Күмөндөр Абыловдун апасы Алтын апа: «Көзүм тирүүсүндө Күмөндөр үйүн бүтүрүп кирип алса болот эле»

Боорду эзген тамашалары менен турмуш чындыгын айтып жумурай журттун алкоосуна, сыйына татыган ак чач, ак мурутчан Күмөндөр Абылов кыргыз эли боюнча бир гана адамга али бала, али кичине бойдон. Биз улуу деген инсанга жаш баладай үйрүлгөн, албетте, куудулдун апасы. Жагымдуу келбети, жасалмасыз мүнөзү менен жакшы таасир калтырган куудулдун бала чагын апасы мындайча эскерет.

– Апа, Күмөндөр байкенин ара төрөлгөнү калың элге маалым эмеспи, эмне болуп айына жетпей төрөлүп калган?

– Абышкам экөөбүз 1957-жылы баш кошконбуз. Тун уулубуз Күмөндөр 1958-жылы төрөлдү. Өзүм арык, алсызыраак, үлбүрөк жан элем, ушулар ден соолугума таасир этти го, балам ара төрөлдү. Эң эле кичинекей болуп 1 килограмм 200 грамм салмакта эле. Он күн төрөт үйүндө жатып 1 килограмм 600 грамм болуп чыкканбыз. Баламдын колу, буту ичке, кашы жок эле. Абдан алсыз болгонго ыйлаганды деле билчү эмес, эмгенге да алы жок болчу. Анын кесепетинен эки жолу эмчегимден операция болдум. Август айында төрөлгөн, бала үшүп калбасын деп күндүн ысыктыгына карабай үйгө от жаккан элек. Кайненем эмчи-домчу, айылдагы аялдарды төрөткөн киши эле, Күмөндөрдү мештин түбүнө ороп-чулгап жаткырып, колу-бутуна грелка басып бапестеп бакты. Ал киши: «Кудай жан берсе, аман болор, үмүт кылып туралы», - деп атасынын армиядан кийип келген тумагына салып, тамдын бооруна мык кагып илип коюп ырым кыла берчү. Кудай балама аманчылык берип эки айга толгонунда гана ыйлаганы угулган.

– Күмөндөр деген ысымды ушундай акыбалына жараша койгонсуздар го?

– Бала болоруна үмүт артылганда 5-6 кой союп айылдын элин жентекке чакырдык. Ошондо гана ат коюуну ойлонушту. Кайненем: «Мукул жалгыз болгондуктан ага жолдош болсун деп Жолдошбек коём деп жүрдүм эле”, - деп калды. Коноктор Арабай, Күмөндөр деп ар кайсы атты айтышты. Ат талашып кыжы-кужу болуп атышып акыры районо болуп иштеген кишинин атынан Күмөндөр деп коюшту.

– Кичинесинде кандай бала эле?

– Кичинесинде көп ооруп бизди абдан кыйнады. Төрт жашка келгенче ооруканада эле жүрдүк. Алсыз немеден чочулап кусса деле доктурга алып жөнөчүбүз. Чоң апасынын жети баласы чарчап, бала токтобой жүрүп менин абышкам Мукул токтогон экен. Байкуш киши: «Мукулума жолдош болсо экен», - деп Күмөндөр үчүн көп ыйлап-сыктады. Ушинтип убара менен чоңойгону менен абдан кармаак, тентек болду. Басып баратып эле колу жеткендин баарын кармап өтчү. Мындан алсаң тигиге, тигинден алсаң буга жармашкан кармаактыгын апам экөөбүз көз албай карап отурчубуз. Эсимде, бир жаштан ашып калган кези эле. Самоорго чай кайнатып атсам жанымда жүргөн. Кичинекей кружкада самоордун отун тамызган күйүүчү май бар эле, мен үйгө кирип чыкканча аны ичип жибериптир. Жанына барсам оозу май жыттанат, апам: «Атасына айтпай эле кой», - деди. Экөөбүздүн сарсанаа болгонубузду айтпа, кечинде капкара кылып кускандан кийин тынчыдык. Тынчы жок болгондуктан көчөгө чыгып кетпесин деп эшикти ичинен илип турчубуз. Бир жолу мен сакмалда жүргөндө таякебиздин кызы экөө сабиз деп сабизге окшош уулуу чөп жеп алып ууланып калышыптыр. Келсем оозунун баары жара, ооруканадан жаңы чыгыптыр. 5-классында футбол ойноп атып бутун сындырды, айтор, бой жеткенче апам экөөбүзгө көрбөгөн кордуктун баарын көрсөткөн.

– Мектепке убагында эле бардыбы?

– Үйгө киши келгенде же тынч отурсун дегенде калем, кагаз берип койчубуз. Көмкөрөсүнөн жатып алып жазып ойной берчү. Ошентип жүрүп тамганы эрте тааныды. Баарыбыздын атыбызды жазчу. Апам: «Күмөндөрүм чоңойсо мектепке өзүм алып барам», - десе, баламды карап «бул чоңоюп окуганча качан» деп ойлочумун. Убакыт учуп бат эле чоңоюп, мектепке өз убагында барды. Бирок эки ай окугандан кийин абышкам Нарынга иштеп калып, ошол жакка көчүп Күмөндөр окубай калды. Кийинки жылы кайра айылга келип мектепке бердик. Жакшы окуп келип, 9-10-класс болгондо эле начарлап кетти. Аяй бергенибизден улам Күмөндөр улуу экенине карабай эрке, тентек болуп оор иш кылбай өстү.

– Таланты качан байкалды?

