Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Бекказы

Туулган жылы: 1992-жыл 31-август

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай айымдар жагат? Оор басырыктуу, туруктуу, акылдуу, ыймандуу, назик, таза

Материалдык байлыгы: машинасы бар

Байланыш телефону: 0771 79 85 58

– Бир кыз менен 2-3 айдай тааныш болуп эле баш кошуп алгам. Бирок биз бирге эки эле айдай жашадык. Жашай албай калганыбызды турмуштан көрөм. Жашоо-турмуш деген ушундай экен да. Аны менен ажырашканыма эки жарым жылдай болду. Эми кайрадан жаңы жашоо баштайын деп жатам. Мага 1988-жылдан баштап 1994-жылга чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Жаш мен үчүн мааниге деле ээ эмес. Бирок жердиги бир гана Жалал-Абад облусунан болсун. Бир баласы болсо болот, бирок андан көп, анан чоңоюп калган баласы барлар убара болбогула.

 

Бакыт

Туулган жылы: 1992-жыл 14-март

Кесиби: бычмачы

Иштеген жери: тигүү цехинде кесиби менен иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Каракол шаары

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, ата-энени сыйлаган, туруктуу, жылдыздуу, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0709 51 20 92; 0701 96 69 13

– 22 жашымда өзүм жактырып, көңүлүм каалаган кызга баш коштум. Ал да мага кайдыгер эмес эле. Жарым жылдай жашадык, бирок бул аралыкта бакытты анча сезе алган жокпуз. Ал обу жок кызганчаак экен. Мени бура бастырбай кызгана берип өзү да кыйналды, мени да кыйнады. Андан улам чыккан жаңжалдар чоң чатакка айланып акыры ажырашып кеттик. Бир жарым жыл бой жашадым. Эми 19 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндер менен таанышам. Бир баласы болсо багып алууга каршы эмесмин. Ата-энем деле туура түшүнүшөт деген ойдомун. Ата-энемден бөлүнүп жашайм, андыктан болочоктогу аялым зарыл кезде аларга ийилип кызмат кылууну билиши керек. Эскерте кетүүчү жагдай, мен түнкү кезекте иштеп, күндүзү эс алам. Андыктан күндүз гана чалыңыздар. Маякка жооп жок.

 

Адахан

Туулган жылы: 1969-жыл 8-август

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: курулушта бригадир болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Базар-Коргон району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, акылдуу, сылык, тил алчаак, жөнөкөй, туруктуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0773 16 06 44; 0778 88 83 69

– Менин аялым, төрт балам бар. Турмуш шартка байланыштуу мен шаарда иштеп, үй-бүлөм айылда турат. Аларды тынымсыз камсыздап, бардыгын салып турам. Балдарымдын алдында аталык милдетимди аткарып, медреселерде билим алууларына шарт түзөм. Бул жакта ишим жакшы болгондуктан аны калтырбай иштеп, башка аял алышым керек болуп жатат. Өзүм дин менен жашайм, динибиз көп аял алууга уруксат берет эмеспи. Айылдагы аялым бул жагынан мени туура түшүнөт. Кайсы жерден болсо дагы 30 жаштан 40 жашка чейинки кыз-келиндер байланышыңыздар. 1-2 жаш баласы болсо өз балдарымдай карап, динден илим алууларына шарт түзүп берүү ниетим бар. Чалыңыздар.

 

Аскат

Туулган жылы: 1992-жыл

Кесиби: жок

Иштеген жери: дүкөндө реализатор болуп иштейт

Жердиги: Ош шаары

Кандай айымдар жагат? Мээримдүү, түшүнүктүү, чынчыл, туруктуу, ыймандуу, тыкан

Материалдык байлыгы: эки үйү, бир машинасы бар

Байланыш телефону: 0770 17 10 55

Мен буга чейин турмуш кура элек, жашоого ойлонуу менен мамиле кылган жигитмин. Андыктан өзүмө татыктуу кыз издейм. Турмушу бузулган келиндер, жеңил ойлуу кыздар убактымды албашын суранам. Кыргызстандын кайсы жеринен болсо дагы жашы мен курактуу, жогоруда белгиленген сапаттарга ээ кыздар чалыңыздар. Тил табышып, жылдызыбыз келишсе, бактылуу жашоого бирге жетебиз деген үмүттөмүн.

 

Улан

Туулган жылы: 1980-жыл

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Нарын облусу Жумгал району

Кандай айымдар жагат? Башы оор, турмушка терең караган, сыйчыл, сылык, туруктуу

Материалдык байлыгы: үйү, жери бар

Байланыш телефону: 0702 20 53 03

Мен буга чейинки жашоомду баян кылбай эле коёюн. Кудайдын жазган жашоосун жашап келе жатабыз. Эми апамды сыйлап ысык чайын бере турган ыймандуу аял алып бактылуу бүлөнүн кожоюну болгум келет. Жердиги кайдан болсо дагы 25 жаштан 35 жашка чейинки куракта болушу керек. Анын да буга чейинки жашоосун тескеп, ашыкча талаптарды койбойм. Башкысы мындан аркы жашоого олуттуу карап, үй-бүлөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылган аялзаты болсо болду. Ойноп чалбаңыздар.