Белгилүүлөрдүн белгилүү күйөө балдары

Ата-бала, эне-кыз, ага-ини, эже-сиңди белгилүүлөр абдан көп. Көрсө, алардын арасында белгилүү кайната, кайнене менен белгилүү күйөө балдар да бар экен. Эмесе, таанышып алыңыз.

 

Ырчы Ырыскелди Осмонкуловдун күйөө баласы тамашоучу Азим Кунеев: «Кайнатам экөөбүз концерттерде жолугуп жүрчүбүз»

– 2014-жылы досумдун туулган күнүнө барып Айсулууну биринчи ирет көргөм. Экөөбүз ошол жактан таанышып, бат эле жылдызыбыз келишип кыз-жигит болдук. Арадан үч-төрт ай өткөндө ата-энеси тууралуу айтып калды. «Ырыскелди ырчы байкеби?» - десем, баш ийкеди. Ошондо гана анын кыргыз элине таанымал ырчы Ырыскелди Осмонкуловдун кызы экенин билгем. Кайнатам экөөбүз мурда концерттерде жолугуп, тааныш болуп жүргөнбүз. Ата-энелер той тууралуу сүйлөшкөнү жолукканда күйөө баласы катары биринчи ирет көрүшкөм. Кайнатам - абдан жакшы адам, ага күйөө бала болгону жакшы жагын эле көрүп, жакшылыктарда эле жолугуп келатам. Телефон чалып небересин сурап турат. Айсулууда чыгармачылыкка болгон кызыгуу жок. Байкеси экөө тең “менин атам - белгилүү инсан” деп төш какпайт, кызыгып сурагандардан жашырып коюшат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Актёр Марат Козукеевдин күйөө баласы тамашоучу Эмил Эсеналиев: «Азыр кайната-күйөө бала эмес, ата-баладайбыз»

– Келинчегим Айгерим экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн күндөрдүн биринде баракчасына атасынын сүрөтүн киргизип коюптур. Ошондо гана актёр Марат Козукеевдин кызы экенин билгем. Андан көп өтпөй кайнатам экөөбүз «Сюрприз» тасмасына чогуу катышып жакындан көрдүм. Айгеримдин колун сурап барганда жакындан тааныштык. Азыр кайната-күйөө бала эмес, ата-баладайбыз. Эки кызы эле бар да, мен уулундай болуп калдым. Кайнатам сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен абдан жумшак. Экөөбүздүн чыгармачылыкта азырынча тыгыз байланышыбыз жок, балким, келечекте чогуу бир чоң тасмага тартылаттырбыз. Кайнатам, чоң кайнатам, чоң кайненем, баары - таланттуу адамдар, бирок Айгерим чыгармачылыкка таптакыр кызыкпайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Музыкант Курмангазы Азыкбаевдин күйөө баласы комузчу Назбек Кенчинбаев: «Кайнатам - Нурайым экөөбүзгө жол көрсөтүп турган агайыбыз»

– Кайнатам Курмангазы Азыкбаев кыраакы киши эмеспи, Нурайым экөөбүздүн жакын мамилебизди биз айта электе эле билип коюптур. Бирок билмексен болуп жүрүптүр. Убакыт өтүп мамилебиз ачыкка чыкканда кайнатам жакшы пикирин, мени өзүнө окшоштурганын айтканда мен да кубандым. Өзү комузчуларды абдан жакшы көрөт. Комуздан баштап 23 аспапты колго жасаган чоң атам Кенчинбаев Орозобайды кыргыз эли бүт тааныйт. Чоң атам менен кайнатам абдан жакшы мамиледе. Ата-энелерибиз да бап келген. Кайнатам азыр Нурайым экөөбүзгө жол көрсөтүп турган агайыбыз десек да болот. Үйдө абдан жакшы ата, өтө камкор, күн сайын эртең менен телефон чалып абалыбызды сурап турат. Абдан чарбачыл адам, короосунун баары - бак-дарак, гүл. Мен барганда күйөө балалык кызматымды кылып кол кабыш кылам.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ырчы Чолпон Алсейитованын күйөө баласы ырчы Бек Исраилов: «Кайненем менен дуэт жаздыргам»

