Чет өлкөдөн акысыз билим алгыңыз келеби?

Программалар, алардын талаптары, шарттары

Чет өлкөдөн жогорку сапаттагы билим алууну каалагандар үчүн учурда көптөгөн стипендиялык программалар түзүлгөн. Таланттуу, жигердүү, бирок мүмкүнчүлүгү болбогон студенттерге бул сонун жол. Ошол программалардын негизгилери тууралуу кенен маалымат беребиз.

 

Түркия мамлекетинин “Turkiye Bursları” программасы

Бул программа аркылуу Түркиядагы мамлекеттик ЖОЖдордо бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча билим алууга болот. Абитуриенттин түрк тилин билүүсү шарт эмес.

Мүмкүнчүлүктөрү:

Бекер окуу, жатакана

Камсыздандыруу

Авиабилеттер программа тарабынан төлөнөт

Ай сайын төлөнүүчү стипендия: бакалавр – 200 $, магистрдин даражасы – 300 $, докторлук даражасы – 400 $, илим изилдөө – 1000 $.

Талаптары:

Бакалаврга тапшыруу үчүн талапкер орто мектепти, ал эми магистрге тапшыруу үчүн жогорку окуу жайын бүткөн болушу керек.

Ден соолугу жагынан эч кандай тоскоолдук болбосу шарт.

Окуудагы жетишкендиктери жогору болушу керек.

Тандоо:

Баалоо эки этап менен жүргүзүлөт.Биринчи этапта керектүү документтерди интернет аркылуу тапшыруу керек. Экинчи этапта Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинде маектешүүдөн өтүү зарыл.

Катталуу www.turkiyebursları.gov.tr сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Аталган программа боюнча учурда Түркияда окуп жаткан Аман Сейдакматов: «Жетиштүү билим алган соң сөзсүз Кыргызстанга кайтам»

– Мен Бишкек шаарындагы №69 мектеп- гимназиясын бүтүргөм. Учурда Түркиянын Эскишехир шаарындагы Анадолу университетинин экономика факультетинин 3-курсунун студентимин. 2012-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетине тапшырып, даярдоо курсунда түркчө үйрөнүп жатканда мугалимдерден программа жөнүндө угуп тапшырып калдым. 2-турга өткөндүгүм тууралуу кат электрондук дарегиме келген экен, бирок маалыматты кеч окуп калыптырмын. Элчиликке барсам маектешүү бүтүп калыптыр. Дароо администрацияга байланышып абалды түшүндүрсөм, маектешүүнү интернет аркылуу жүргүзүштү. Анда суроолор жөнөкөй эле болгон, көбүнчө өзүм жөнүндө сурашкан. Биздин университетте Жакынкы Чыгыштан, Орто Азиядан, Африкадан келген студенттер көп. Алардын баары менен достошуп, жакшы мамиледебиз. Окууну бүткөндөн кийин магистратурага тапшырууну пландап жатам. Жетиштүү билимге ээ болгон соң сөзсүз Кыргызстанга кайтам.

 

Түштүк Корея мамлекетинин стипендиялык программасы

Түштүк Кореянын программаларынын айрымдары окууну толук түрдө төлөп берсе, кээ бирлери арзандатуу түзүп берет. Төмөнкү программа -Түштүк Корея мамлекетинин стипендиялык программаларынын бири.

Мүмкүнчүлүктөрү:

Бекер окуу

Авиабилеттер программа тарабынан төлөнөт

Камсыздандыруу

Ай сайын төлөнүүчү стипендия: бакалавр - 670 $, магистратура - 760 $

Тил үйрөнүү курсу дагы программа тарабынан төлөнөт.

Талаптары:

Ден соолугу чың болушу шарт

Бакалаврга тапшыруу үчүн орто мектепти аяктаган, жашы 25тен ашпаган, магистратурага тапшыруу үчүн бакалавр даражасына ээ, жашы 40тан ашпашы керек

Академиялык жетишкендиги жогору болушу зарыл.

Тандоо:

Биринчи этапта зарыл документтерди тапшыруу керек . 3 айдын ичинде жыйынтык чыгып, талапкерлер тандоо турларына жана маектешүүгө чакырылат.

Катталуу жана кошумча маалыматтар www.studyinkorea.go.kr сайтында.

Түштүк Корея мамлекетинин стипендиялык программасы боюнча билим алып жаткан
Мээрим Бактыбекова: “Корей эли биз сыяктуу жөнөкөй, меймандос келишет”

– Кыргыз-түрк “Манас” университетинин англис-кыргыз тилинин синхрондук котормо бөлүмүндө окуп жүргөн кезимде корей тилине кызыгуу пайда болуп тил үйрөтүүчү курска жазылгам. Ал жактан программа жөнүндө угуп тапшырууну чечтим. Азыр Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Ханкук чет элдик изилдөөлөр университетинде эл аралык өнүгүү багыты боюнча билим алып жатам. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт, корей тилинде өтүлүүчү сабактар да бар. Канададан, Египеттен, АКШдан, Португалиядан, Бразилиядан келген профессорлордон сабак алабыз. Мени Көбүнчө корейлерге окшоштурушат. Негизинен корей эли биз сыяктуу жөнөкөй, меймандос, ачык-айрым келишет. Ошондуктан булардын жашоо шартына оңой эле көнүп кеттим.

