Тилек

 (Башталышы өткөн санда)

Айжүз ооруканадан чыккандан кийин кайрадан мурдагыдай гүлзардан жолугушуп, ажырагыс болдук. Ошол жаздагы барпайган сирень гүлдөр бүчүрлөгөнгө чейин күндө кезигишип жүрдүк. Күндө кечте анын үйүнөн чыгып үйгө барганыма бир күнү Жаркындын акыркы чыдамы түгөнсө керек, түйүнчөгүн түйүп коюптур…

– Үйдөн сен эмес, мен кетем, – дедим, – бирок экөөбүз жаман сөз айтышпайлы, – башкасы башка эле, муну уккан 4 жашар балам чырылдап ыйлап жиберди…

– Ата, кетпеңиз! Апам да кетпейт, – жеңимен тартып боздогон кенжемдин ошол сөзүн угуп босогодон сыртка аттай албай койдум. Жаркын экөөбүздүн ортобуз күндөн-күнгө алыстаса да, бирок балдар үчүн бирге жашоого аргасыз экенибизди ал да түшүндү, мен да.

Жаз өттү, жай өттү. Күз башталды. Үй-бүлөгө мурдагыдай камкор болбой калдым. Мурда күн сайын үйгө куру кол келбей, кайсы балам эмнени жакшы көрсө, каалаган таттуусун же оюнчугун алып берчү элем. Анын бири да оюмда жок, мурдагыдай балдарды эмес, Айжүздү гана эркелетчү болдум. Жаркын менен балдарды аяп гана коём. Болду. Жаркын кээде:

– Мейманканага келген кишидей болбой балдарга көңүл бурсаңчы, – деген кекээр мамилесин билдиргени болбосо, ортобузда бөлөк чатак жок. Үйдөгү маселе башка кеп, Илимдер академиясындагы иштерим солгундап жетекчимден көп нааразычылыктарды уга баштадым. Мурда маанилүү сезилген илимий иштериме болгон мамиле да таптакыр өзгөрдү.

Жаркынды түшүнсө болот эле, кээде Айжүз экөөбүздүн ортодо да түшүнбөөчүлүктөр чыга баштады. Айжүз экөөбүз маңдай-тескей отурган бир күнү күтүүсүздөн эле:

– Сен мага чыныңды айтчы, Жаркын экөөбүздүн кимибизди жакшы көрөсүң? – дебеспи. Эмне дейин…

– Экөөңдү бирдей, – демиш болдум.

– Мүмкүн эмес.

– Мүмкүн эле. Бириң – оң көзүм, бириң – сол. Анан кантип бирин жакшы, бирин жаман көрөйүн.

– Тагыраак айтканда, кимибиз оң көзүң да, кимибиз сол көзүң?

– Көз болгондон кийин анын оңу кайсы, солу кайсы… Айырмасы барбы?

– А сен бир көзүң бир көзүңө жоо экенин билесиңби? – дегенине ойлонуп калдым, – сенин ошо Жаркын экөөбүздү эки карегиңдей санаганыңа да рахмат. Бирок…

– Эмне бирок?

– Сени менен дагы канчага чейин жашыруун никеде жүрө берем?

– Көңүлүбүз сууганга чейин.

– Сенин көңүлүң менден, менин көңүлүм сенден сууганга чейинби?

– Денесине эч бир түк чыгалек кызыл эт балапанды көрдүң беле? Аны мына минтип кебездей жумшак алаканыңа салып мээрим төксөң, ошончо тез өлөт.

– Муну менен эмне айткың бар?

– Сүйүү дал ошол кызыл эт балапанга окшош. Ага кол жетип, мээрим өткөн сайын уйпаланат.

– Демек, Жаркын экөөңөрдүн сүйүү кызыл эт балапандай болуптур да. А жанагы сүйүүнү эки көздүн карегиндей сактарыңа ишенип болбойт экен да.

– Билсең, одно любовь значит – тысячи любовь, а тысяча любовь – это одно.

– По твоему любовь только лишь философия… Сен үчүн ал – эки көздүн кареги, же кызыл эт балапан, же жөн эле куурчак турбайбы!

– Ар кимдин түшүнүгүндө ар башка. Романтикалуу сүйүү никеге чейин гана. Эки жүрөк бирге жашай баштаганда ысыгы ортодогу балдарга өтөт.

– Сүйүү жалыны суугандан кийин ушинтип философияга айланат дечи.

– Бул дүйнөдө күндүн нурунан башканын баары сууйт. А сүйүү дегенибиз келди-кетме.

– Анда угуп ал, философ! Өзүңдү буга чейин байкайбы десем, байкабадың. Элде жок акыл сенде болгону менен жүрөгүңдө сезим-туюм жок экен… – Айжүздүн мурда мындай ачуусу келгенин көргөн эмесмин. Ал бир аз тыныгуудан кийин балээнин башын кылтыйтты…

– Менин жүрөгүмдүн алдында дагы бир кичинекей жүрөктүн дабышы бар экенин туйдуң беле?!

(Уландысы кийинки санда)

 

Олжобай Шакир