– 2011-жылы «Ысык-Көлдө кадыр түн» деген сынакка катыштым. Кайненем Чолпон Алсейитова конок катары барып ырдады. Келинчегим Айжаркын болсо сынакка катышкан эжесин коштоп барыптыр. Ал жерден баары менен таанышкам. Сынактын жыйынтыгында биринчи орунду алдым, жүрөгүмө да сүйүү келди. Көп өтпөй Айжаркын менен мамилем жакшы уланып кетти. Кайненемдин адамдык сапаттарын көрүп “Энесин көрүп кызын ал” дейт эмеспи, апасы жакшы, демек, кызы да жакшы” деген ойго келгем. Кайненем болсо ошондо эле мага: «Тарбияң жакшы бала экенсиң», - деген. Экөөбүз дуэт ырларды жаздырып, ал ырлар менен көп жакшылыктарда кызмат кылдык. Сахнада таланттуу ырчы болсо, үйдө мыкты ашпозчу, тамакты абдан даамдуу жасайт. Келинчегим Айжаркын болсо таланттуу, чыгармачылыгымды толук түшүнөт, менин продюсерим да, менеджерим да десем болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ырчы Алина Жетигенованын күйөө баласы бийчи Куба Джаныбеков: «Азеляны үйүнө узатып барып Алина Жетигенованын кызы экенин билдим»

– Азелди биринчи Мирбек Атабековдун «Элестетем» ырынын клибинен көргөм. Азелянын клипте бийлегенин көрүп эле жактырып, досторума: «Ушул кызды алам», - деп айткам. Ошол учурларда «Жаш Кыял» бий ансамблин жаңы аяктап жаткам, анан мени Чоро деген бала «Вlue mix» бий тобуна чакырып калды. Аталган бий тобу Азеля бийлеген "We'll Be" бий тобу менен дос экен. Адам кыялданса, ал жашоодо ишке ашат экен. Мен баягы клиптен көрүп жактырган кыз менен жакындан тааныштым. Башында “сүйлөшпөйм” деп жүрдү, бирок акырындап жүрөгүн багындырып алдым. Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө 2-3 жыл болгондо Азеляны үйүнө узатып барып Алина Жетигенованын кызы экенин билгем. Күтүлбөгөн жерден кайненем, кайнагам Азиз Жетигенов менен тааныштым. Азеля мага ырчынын кызы экенин ага чейин айткан эмес эле. Кайненем биринчи жолугушууда эле абдан жакшы кабыл алды. Азыр мени өз баласындай көрөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы диктор Мирзат Муканов: «Кайнатам дикторлордун арасынан мени жакшы көрчү экен»

– Кыз-жигит кезибизде Айзуурадан 3-4 жолу ата-энеси тууралуу сурасам, «ой, мындай эле адамдар, кийин билесиз да», - деп койгон. Өзү айткысы келбегенден улам мен да уялып такып сураган эмесмин. Бара-бара ишеничине кирдимби же анда да жактыруу сезими пайда болдубу, айтор, WhatsAppтан «ата-энем менен түшкөн сүрөтүм» деп кичинекей кезинде атасы, апасы болуп түшкөн сүрөтүн салып жибериптир. Атасы көзүмө тааныш учураганынан: «Атаң журналистика тармагында иштейби, бир жерден көргөндөй болуп атам?» - десем, күлүп койду. Үйдө досум экөөбүз отурганбыз, ага: «Атасын бир жерден көргөндөй болуп атам», - десем, досум көрүп: «Эй, бул Элмирбек Иманалиев да», - дейт. Абдан таң калдым. Айзууранын “ушундай белгилүү адамдардын кызымын” деп мактанбай, жашырып жүргөнү мага жакты. Атам менен мурда учурашып калчубуз, бирок сүйлөшүп көргөн эмесмин. Айзууранын айтуусунда “дикторлордун арасынан Мирзатты жакшы көрөм» деп калчу экен. Үйлөнөргө жакын расмий түрдө тааныштык, атам мени абдан жакшы кабыл алды. Азыр мамилебиз жакшы, мени күйөө бала катары абдан сыйлайт.

 

 

 

 

 

 

Динара ЧОКОЕВА