Нурлан САПИКОВ: «КАН ТӨГҮЛГӨН ЖЕРГЕ КАЙРА БАРЫП ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙТ»

Дача-Суу айылындагы учак кырсыгынан 15 күндөй убакыт өткөнү менен сыздаган жүрөктөрдүн оорусу басылып, ыйлаган каректердин жашы тыйыла элек. Кырсыктан келинчеги менен 5 жаштагы уулунан айрылган Нурлан Сапиков учурда ооруканада. Бир убакта эки жакынын жоготуп кан жуткан ата арманынан арылбай бир үшкүрсө, эки баласынын эртеңки жашоосун ойлоп санаалуу улутунат.

 

«Алгач жер титиреп жатат го деп ойлогом»

– Үй-бүлөм менен Бишкекте батирде жашап жүрүп Дача-Суудан жер алдык. Там салып былтыр жайында эле көчүп барганбыз. Ал жакта жашаган кайнагамдын кеңеши менен аэропортко жумушка киргем. Келинчегим үйдөн кийим тигип иштечү. Ушинтип үч балабызды камсыздап эл катары жашап жатканбыз. Улуу уулум 16, экинчиси 13, кенжеси 5 жашта эле. Кайним дагы биз менен жашачу. Ал улуу балдарым менен бир бөлмөдө, келинчегим экөөбүз беш жаштагы уулубуз менен бир бөлмөдө жатчубуз. Кырсык болгон күнү эртең менен беш жаштагы балам адатынча койнума кирип келип ойготту. Саатты карасам, 7ден 10 мүнөт өткөн экен, от жагайын деп турдум. Кайним, эки балам да ойгонуп уюлдук телефондорун чукулап жатышкан экен. Мен эшикке чыгып келип жаңы эле мештин оозун ачканымда «тарс» деген жагымсыз үн чыкты. Жер титиреп жаткандай болду. Үй-бүлөмдү коргоону ойлогонумча болбой мени дубал басып калды. Чынын айтсам, көз ачып жумганча көрдө жаткандай боло түштүм. Жан таттуу да, эптеп урандыдан суурулуп чыктым. Туруп айланамды карасам, учак кошунамдын үйүнө келип урунган экен, биз жакка эмнеси чачыраган белгисиз, айтор, биздин үй өрттөнүп атыптыр. Эсиме келгенче дагы «тарс» деген үн чыкты. Көрсө, үйдөгү газ жарылып мени толкун тепкен экен, кошунамдын үйүнүн үстүнө барып түшүп калыптырмын.

 

«Аялым менен уулум калган үй көз алдымда өрттөнүп жатты»

– Кайним жанында жаткан эки баламды алып чыгыптыр. Улуу баламды белинен ылдый басып калган экен, аны эптеп сууруп алса, андан кийинки уулум “көрүнбөйт” дейт. Дагы жакшы, жаздыктын учу чыгып калыптыр, ошондон улам кайда экенин боолголоп убагында куткарып калышыптыр. Кайнимдин колу күйүптүр, буту да аксап жүргөн. Улуу баламдын чачтары менен кулагы бир аз күйгөн экен. Эки баламдын тең баш мээлери чайкалыптыр. Келинчегим менен 5 жаштагы балам таптакыр эле басылып калышты, ураган үй болсо көз алдымда өрттөнүп жатты. Эч жардам кыла албадык. Сууну алысыраак жактан ташып иччүбүз. Ошондуктан отту өчүрүүгө мүмкүн болбоду. Мен нес болуп эмне кыларымды билбей далдырап эле жүрдүм. Эл «болду, барбагыла» деп жолотпой жатышты. Анан «эми аман калган балдарыңа кара, кеч болуп калды» дешкенде балдарымды алып шаарга кеттим. Келинчегим менен баламдын сөөгүн Кубат деген кайнагам өлүкканага алып кетиптир. Келинчегимдин эки балтыры күйүптүр. Ал баламды коргогонго аракет кылган окшойт, балам таза экен, апасынын алдында жаткан абалда чыгыптыр.

 

«Эртеңки күндү ойлогондон корком»

– Кочкорго барып келинчегим Мусакова Гүлжан менен баламды жерге берип келдик. Бир заматта жаныңдын жарымы болуп калган эки адамды бирдей жоготуу абдан оор экен. Азыркы абалымды түшүндүрө да албайм. Эртеңки күндү ойлогондон коркуп турам. Тирүүнүн жашоосу улана берет экен. Эми эки балам үчүн жашашым керек. Алар учурда 3-балдар ооруканасында жатышат. Мен болсо аза күтүп келип нейротравматологиялык ооруканага жаттым. Дагы деле ошол күн көз алдыма тартылып, ойлорум жыйналбай нес болуп турам. Кырсык болгондон бери Дача-Суу айылына бара элекмин. Мындан ары ал жакка жашоо ниетим жок. Кан төгүлгөн жерге кайрадан барып жашагым келбейт. Эми биздин үстүбүзгө үй берсе эле болду. Эки балам менен калган жашоону эптеп куруп кетербиз. Азыр бизде эч кандай документ жок. Балдарым менен болгон жактан куру жалак, жылаңач калдым десем болот. Акимчиликтен каза болгон жакындарыбызды көмгөнгө акча беришти. Банктан эсеп ачылганын уктум, эл колубузга да берип кетип атышат. 26-январь күнү президент Алмазбек Атамбаев менен жолуктук, президент бизге көп кабаттуу үйлөрдүн салынышы каралып жатканын айтты. Мурда абал сурашып, бири-бирибизге арка-жөлөк болгон кошуналар кайрадан чогулуп ынтымакта жашайбыз деген үмүтүм бар.

 

«Аялым балдарымдын жанынан чыккысы келбей калган»

– Азыр үй-бүлөм менен толук, бирге өткөн акыркы күндөрдү көп ойлоп жатам. Келинчегим акыркы эки күн жаткысы эле келип жаны жер тартып калган. 15-январь күнү тамак да жасагысы келген жок. “Бүгүн чай эле ичип жаткылачы”, - деп эрте жатып алган. Биз болсо телевизор көрүп түн ортосунда жатканбыз. Андан мурунку күнү түштө жумуштан келсем ботко жасаган экен, мага кашыктап жедирген эле. 17 жыл жашап андай болгон эмес, таңыркап: «Эмне болду?» - десем, «берсе болбойбу, менин колумдан жегиң келбейби?» - деген болчу. “Адам өлөрүндө өзгөрүп калат” деген чын окшойт, айтор, келинчегим башкача эле болуп калган. Андан мурдараак таежебиз каза болгон, куран окуткандан ары ата-энесиникине учурашканы барган. Бирок тез эле келип калды. «Бир-эки күн туруп келсең болмок», - десем, «балдарымдын жанында болоюн», - деп койгон, ошондо 13-январь болчу. Эгерде ал жакта жүрө турганда тирүү калмак беле деген ой келет. 38 гана жашта болчу, жапжаш кетти. Баламды эстесем жүрөгүм тилинет. Ойноп отурган элестери көз алдымда калды. “Биз бир бөлмөдө жатчубуз” дебедимби. Балам өзүнчө уктачу, бирок күн сайын таң атпай ойгонуп алып биздин койнубузга кирчү. Кырсык болгон күнү да бизди балабыз ойготкон. Эгер балам ойготпогондо мен да алар менен кетет белем, ким билет. “Бала - периште” деп бекер айтылбайт окшойт. Периштем...

 

Динара ЧОКОЕВА