ТҮРК таттуулары

Күнжүт халвасы

Кандай азыктар керек?

Күнжүт: 1 стакан (200 г)

Ун: 1 стакан

Шекер: жарым стакандан көбүрөөк

Сүт: жарым стакандан көбүрөөк

Ваниль: 1 чай кашык

Өсүмдүк майы: 3 чоң кашык

Кантип жасалат?

Күнжүттүн данын кургак көмөч казанга бир сыйра кууруп кургатып, блендердин жардамы менен талкан кылып майдалайсыз.

Унду да кургак көмөч казанга кызарта кууруп, күнжүт менен аралаштырып дагы бир жолу блендерден чыгарасыз.

Буга өсүмдүк майын кошуп, бирдей массага келгенге чейин жакшылап аралаштырасыз.

Чакан мискейге сүттү, шекерди жана ванилди кошуп аралаштырасыз. Муну жай отко коюп, 1-2 мүнөт кайнатасыз. Андан соң күнжүт массасын салып, тез-тез аралаштырасыз.

Алынган аралашманы түбү сууланган калыпка салып, тегиздейсиз. Муздаганга чейин 20-30 мүнөт коюп, андан кийин үч бурчтук, төрт бурчтук, айтор, өзүңүз каалаган формага келтирип кесип аласыз.
Халваны ушундай эле ыкмада бадамдан, жаңгактан, мистеден да жасаса болот.

 

Рахат-лукум

Кандай азыктар керек?

Лимон ширеси: 30 мл

Апельсин ширеси: 30 мл

Шекер упасы: 3 стакан

Суу: 1,5 стакан

1 апельсиндин кабыгы

1 лимондун кабыгы

Желатин: 15 г

Жүгөрү крахмалы: 3/2 стакан

Тамак-аш боёгу

Кантип жасалат?

Апельсин менен лимондун кабыгын кыргычтын майда тишинен өткөрүп аласыз.

Түбү калың мискейге апельсин менен лимондун ширесин сыгып алып, ага кыргычтан өткөрүлгөн кабыктарды, шекер упасын жана жарым стакан сууну куясыз. Орточо отко коюп, тынымсыз аралаштыруу менен шекер упасы эригенге чейин кайнатасыз.

Крахмал менен желатинди өз-өзүнчө жарым стакандан сууга эритесиз.

Крахмалдын аралашмасына кургак тамак-аш боёгун кошуп, жай отко коюп 1-2 мүнөт кайнатасыз. Муну, желатин менен суунун аралашмасын шекер сиробунун үстүнө кошуп, аралаштырасыз.

Калыпка фольга кагазын төшөп, майлайсыз. Анын үстүнө тегиз кылып аралашманы саласыз да, муздаткычка коюп коёсуз.

Эртеси күнү рахат-лукумду чарчы кесимдерге бөлүп, шекер упасынан сээп коёсуз.

 

Жаңгак козинагы

Кандай азыктар керек?

Бал: 500 г

Шекер: 100 г

Чагылган жаңгак: 500 г

Кантип жасалат?

Балга шекерди, майдаланган жаңгакты кошуп жай отто 15 мүнөт кайнатасыз.

Ысык козинакты түбү сууланган тарелкага салып, тегиздеп коёсуз. Муздаганга чейин тыныктырасыз.

Андан соң тарелканы кичи толкундуу мешке салып бир аз ысытсаңыз, козинак тарелкадан оңой чыгат. Даяр болгон козинакты кесимдерге бөлүп коёсуз.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА