Жашаруунун жаңы ыкмалары

Жаш жана сулуу болууну кыялданбаган аялзаты жок болсо керек. Бул саныбызда айымдарды дал ушул кыялына жеткирчү заманбап ыкмаларды сунуштайбыз. Алар тууралуу белгилүү косметолог Жаркын Атаканова айтып берет

 

Мезотерапия. Кеңири тараган жашартуучу ыкмалардын бири. Бул ыкмада өтө ичке ийне аркылуу витамин, минерал, экстраттык чөптөрдөн жана азыктандыруучу каражаттан турган суюктук бет терисине сайылат. Жыйынтыгында беттин өңү жакшырып, тери жылмакай болуп нурданат. Жүзүңүздөгү көйгөйгө жараша канча курс мезотерапия аласыз, аны дарыгер-косметолог аныктап берет.

Баасы:1 курс үчүн 2,5 миң сомдон өйдө.

 

Биоревитализациялоо. Активдүү заттардын жана гиалурон кычкылынын бет терисине ийненин жамдамында киргизилүүсү. Термин бизче “табигый тирилтүү, жандандыруу” дегенди билдирет. Ошол эле бырыш, ар кандай жарааттардан калган тырыктардан арылууда, тактарды кетирүүдө пайдасы зор. Бирок бул ыкманы жашы 35тен өтүп, теринин нымдуулугу аз бөлүнүп чыккан убакта гана колдонсо болот. Анткени курамындагы заттар абдан күчтүү. Адатта биоревитализациялоо айына бир жолудан тыныгуу менен 3-5 курс жасалат. Аталган ыкма олуттуу ийне саюу болгондуктан тынбай дарыгердин көзөмөлүндө болуу керек.

 

Пилинг. Беттин биринчи катмары, тагыраагы, эпидермисти сыйруу болуп эсептелет. Эч кандай ийне колдонулбайт. Алгач бетке 3-4 катмар болгон бир нече кислоталардын аралашмасы сүйкөлөт. Анан бир нече убакыттан кийин күйүү процесси жүрүп, тери жаңыланат. Демек, пилингдин жардамында бетти жашартып, тазалоого жана ар кандай майда, мимикалык бырыштардан арылтууга болот. Ошондой эле бул ыкма беттин ачык, тунук, таза, ак болуп көрүнүшүн шарттайт.

Пилинг үстүңкү, ортоңку, терең катмарларга жасалат. Аталган процедураны кылганда бет сөзсүз түлөп, күйгөн тери бир жуманын ичинде сыйрылып түшөт. Пилингден кийин күнгө чыгууга болбойт жана аны үй шартында жасоого тыюу салынат. Ал эми бүгүнкү күндө пилингдин бир канча түрлөрү бар.

Баасы: түрүнө жараша 1000 сомдон жогору.

 

Плазмотерапия. Косметологиядагы жаңы ыкмалардын бири болуп саналат. Анда адамдын өзүнөн кан алынат. Андан башка эч кандай биологиялык же химиялык каражаттар кошулбайт. Ошондуктан табигый жашаруу деп да атаса болот. Ал кан атайын жол менен иштетилип тазалангандан кийин ийне аркылуу кайра бет терисине сайылат. Иштетилген кан өз таасирин берип адам жашара баштайт. Бул ыкма жашартуудан тышкары чач түшпөөсү үчүн да колдонулат. Плазмотерапия бир жылга чейин өз таасирин жоготпойт.

Баасы: 4 миң сомдон жогору.

 

Контурдук пластика. Бырыштын ордун атайын гелдер менен толтуруучу ыкма. Мында беттин ортоңку катмарына чейин ийне аркылуу сайылат. Бул ыкма бетти жашартпайт, болгону бырыштын орду толтурулуп билинбей калат. Анын жардамы менен ошондой эле эринди чоңойтсо, беттин, мурундун формасын өзгөртүүгө да болот.

Баасы: 9 миң сомдон башталат.

 

Тредлифтинг (мезонити). Адамдын жашы өткөн сайын бети ылдый көздөй салаңдап калат. Аны косметологияда атайын медициналык жол менен иштетилип чыккан ичке жип менен мурдагы ордуна көтөрөт. Ал жип хирургиялык бычаксыз эле теринин алдына киргизилип коюлат да, 5-6 айдан кийин өзү жок болуп кетет. Дароо эле натыйжасы билинип, эң көп дегенде 2-3 жылга чейин таасирин жоготпойт. Жиптин аз же көп колдонулушу кардардын бетинин терисине, бырыштарынын санына жараша болот.

Баасы: бир жип 600 сом.

 

Ботулинотерапия. Ичке ийненин жардамы менен нерв, булчуңдардын байланышкан жерине сайылып, аларды убактылуу блокировкалап коёт. Бирок нервди да, булчуңду да жабыркатпайт. Нерв иштебеген соң ар кандай эмоция жасаган учурда бетте эч кандай бырыш пайда болбойт. 5-6 айдан кийин булчуң нервдери кайра калыбына келе баштайт.

Баасы: 5 миң сомдон жогору.

 

Жогорудагы ыкмалардын бардыгы:

– Кош бойлуу айымдарга

– Бала эмизгендерге

– Тери оорулары менен жабыркагандарга

– Онкология, кант диабети, өнөкөт оорулары, аллергиясы барларга сунушталбайт.

 

 

Үй шартында жасалуучу жашартуучу маскалар

 

Жумуртка менен бал кошулмасынан маска (кургак тери үчүн)

Бир жумуртканын сарысы менен 1 чай кашык балга бир чоң кашыкта талкан кошобуз. Бул масканы жүзүбүздө 15 мүнөт кармап, андан соң кайнатылган муздак суу менен жууп салабыз.

 

Банан маскасы (кургак тери үчүн)

Банандын жарымын аарчып, майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, жумуртканын сарысы, бир чоң кашык айран жана 2 чай кашык бал менен аралаштырабыз. Бул аралашманы 20-25 мүнөт кармоо зарыл.

 

Алма маскасы (майлуу тери үчүн)

Жашыл алмадан эки кашык пюре даярдап, ага бир чоң кашык зайтун майын кошобуз. Бул масканы бетте жарым саат кармаган соң алгач жылуу суу менен, андан кийин муздак суу менен жууп салабыз. Алмадан тышкары банан, кулпунай, малина, авокадо ж. б. азыктардан да үй шартында маска жасасаңыз, жыйынтыгы сизди кубандырбай койбойт.

 

Ромашка маскасы (майлуу жана көйгөйлүү тери үчүн)

Дарыканада сатылуучу кургатылган ромашка гүлүн сууга чылап, ширесин алабыз. Таза, жумшак сүлгүнү ширеге малып бетке 3 жолу аралыгын 5 мүнөттөн кылып жабабыз. Бул масканы жумасына 2-3 жолудан 1 ай жасоо сунушталат.

 

Зайтун майы

Көздүн айланасына түшкөн бырыштардан арылуу үчүн элдик медицинада зайтун майы кеңири колдонулат. Аны күн сайын жатардан 10 мүнөт мурда көздүн астына сүйкөп туруу керек.

 

Алоэ ширеси

Алоэнин ширесин сыгып алып көздүн астына сыйпоо менен бырыштын алдын алууга болот. Муну жумасына 2-3 жолу 10 мүнөттөн жасаңыз, натыйжасын берет.

 

Айназик Раимкулова