БАЛАҢЫЗДЫ ӨЗ АЛДЫНЧАЛУУЛУККА ҮЙРӨТҮҢҮЗ

Педагогдордун айтымында, эгер баланы кичинесинен өз алдынчалуулукка үйрөтсөк, анын инсан катары калыптануусунун пайдубалын түзгөн болобуз. Өз алдынча кийим кийгенди, тамактанганды эрте үйрөнгөн бала чоңойгондо өз алдынча чечим кабыл алууга, ар кандай жоопкерчиликти мойнуна алууга жөндөмдүү болот. Демек, ашканада болобу, же жуунуучу бөлмөдөбү, апасынын жумушуна аралашкан кичинекей жардамчынын аракеттерине тыюу салбоо керек.

 

Кийим кийүүнү үйрөтүү

– Баланын кийимдерин шкафтын ылдыйкы текчесине жайгаштырыңыз. Өзүнүн кийимдерине бою жете тургандай болсо, кийим тандоого кызыгуусу бат артат да, өз алдынча кийим кийүүгө аракет кыла баштайт.

– Боосу жок бут кийим, жакасы кененирээк футболка алып бериңиз. Шымы да куру жок, резинкасы менен болсун. Бул баланын сиздин жардамыңызсыз эле кийимдерин өзү кийип, чечүүсүнө жардам берет.

– Шкафка кийимдерин жыл мезгилине ылайык жайгаштырыңыз. Мисалы, кышкысын “кийимиңди кий, эшикке чыгабыз” дегенде футболкасын эмес, жылуу свитерин кийгидей болсун.

– Ваннага кир кийимдер үчүн атайын себет орнотуп, балаңызга жуулуучу кийимдерди кайсы жакка коюусун көрсөтүп коюңуз.

– Балаңызга ылайыктап чоң күзгү илип коюңуз. Анын жанына тарак, эгер кызыңыз болсо, ар кандай аксессуарларды коюп коюңуз.

 

Жуунууну үйрөтүү

– Жуунуучу бөлмөдө кранга баланын бою жетиши үчүн кичинекей стул болушу керек. Крандын жанында балдар самыны, тиш пастасы, щётка болуп, сүлгү да ылдыйыраак илинип турсун.

– Балаңыз менен чогуу тиш жууңуз. Сиздин кыймылды көрүп кайталап өз алдынча тиш жууганды үйрөнөт.

– Көздү кычыштырбаган, аллергия кылбаган шампунь, самын колдонуңуз.

– Жуунтуруп жатканда колуна мочалка же самын карматып коюңуз. Сиз башка жерин жууп жатканда ал бутун жууй берсин.

 

Тамактанууга үйрөтүү

– Ашканада баланын идиш-аяктары сакталуучу текче орнотуңуз. Ал жерде дайым идиште таза суу жана салфетка, текчени аарчып туруу үчүн чүпүрөк турсун. Бала тамак жегиси келсе, же суусаса сизге кайрылып отурбайт.

– Көпчүлүк энелер идишти сындырып коёт деп балага пластика идишке тамак салып берип ката кетиришет. Айнек, керамика идиштерди колдонуңуз. Муну менен бала чыны, тарелка, стакандар морт экенин билип жана аларга этиет мамиле кылууну үйрөнөт. Болгону балага идиштерди этиеттеп көтөрүүнү, столго акырын коюуну үйрөтүп коюңуз.

– Балага спагетти, лагман эмес, ботко, пюре сыяктуу өзү кыйынчылыксыз жей ала турган тамактарды жасап бериңиз. Ошондой эле жашылча-жемиштерди кичине кесимдерге бөлүп коюңуз.

– Баланын өз алдынча тамак жешине экинчи кашык жардам берет. Ага тамак берип жатканда колуна кашык карматып коюңуз. Сиз бергенден тышкары өзү да тамак жей берсин.

– Балдар тамак даярдоого катышканды жакшы көрүшөт. Ашканада тамак жасап жатып балаңызга банан аарчыганды, коопсуз бычак менен нан, жашылчаларды кескенди, камыр жууруганды жана башка майда иштерди буюруңуз.

 

Уктоону үйрөтүү

– Ар дайым кечкисин бир графикти кайталоо (кечки тамакты ичүү, жуунуу, жомок окуп берүү) менен баланы өз алдынча уктоого үйрөтсө болот.

– Бала колдо, ата-энесинин керебетинде, же башка бир жерде уктап калбаш керек. Уктаганга чейин керебетине жаткырыңыз. Ошондо баланын уйкусу бузулбай жакшы уктайт.

– Күндүзгү уйку абдан маанилүү, бирок кечкиге караганда күндүз баланы уктатуу бир топ татаал. Ошондуктан күндүн биринчи жарымында бала активдүү кыймылдап, ойноп чарчашы керек.

– Уктатуу үчүн упчу, оюнчуктарды колдонуунун кажети жок. Мында, тескерисинче, бала аларга алаксып уктабайт.

 

Горшокко үйрөтүү

– Баланы өз алдынча “ишин кылууга” бир жумалыгынан баштап үйрөтүү керек. Бул убакта баланы тоспой, такма жалаяк кийгизип туура эмес кылабыз. Анткени такма жалаякка көнгөн баланы кийин горшокко үйрөтүү кыйын болот.

– Горшокко 7-8 айынан баштап үйрөткөн туура. Бул убакта бала жакшы отуруп калган болот. Ошондой эле жылдын жылуу мезгилинде үйрөткөн туура.

– Горшокту жашырып койбой, балага көрүнө турган жерге коюу керек.

– Шымын чечкенди үйрөтүңүз да, кийинчерээк өзү чечип, өзү горшокко отуруусун айтыңыз. Анан ага оңой чечинүүсү үчүн азыраак кийим кийгизиңиз.

– Горшокко баланы ал уйкудан турганда, тамактангандан кийин, сейилдөөнүн астында жана андан кийин отургузуу керек.

– “Ишин кылып” бүткөндөн кийин балаңызды мактап коюңуз.

 

 

– Эгер бала каалабаса, аны мажбурлап горшокко отургузбаңыз.

 

Шаркан АБДУЛЛАЕВА