– Комуз черткенди атасынан үйрөнгөн. Кийин кыяк тартканды үйрөнүп алды. Мектепте өткөн кароо-сынактарга калбай катышчу. Чоң таятасы куудул, сөзмөр киши болчу, ошону тартканбы, куудулдугу бала кезинен эле бар. Биз «зөөкүр сүйлөп атат» деп койчубуз. Кийин армияга барып келип Нарын театрына иштеп куудул болуп кетти. Ошол жерден үй-бүлө курду, балалуу болду. Кийин жүрөгү ооруп калганда Бакыт: «Байке, Бишкектин абасы жакшы, бул жакка келиңиз», - деп чакырып борборго жашап калды. Шаарга келгени чоң сахнага чыгып элге таанылып кетти. Нарын театрында иштеп жүргөндө спектаклдерине келип турчубуз. Балдарыбыздын баары таланттуу, канда болсо эле балага өтөт турбайбы. Абышкам артисттерди жакшы көрчү, өзү да учурунда театрда иштегенге балдардын чыгармачыл тармакка ыктагандарына каршы болгон жок. Күйөөм апабыз «мен карыганда артист болом деп кетип каласыңбы?» дегенинен артист болбой калган. Бухгалтер, кассир, айылдык советтин жетекчиси болуп жүрүп, акырында койчу болду. Абышкам балдарынын талантына күбө болуп абдан кубанчу. Он жыл мурун 68 жашында каза болгон.

– Канча балага ата-эне болдуңуздар?

– Күмөндөрдөн кийин Жолдошбек деген уулдуу болдук. Ал балам абдан тың эле. Отуруп калган кезинде Күмөндөрдүн момпосуюн тартып алып, Күмөндөр ыйлап чалкасынан кетчү. Жакшынакай чоңоюп атып, сегиз ай болгондо чарчап калды. Андан кийинки уулум Таалайбек айылда турат. Кыздарымдын улуусу Гүлкайыр кулагы ооруп жүрүп, эки айга толгондо бешикте жатып чарчап калды. Андан кийин Күмөндөрдүн жолун жолдогон уулум Бакытты көрдүк. Анан удаа Теңизбек, Сыймык, Марсгүл, Азат, Тилекгүл, Канат төрөлдү. Бир балам боюмдан түшүп калган, ошону менен баары он эки балага ата-эне болдук.

– Элге таанылбаган балдарыңыз эмне менен алектенишет?

– Таалайбек уулум да театрда иштечү, бирок келинчеги каршы болуп жүрүп иштебей калды. Ал - айылда мектепте музыка мугалими, кийин маданият үйүндө директор болду. Теңизбек - электрик, анда да талант бар. Кийинки балам Сыймык дин жолуна түшүп кеткен. Марсгүл болсо ыр жазат, ырдайт, азыр Балыкчыда жашайт. Азат айылда байланыш түйүнүндө иштейт, атасынын үйүн караган - ошол. Тилекгүл болсо элге таанымал болуп калбадыбы, учурда Балыкчыдагы маданият үйүндө директор. Канат театрлардын биринде иштеп жүрөт. Неберелерим да таланттуу «Чоро» тобунун жетекчиси Марат Таалайбектин, ырдаган бала Нурболот Теңизбектин уулу. Марсгүлдүн кызы да жакшы ырдайт, экинчи кызы бийлейт. Күмөндөрдүн кызы Чүрөкгүл да чыгармачыл.

– Күмөндөр байкенин жубайы Жамиля эже көңүлүңүздөгүдөй чыктыбы?

– Күмөндөр кыштын күнү үйлөндү. Жамиля келгенде эле кабагы ачык, жаркылдаган келин эле. Ошол калыбынан жазган жок. Биринчи жолу келин алып атканга абдан кубанып, муунум калчылдап ыйлаганым эсимде.

– Артисттердин көпчүлүгүнүн никеси туруктуу болбойт эмеспи, балаңыздын очогунун бекем сакталышынын сырын билесизби?

– Албетте, билем. Биринчиден, Күмөндөр абдан баласаак. Келиним да Күмөндөрдүн сырын билип, көңүлүн таап, баарын көтөрүп турат. Күмөндөрдүн ачуусу бат келип, бат тарайт. Атасынын кыялы да ушундай болчу, ачуусу келгенде эч нерсеге карабай айтчусун айтып алчу. Жамиля көтөрүмдүү, болбосо чыгармачыл адам менен жашаш кыйын. Кудагыйым да акылман киши болчу, Жамиляны: «Бар, күйөөң менен иштеп чогуу жүр, үйүңдү мен кайтарып, балдарыңды мен карайм», - деп жөнөтүп турчу. Экөө ээрчишип жүрүп да үй-бүлөсү сакталды окшойт деп ойлойм. Болбосо бузукулар көп да, Күмөндөр сатираларында айткандай, артисттер 2-3 аял алып атышпайбы. Азыр, Кудайга шүгүр, небере жыттап отурушат.

– Байлыкка кызыгабы?

– Жок, байлыкка кызыкпаганы үчүн салып жаткан кабат үйү эмдигиче бүтпөй турат да. «Менин көзүм тирүүсүндө тамыңарды бүтүп кирсеңер боло», - десем, «киребиз, шашпаңызчы, өлбөй эле тура туруңузчу», - дейт. Жашым 77ге келди, балдарымдын чайын ичип, сыйын көрүп жүрөм. Балдар жакшы жашаса, бул да ата-энеге чоң бакыт экен. Күмөндөрдүн концертине барганда жыргап отурам. Балдарым кырсыктан тышкары болуп, аман жүрсө экен деп эле тилейм.

 

Динара ЧОКОЕВА