 

Кытай Эл Республикасынын “Конфуций” стипендиялык программасы

Мүмкүнчүлүктөрү:

Бекер окуу, жатакана

Авиабилеттер программа тарабынан төлөнөт

Медициналык камсыздандыруу

Ай сайын төлөнүүчү стипендия: бакалавр - 420 $, магистратура - 500 $.

Талаптары:

Ден соолугу чың болушу шарт

Бакалаврга тапшыруу үчүн орто мектепти аяктаган, жашы 20дан ашпашы керек, магистратурага тапшыруу үчүн бакалавр даражасына ээ, жашы 45тен ашпашы керек

Академиялык жетишкендиги жогору болушу керек. HSK (кытай тили боюнча билимин тастыктаган документ) сертификатынын даражасы 5тен кем эмес, бакалавр үчүн 3төн кем эмес болушу шарт.

Тандоо:

Бул программа аркылуу окууну каалагандар cis.chinese.cn сайтына кирип атайын форманы толтуруу керек. Ал формага тиркелген тиешелүү документтер текшерилип, ЖОЖдорго жөнөтүлөт. Жыйынтыгында бардык талаптарга жооп берген катышуучулар университеттер тарабынан тандалып алынат.

“Конфуций” Кытай Эл Республикасынын стипендиялык программасы боюнча билим алып жаткан Алтынай Абирова: “Кытайдын айланма жолдорунда көп адаштым”

– Мен учурда Шанхай шаарындагы “Шанхай” чет тилдер университетинде магистр даражасында окуп жатам. Бул жактан көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Мисалы, биздин тайпада 18 мамлекеттен келген 38 студент окуйт. Алардын ар бири менен достошуп, маданияты, өлкөсү тууралуу маалымат алдым. Көпчүлүгү кытай тамактары десе эле курт-кумурсканы элестетишет. Бирок биз жеп жүргөн эт, сүт, нан бул жакта деле бар. Кытайдын жолдору параллелдүү эмес, айланма болгондуктан көп адаштым. Бир жолу бир эле жерди 3 саат айланып жүрө бериптирбиз. Алдыда ушул эле "Конфуций" программасынын Кыргызстандагы бөлүмүндө ыктыярчы болууну пландап жатам. Ал үчүн сынак тапшыруу керек. Сынактан өтүп калсам, буюрса, жумушум даяр болот.

 

 

Окуучулар үчүн “Flex” алмашуу программасы

Аталган программа аркылуу мектептин жогорку классынын окуучулары АКШга барып бир жыл окуп келе алышат. 1992-жылдан бери жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн алкагында жүргүзүлүп келет.

Мүмкүнчүлүктөрү:

АКШнын мектептеринин биринде бекер окуу

Кабыл алуучу үй-бүлөдө бекер жашоо

Бардык чыгымдар программа тарабынан жабылат

Ай сайын төлөнүүчү стипендия (120$)

Талаптары:

9-10- же 11- класстын окуучулары катыша алышат

Окуудагы жетишкендиги жакшы же эң жакшы болушу шарт

Англис тилин билүүсү керек

Ден соолугу программанын талаптарына жооп берерин далилдөөчү медициналык документ болушу зарыл

Тандоо:

Сынактын катышуучулары 3 этаптан өтүшөт:

1-тур - 10 суроодон турган англис тилинен тест жүргүзүлөт.

2-тур - оор жана узак. 2 сааттын ичинде окуп түшүнүү, угуп түшүнүү жана жазуу боюнча тесттер жүргүзүлөт. Анын ичинде англис тилинде 3 дилбаян жазылат.

3-тур- катышуучулар менен маектешүү. Маектешүүдө катышуучуларга психологиялык суроолор берилет, 2 эссе жазылат жана анкета толтурулат.

Кошумча маалымат americancouncils.kg сайтында.

“Flex” программасы боюнча АКШда билим алып келген Акбермет Азизова: “АКШда бир жыл окуп жашоого болгон көз карашым өзгөрдү”

– Мен Ысык-Кол облусундагы “Тамчы” мектеп-гимназиясын бүтүргөм. Мектепте “Flex” программасынын тести башталганда мугалимдер бизди жөнөтүп турушчу. 9-классымда тапшырып өтпөй калып, 10-классымда кайра тапшырып өтүп АКШнын Огайо штатындагы Хаббард шаарында бир жыл окуп келгем. Тандоо турлары аябай оор, атаандаштык күчтүү болот. Мен тапшырган жылы 3 миң окуучудан 65и гана финалга өткөн. Негизги критерий англис тили эмес, талапкердин лидерлик сапаты, башка коомдо жашап кете алары, билимге болгон ынтызарлыгы болуп саналат. Мен үчүн англис тилин практикада колдонуу кыйын болду. Алар аябай бат, анан мен үчүн түшүнүксүз сүйлөшчү. Бир-эки ай кыйналдым. Мен барган үй-бүлөнүн кожоюну менен кожойкеси мага америкалык апа, ата болуп калды. Мен сыяктуу келген филиппиндик кыз экөөбүз бир үй-бүлөдө чогуу жашап, чогуу окудук. АКШдагы мектептердин окуу системасы таптакыр башка. Сабактарды өзүн тандайсың. Бул программага барып келгенден кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Эң негизгиси ар бир ишти тоскоолдуктарга карабай жасай аларыма ишенип калдым.

 

Ырысбү Кылычбек кызы