туюлду. Көкүрөгүмө жөлөгөн башын көтөргөндө өңүндө кан жоктой купкуу. Биз далдаа жакка бастык.

– Сен мени кечирип кой. Театрга азгырбасам, оорубайт элең.

– Ошо, барганыбыз жакшы болду… Экөөбүз тең бир гана себеп менен оорудук: эми мындан ары экөөбүздүн оорубуз бир.

– Ооба, экөөбүз тең бир гана себеп менен… – Айжүздү сөзмө-сөз кайталаганыма күлдүк.

– Үйдөгү сары эмне болуптур, билдиңби?

Айжүздүн мышыгы эми эсиме келди.

– Жок.

– Ачкадан өлүп калбады бекен?

Экөөбүз бирдей мышыкты аяй баштадык. А мен бул күндөрү үйдө жалгыз камалган мышыктын ачка калганын эмес, өзүмдүн атымды таппай ооруп жатканымды айттым.

Врачтар Айжүздү “каның аз” деп дагы бир жума дарыламай болуптур. Узакка сүйлөштүк. Сөзүбүз дагы канча уланат эле, аңгыча дежур врачтардын бири Айжүздүн палатага баруусун өтүндү. Аргасыз жолдон ала келген жашылча-жемиштерди колуна берип үйгө жөнөдүм.

(Уландысы кийинки санда)

 

Олжобай Шакир