Мен ооруну бакытка алмаштым

Жан кыйнаган ооруну жеңүүчү жалгыз нерсе дары эмес. Дартты басуу үчүн башкысы жакшы сөз, жылуу мамиле, жарык үмүт менен терең ишеним керек. Бул баян баарыбызды жаркын жашоого үндөп, анча-мынча кайгы-капаларды тоготпой кайраттандырат.

– Менин атым Мээрим. Тоолуу Нарын жергесинин керемет бир айылынын кызымын. Чейрек кылымды жаңы ашкан болгону 27 курактамын. 7-классымдан баштап башым тынымсыз ооручу болду. Алгач ата-энем муну эркелик деп кабыл алып Анальгин менен басып жүрүштү. Бирок башым андай баланын шылтоосу эмес, бир балээнин белгиси экенин туюп ыйлачумун. Качан эсимди жоготуп жыгылганымда ооруканага алып барышты. Шаарда бир айдай анализ тапшырып, текшерилип жүрүп мээде киста бар экени анык болду. Жакшысы аны дары менен эле жоюуга болот экен. Бирок абасы жеңил жана дарыланууга ыңгайлуу болушу үчүн мен дайыма борбордо болушум керек эле. Улуу балдары бой жетип өз арабаларын тартып кеткени жалгыз мени медер туткан ата-энем “Мээримибизден башка эмнебиз бар” деп мен үчүн борборго көчүп келишти.

***

Убакыт зымырап учуп жатты. Бала күнүмдөн топ башында жүргөн тыңдыгым менен жаңы чөйрөгө бат аралашып, мектептеги лидерлердин бири болдум. Ден соолугум бир калыптан жазбады. Киста көлөмүн азыраак кичирейтип барып эле токтоп калды. Андыктан тынымсыз дары кабыл алуу улана берди. Чындыгында Чүйдүн абасы мага бир топ жеңилдик кылып айылдагыдай сыздаган баш оорудан арылдым. Орто мектепти аяктаган соң окууга тапшыруу чоң маселеге айланды. Мага катуу кайгырууга, ал турсун, катуу кубанууга да тыюу салынган. Ата-энем ушуга басым жасап жогорку окууга тапшырбай эле коюумду айтып чыгышты. Мен ошондо ден соолугум, бул өмүр тууралуу абдан ойлондум. Жапжаш туруп (азыр да жашмын, анда деги эле кичине болчу экенмин) өлүм менен арбашууну, эртеби-кечпи, аны менен бет келгенде өкүнбөй тургандай болоюн деп ойлондум. Окуйм, башкалардын катарында кесип ээси болом деп чечтим. Ал эми турмушка чыгып бактылуу болууну мен үчүн эмес болсо керек деп ойлодум. Жаңылыптырмын.

***

Маскатым үчүн күрөшүп, акыры жакшы окуу жайдын психология тармагына тапшырдым. Тагдырдын тамашасы мени ал жерден айылдагы эски классташыма жолуктурду. Классташым Руслан менен курсташ катары саламдашып жүрдүм. Жакшы студент болуу мага оңойго турган жок. Мен жакшы болууга аракет кылган сайын оору өчөшүп мени буттан чалып жатты. 2-курстун акыркы сессиясын тапшыруу маалында аудиториядан кулап калган экенмин, ооруканадан көзүмдү ачтым. Бул экинчи жолку кулоо, баш оору бала кезимдегидей катуу болду. Окууну ойлогонго алым келбей суй жыгылып жаттым. Ооруканадан кийин үйдө да бир ай катуу режим менен дарылануум керек болду. Ошондой көңүлсүз күндөрдүн биринде апам мага бир жигит келгенин айтып: “Киргизүү керекпи?” - деп сурады. Таң кала: “Кирсин”, - дедим. Бажырайган десте көтөргөн Руслан кирип келди. Жаман ойлорго тушалып зеригип турган мага Русландын абал сурап келиши абдан кубанычтуу болду. Өзүмдү бирөөгө керек адам сезип бир топко кубанып жүрдүм. Ал кезде телефонду айрымдар эле көтөрүшчү. Анын телефону жок болгондуктан бат-баттан келип турууну суранды. Каршы болгон жокмун. Кийин Русландын келишин мен эле эмес, ата-энем да күтчү болушту. Бирге тамактанып, бир топко сүйлөшүп отурабыз. Ал мага университеттеги жаңылыктарды айтып берип, айрым сабактарды окутат. Бир сыр – ал менин анык дартым эмне экенин билбейт. Мен бир эле Руслан эмес, көпчүлүктөн дартымды жашырып, баш оорум бар экенине намыстанып келем.

