Сүрөттө эмнени көрүп турасыз?

Адам өзүнүн кандай экендигин жакшыраак билүүсү үчүн бир нече психологиялык тесттер бар. Алардын бири – сүрөттө чагылдырылган нерсе аркылуу билүү. Төмөндө көрсөтүлгөн сүрөттөрдө эмне чагылдырылганына карап өзүңүз тууралуу жакындан билип алыңыз.

 

1) Кыз

2) Эки тыйын чычкан

3) Жылаңач эркек

Кыз

Жашооңузда жакшы гана нерселерди издейсиз. Кара сызыктарга көңүл бурбайсыз. Сиздин жашооңуз сүрөттөгү кыздын бетиндей жакшы нукта өтүүдө.

Эки тыйын чычкан

Жакынкы күндөрү жашооңуз кызыктуу окуяларга толот. Эс алууга, саякатка даяр туруңуз. Жума бою убактыңызды көчөдө өткөрүүгө аракет кылыңыз.

Жылаңач эркек

Бир нерсеге кылдат көңүл бурган адамсыз. Жадагалса майда-чүйдөсүнө чейин аңдап-сезесиз.

 

 

 

1) Ай

2) Ак бет

3) Кара бет

Ай

Көзүңүзгө биринчи эмне урунса, ошону гана көргөн адамсыз. Ар тараптуу караганга аракет кылсаңыз, көп жаңы нерселерди билесиз.

Ак бет

Элестетүүңүз мыкты өнүккөн. Анын натыйжасында жок нерсени да дал өзүндөй элестетесиз.

Кара бет

Башкаларга караганда көп нерсени билесиз. Кызыктуу жана таланттуу адамсыз.

 

 

1) Жарылуу

2) Эки кол

3) Дарак

Жарылуу

Кыйын жагдайлардан оңой чыгып кете аласыз. Кыялкеч адамсыз.

Эки кол

Логикаңыз мыкты. Чындыкты гана көрө аласыз.

Дарак

Кыраакы кишисиз. Маалыматты кунт коюп угасыз.

 

 

1) Машина

2) Дүрбү кармап турган киши

3) “А” тамгасы

Машина

Көңүл бурууңуз жакшы, бирок кээде чоң мааниге ээ майда деталдарга маани бербейсиз.

Дүрбү кармап турган киши

Бир нерсеге сыртынан гана баа бербестен, түбүнө чейин жакшылап анализдейсиз. Жыйынтыгында көздөгөнүңүзгө жетесиз.

“А” тамгасы

Сиз үчүн биринчи көзгө урунган нерсе гана маанилүү. Адамдын кандай экенин толук изилдеп чыгуу сиз үчүн кыйынчылыкты жаратат жана убакытты алат.

 

 

1) Ит

2) Мышык

3) Чычкан

Ит

Берилген, эр жүрөк адамдардын катарына киресиз. Ошондой эле достукка бекем адамсыз.

Мышык

Мышыктын образы – коопсуздуктун, ийгиликтин жана жумшактыктын символу. Каалоолоруңуз аткарылган жолдуу адамсыз. Мыкты коргоочуга да ээсиз.

Чычкан

Зирек, тапкыч, бирок ошол эле убакта алсыз адамсыз. Ак чычкан – өзгөчө жагымдуу символ.

 

 

1) Нота

2) Эшик

3) Жарык

Нота

Гармониялуу адамсыз. Сиздин жашооңуз музыкалык чыгарма сыяктуу. Өз жашооңузду кандай түзүүнү жакшы билесиз. Ушул калыбыңыздан жазбаңыз.

Эшик

Китеп сыяктуусуз. Башкаларга билбеген нерсесин үйрөтө аласыз. Адамдарды туура жолго салууга да жөндөмдүүсүз. Болгону алар менен жакын мамиледе болушуңуз керек.

