Гүлзина: “ДҮЙНӨДӨ ЖАКШЫ АДАМДАР БАР ЭКЕН”

Ар бир күнүн ый менен баштап, муң менен аяктап жашап келген Гүлзина айым эки жыл мурун гезитибизге армандуу жашоосун айтып, ыйлап отуруп маек курган эле. Ал эми азыркы маалда ал жаңы үйгө ээ, өз үйүндө кожойке. Замандашыбыз бул жолу жашоосунун жакшырышына жакындан жардам көрсөткөн инсандарга ыраазычылыгын айтуу максатында маек берип отурат. Кеп башынан болсун.

 

“Майып элем, кызым да майыптардын катарына кошулду”

– Апам он беш бала төрөп, алардын он бири аман калган экен. Балдардын кенжеси болгондуктан атам менен апамдын эркеси болуп чоңойдум. Эрке болушума тубаса баш оору менен төрөлгөнүм да себеп болгон окшойт. Мектепти аяктаган соң шаарга келип заводдо иштеп, жолдошумду таптым. Жашообуз эл катарында башталып, Айжамал аттуу кыздуу болдук. Кызыбыз тубаса аз кандуулук менен төрөлгөндүктөн тез-тезден гемоглобини түшүп кетет. Кичинесинен ооруканадан башыбыз чыкпай жүрүп акыры экинчи топтогу майыпка айланды. Өзүм майып элем, ал аз келгенсип эми кызым да майыптардын катарына кошулду. Тапканыбызды ижара акысына төлөп, акчабыз тамак-аштан артпай жүргөн күндөрдүн биринде жолдошум айыл өкмөтүндө жардамга муктаждарга үй берилерин угуп келиптир.

 

“Дартыма дагы бир дарт кошулду”

– Кызыбызды көтөрүп алып айыл өкмөтүнө барсак, чын эле үй беришти. Жоктон көрө жогору, ижарада жашагандан көрө өз үйүбүз болот деп кубанып көчүп келдик. Кызыбыз торолуп, тили чыгып калганда жолдошума кол кабыш кылайын деп мен да иштөө үчүн жол боюна стол коюп нан, тамеки сата баштадым. Кызымды дайыма жаныма алып алчумун. Жол четинде соода кылып жүргөн күндөрдүн биринде мен алаксып калган маалда кызым унаа өткөн чоң жолго чыга калыптыр. Айдоочу кызымды сүзүп алуудан буйтап унааны бура салып мени коюп кетти. Башым менен куладым. Ошонун кесепети го, кийинчерээк көзүм кылый болуп жакшы көрбөй калды. Тубаса майыптыгыма дагы бир майыптыгым кошулуп биротоло жумушка жараксыз болуп үйдө отуруп калдым. Жолдошум колунан келген кара жумуштарда иштеп бизди ачка калтырбай багып жүрдү.

 

“Бир туугандарым түшүнбөгөн мени Темир Сариев түшүндү”

– Үйүбүз БЧКнын жанында жайгашканга от жаксак эле дубалы сууланып, топурагы көөп сыртка чыгып калат. Жайды-жайлай оңдоп-түзөйбүз, а кышта кайра эле баягы кейпине келип урап түшөт. Бир күнү бир бөлмөбүздүн чатыры урап түштү. Андан улам дубалы урап басып калбасын деп коркуп сыртка алачык тигип жашап калдык. Бул абалды түшүндүрүүгө Каныбек деген айыл өкмөтүн чакырдык. Ал үйдү сүрөткө тартып райондун акимине барган. Аким өзгөчө кырдаалдар кызматына кайрылыптыр. Алар келип текшерип “бул үй жараксыз, жаңы үй салыш керек” деп кетип калышкан. Бул арада силердин гезиттин кабарчысы келип жазып, сүрөткө тартып кетти. Ошондон кийин “Элим барсыңбы?” фонду азык-түлүк жагынан жардам кылып, үйүбүздү анча-мынча оңдоп-түзөп беришти. Бирок баягыдай кайра эле дубалы көгөрүп, көөп коркунучтуу абалда кала бердик. Мурун социалдык камсыздандырууда катталгандыктан Ысык-Атага ден соолукту калыптандырууга барып турабыз. Ал жакта жүргөнүбүздө Темир Сариев деген жакшы адам келип үйүбүздүн абалы менен таанышып кетиптир. Ал жанындагы Таалай деген кеңешчисиби же жардамчысыбы, айтор, бир адамын жөнөтүп бизге үй салып беришти. Күнү-түнү көз жаш төгүп ыйлаганым Кудайга жеткен окшойт. Жаңы үйгө көчүп киргениме, жашап жатканыма кээде ишене албай кетем. Түшүмбү деп таң калган сезимдер да болот. Көрсө, дүйнөдө жакшы адамдар бар экен. Темир Сариев бизге окшогондордун кайгы-муңун угуп, аларга колдоо көрсөтөт деген оюмда жок болчу. Анын бизге окшогон дагы 4 үй-бүлөгө жардам бергенин уктум. Ичимден мамлекетибиздин келечеги жакшы адамдын колунда экенине сыймыктандым. Чынын айтсам, бир туугандарым түшүнбөгөн мени Темир Сариев түшүндү.

