Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Түйүлдүктүн абалы

Эсептесеңиз, айызыңыздын кечиккенине 3, кош бойлуулук эсебиңизге 5 жума болду. Бул медицинадагы акушердик ыкма менен 7 жуманы түзөт. Курсагыңыздагы кичинекей түйүлдүк азыр сырткы көрүнүшү менен кадимки адам калыбын элестетет. Бирок нерв системалары азырынча толук жарамдуулукка жете элек. Ал эми ички органдары акырындык менен калыптанып жакында кызмат баштоого даярданууда. Мээнин өөрчүүсү башталгандыктан ушул жумадан баштап баланын башынын көлөмү укмуштай тездикте өсөт. Ага катар көрүү органы да калыптануу жолунда. Колдору буттарынан эрте өскөнү менен манжалары али билине элек. Жуманын аякташы менен көлөмү улам кичирейип, кыскарып бараткан куйрукча биротоло жок болот.

 

Эненин абалы

Гормондордун өзгөрүүсүнүн айынан бул жумада аялдын жумушка болгон жөндөмү төмөндөп, эс алууну самайт. Мындай шартта аял организми талап кылган нерселерди аткарып, каалоосун канааттандырганы туура. Деги эле адамдын организми ага кайсы маалда эмне керектигин эң мыкты сезип, билдире алат. Андыктан табит тартпаган нерселерди кыйнап жегенден көрө жактырган азыктарыңызды ченем менен кабыл алганыңыз туура. Учурда жатын жумуртканын көлөмүндөй. Андыктан азырынча курсагыңыздан кош бойлуу экениңизди билүүгө мүмкүн эмес. Кош бойлуулуктун алгачкы айында мусулман айымдар өзгөчө эске ала турган бир жагдай бар. Бала 16 жумасынан баштап кыймылга келери белгилүү. Бул исламда “адамга жан түйүлдүккө 4 ай болгондо салынат” деп түшүндүрүлөт. Дал ушул мөөнөткө чейин аял болочоктогу баласына энелик жүрөгү менен каалаган тагдырды сурап алууга мүмкүн экени хадисте айтылган. Ал мындай баяндалат: түйүлдүк эненин курсагына түшкөндө периштелер Кудайдан “пендеңе кандай тагдыр жазалы?” деп сурап, “энесин тыңшагыла. Энеси сураганды жазгыла” деген жооп алышат”. Андыктан эне ушул жумадан баштап баласы үчүн мүмкүн болушунча жакшы тилектерди көп айтып калуусу керек.

 

Гүлайым Калыбекова