***

Ошентип, менин катышуумсуз эле жайкы сессия аяктап, студенттер эс алууга чыгып, Руслан айылга ата-энесине кетти. Аны узатуу мага кыйын болду, абдан көнүп алган экенмин. Андан да ушундай кыйылууну байкадым. Же окуу жок, же Русландай кызыктуу маектешим жок супсак күндөр өтүп жатты. Ата-энемдин айланчыктаганы, бир туугандарымдын аяп карашканы мени ого бетер тумчуктурат. Бир күнү балдар аянтчасын карап зеригип отурсам бирөө келип көзүмдү басып калды. Атырынын жытынан Руслан экенин дароо тааныдым. Ал мен үчүн келиптир. Мени сагынып келиптир. Руслан биринчи ирет келгенде кимдир бирөөгө керектигимди өзгөчө сезген болсом, анын бул келишинде мен ата-эне, бир туугандан башка да бир адамдын сүйүүсүнө татыктуу экенимди билдим.

***

Руслан бирге жашообуз үчүн ак эткенден так этип чыга келди. Ата-энемдин каршылыгы, менин ден соолугум аны ойлондурган жок. Айылга алып качып кетти. Мен ата-энеме эки кат жибердим. Бирине «мен ушул жашоону тандадым. Баргандарды жакшы узатып койгула» деп, экинчисине «менин оорумду бул тараптан жан адам билбесин. Руслан дагы» деп жазып, аны жүз аарчыма бекем ороп аманат кылдым.

***

Шаарга келип окуубузду уланта баштадык. Абалым алсырап, ден соолугум жакшы болбой жүрдүм. Жарым жыл Русландан жашырынып дарыгерге каттап, жашырынып дары ичип жашадым. Тажадым. Мени бактылуу кылган бир гана Русландын сүйүүсү болду. Анын мени менен бактылуу экенин, менин жанымда өзүн жакшы сезерин көрүп жашагым келет. Дарыгер кезектеги кабыл алуусунда менин кош бойлуу экенимди айтты. Абдан кубандым. Бирок акылдуу доктур мендеги кубанычты билип коюптурбу, асман-айга секирип төрөй албашымды айтып жатты. Айткандарынын бирин угуп, бирин укпай үйгө баса бердим. Жолдошума сүйүнчүлөөгө шаштым. Бирок Руслан келгенче кубанычым тарап, токтоло ойлонуп ага айтпай турууну чечтим. Өзүм окууну таштоо чечимин кабыл алдым. Эми менин жалгыз максатым өзүмдү жакшы карап, баламды аман-эсен жарыкка алып келип, жакшы аял, балама жакшы эне болуу гана болуп калды. Сабакка ар кыл шылтоону айтып барбай жүрүп бат эле айдалдым. Руслан бул үчүн мени жемелей баштаганда, ары кош бойлуулугума көзүм жетип, аман-эсен төрөп алам деп бекем ишенип калганда ага ата болорун билдирдим. Менин окуум эми ал үчүн да маселе болбой калды. Кош бойлуулук оңой өткөн жок. Күчтүү дарыгерлерге көрүнүп, тыкыр көзөмөлдө жүрүп ай-күнүмө жеттим. Өзүм төрөй албасым белгилүү эле, балам жарыкка операция жолу менен келди. Мен да, Руслан да, ата-энелерибиз да бактылуу болушту. Үйүбүзгө бала жыты толгону бир калыпта сыздап турган баш оорум унутулуп калды. Бул мен үчүн чынында таң калычтуу эле. Балама алты ай толгондо жеке дарыгериме барып текшерилдим. Баягы бир калыптан өзгөрбөгөн киста абдан кичирейгенин айтып таң калды. Мен муну Кудайдын мага берген белеги дедим.

***

Азыр уулубуз 3 жашта. Мен экинчи ирет эне болуу бактысын күтүп жатам. Башымдагы дартты экинчи балам алып келген бакыт биротоло жок кылат деп кыялданам. Ал эми Руслан, кайын журтум бул тууралуу билбеген боюнча калышын азыр да тиленем. Деги эле ошондой болсо экен.

 

Мээрим