 

“Жокчулуктун айынан бир туугандарым менен катышпай калгам”

– Бир туугандарым менен жакшы мамиледе эмес экенимдин себеби мындай: турмушка чыкканы алар каалагандай кошумча кошуп катыша алган жокмун. Ошол себептенби, мени жакшылыктарына чакырбай калышкан. Бара-бара алардан мамилем үзүлдү. Атам өлөр алдында менден кабар алайын деп балдарынын бирин жөнөтүптүр. Байкем жөн келип кетпей: “Эмне, чаң-тополоң салып жатасың? Дагы эле тирүү экенсиң го”, - деп маанайымды бузуп кетти. Анын сөзү мага аябай катуу тийди. Ал кеткенден кийин Жаратканга нааразы болуп: “Мени жараткандан кийин кор кылбасаң болбойт беле? Эмне үчүн дайым азап чегип келем?” - деп ыйлап жүрдүм. Ушундай күндөрдүн биринде атамдан, көп өтпөй апамдан ажырадым. Атам өлөр алдында балдарына: “Ынтымакта болгула, бири-бириңерди колдоп, катышып тургула”, - деп керээзин айткан экен. Аны улуу бир тууган эжем аткарып эркектер болбосо да кыздар катышалы деп кыздардын башын бириктирип чай ичишип калдык. Тилекке каршы, ал эжем эрте өтүп кетти. Анын көзү өткөн соң кайра эле мен четте калдым. Мен да алардын катарынан калбай катышып, алардын жакшылыктарына күбө болуп, жаңылыктарын уккум келет. Бирок мага кылган мамилесин эстегенде сүйлөшкүм келбейт. Анткени алар мени бир гана эл көзү үчүн өлүм-житимге чакырышат. Калп айтпасам, менден башка эң кедей дегенинин 200дөй кою бар. Эң улуу байкем бай, кол алдында 15 кызматкер жүрөт. Бирок мени колдоп, көтөрмөлөп кетмек турсун, менден баш тартып, абалымды түшүнүүгө жараган жок.

“Элдин эскисин кийип жашап келебиз”

– Алардан көңүлүм катуу калганга кызыма: “Көз жумсам бир туугандарыма кабар бербей эле көмүп койгула”, - деп айтып келем. Уялаштарымдын сыйына ээ болбой, майыптыгыбыздан элдин жардамына муктаж болуп, бирөөнүн көзүн карап калган жашоом үчүн азыр да ыйлайм. Өз алдынча иштеп элге окшоп колума айлык маяна алып кызымдын тилегин орундаткым келет. Дайыма элдин эскисин кийип жашап келебиз. Кызым: “Апа, жаңы кийим алып кийген сонун болсо керек ээ?” - деп жүрөгүмдү оорутат. Майыптыгыбыздан улам үчөөбүз тең оор жумуш кыла албайбыз. Бирок такыр эле башты салып отурган да жокмун. Кызым экөөбүз кийим тигүүчүлүк ийримге катышып төшөк тиккенди үйрөндүк. Бирок тикмечиликти өздөштүрүп, эми аны пайдаланып акча табайын десем, кездемем жок отурам. Кездеме болсо эле кыбыратып иш кыла берет элем...

 

Назира Ахмедова, Темир Сариевдин басма сөз катчысы: - 2015-жылы 24-сентябрь Айт намаз күнү болчу. Ошол күнү ал кездеги премьер-министр Темир Сариев жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө барып, аларга материалдык (азык-түлүк жана акчалай) жардам көрсөтүп жүргөн. Ошондо бул үй-бүлөнүн жашап жаткан үйүн көрүп эле Темир Аргембаевич: “Силерге өзүмдүн каражатымдан үй салып берем”, - деди. Чын эле ал үйдө жашоо мүмкүн болбой калган экен. Ичи нымдашып көк жыттанып кеткен, үстүнөн суу агат, асты болсо жерге чөгүп кеткен... Эртеси күндөн баштап ал үйгө курулуш материалдары жеткириле баштады. Ошентип, сентябрдын аягында башталган үй ноябрда бүтүп калды. Ал үйдү тургузуп гана койбостон, ар бир бөлмөсүнө зарыл болгон оокаттын баарын алып берген. Алар эски үйүндөгү буюмдарынын бирин дагы жаңы үйүнө киргизишкен жок. Биз жакында барып үй-бүлөнүн ал-акыбалы менен таанышып кайттык. Ыраазычылыктарын улам-улам айтып жетине албай турушту. Алар Темир Сариевди жакындан тааныбайт деле, Темир Аргембаевичтин да бул үй-бүлөгө тааныштыгы жок. Бирок эки жакты боорукердик, кайрымдуулук табыштырды.

 

Даткайым ДОСМАТОВА