Жарык

Жарык жашоону билдирет. Күн сыяктуу укмуштуудай адамсыз. Адамдарга бакыт жана сүйүү тартуулайсыз. Башкалардын сүймөнчүлүгүнө оңой эле ээ болосуз.

 

 

1) Бет

2) Үйлөр

3) Сүрөтчү

4) Таш

5) Бак-дарак

Бет

Эске тутууңуз мыкты өнүккөн. Өзүңүзгө керектүү маалыматтарды жакшы эстеп каласыз. Ошондой эле көргөн адамыңыз да сканерден өткөндөй эсиңизде калат. Башкалардын ниетин да окуй аласыз.

Үйлөр

Жылуулукту, ыңгайлуулукту, колдоону, бирөөнүн сизге кам көрүүсүн сүйгөн адамсыз. Ошондой эле конок күткөндү, досторуңуз менен жагымдуу маанайда убакыт өткөргөндү жактырасыз. Ар дайым компанияны шаңга бөлөйсүз.

Сүрөтчү

Чыгармачыл адамсыз. Бардык нерсени жандууга айланткыңыз келет. Оюңузда эмне болсо, баарын сыртка чыгара аласыз. Элестетүүңүз – сиздин куралыңыз.

Таш

Бир түрдүү жана ишенимдүү адамсыз. Дайыма бир калыпта жүрөсүз. Бирок кээде ачылып да кетесиз. Жашооңуз салют сыяктуу, тынч өтүп атып эле заматта өзгөрүү боло калат.

Бак-дарак

Ар дайым өнүгүүнүн үстүндөсүз. Сиздин акыл-эс, чыгармачылык жана физикалык жөндөмдүүлүгүңүз жогорулап турат. Эч качан бир орунда турбайсыз, дайым ийгиликке жетүүнү көздөйсүз.

 

 

1) Кара тамчы

2) Өсүмдүк

3) Манжалар

Кара тамчы

Сизди бардыгы жакшы көрөт. Эгер кайсы бир отурушта болбой калсаңыз, дароо жоктугуңуз билинет. Анткени компанияны шаңга бөлөйсүз. Бардыгы үчүн эң мыкты доссуз. Эң жакын адамындай кабыл алышат.

Өсүмдүк

Өсүмдүк сыяктуу өсүп турасыз. Мындай өнүгүү сизди дагы да мыкты кылат. Ырахаттанып жашайсыз. План менен гана иш кыласыз. Эмнени каалаганыңызды жакшы билесиз.

Манжалар

Көпчүлүк үчүн көрсөткүч сыяктуусуз. Ар дайым башкаларга кеңеш бересиз, алардан жардамыңызды аябайсыз. Ошондой эле идеалдуу психологсуз. Бирок кээде өзүңүз да колдоого муктаж болуп каласыз. Бул учурда сизге кеңеш бере ала турган, жардам берчү адамдар керек болот.

 

 

1) Бак-дарак

2) Жылаңач кыз

3) Суу

Бак-дарак

Ачык адамсыз. Бирок чечилбеген маселелер дайыма маанайыңызды бузат. Маселелериңизге сырттан көз салыңыз. Башкаларга кандай кеңеш берсеңиз, өзүңүзгө да ошондой кеңеш берип көрүңүз.

Жылаңач кыз

Активдүү жана демилгелүү адамсыз. Ушунуңуздан жазбаңыз. Сиз үчүн эң негизги кыйынчылык – баштаган иштин аягына чыгуу. Бирок канчалык көп тоскоолдуктарга кабылсаңыз, максатыңызга жетүүгө ошончолук жакындаганыңызды билиңиз.

Суу

Сиздин урааныңыз – “Канчалык жөнөкөй болсо, ошончолук жакшы”. Абалды жакшы жакка өзгөртүү үчүн артка кайтпайсыз. Сиз үчүн бир ишти кылбай өкүнгөндөн көрө кылып өкүнгөн жакшы.

 

Шаркан АБДУЛЛАЕВА