Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды жеңүү жолдору

Үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылдары, албетте, жылуу сөз, ысык мамиле, эркелешүү, сагыныч менен кызыктуу башталат. Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен алардын ордун көйгөй, таарыныч, жаңжалдар ээлей баштайт. Бул кыйынчылыктардан кантип сактанып, кантип жеңсе болот, билип алыңыз.

 

Көйгөйдү түшүнүшүү

Жубайлар бири-бирине болгон нааразычылыктарын бетме-бет отуруп ачык талкуулоолору керек. Эмнеге аялдын кыска юбкасы же эркектин муруту мурда жагып, эми жакпай калганын, балдарга жөнү жөк кыйкырууларынын себептерин аныктоолору шарт. Колдон келсе бири-биринин талаптарын өз дептерчелерине жазып алып, ал кемчиликтерден арылууга аракет кылышса болот. Ар ким өз кемчиликтери менен күрөшүп, андан кутулууга чын жүрөктөн аракет кылышса эле ынтымак сакталат.

 

Убакытты бирге өткөрүү

Жубайлардын убакытты бирге өткөрүүсү үй-бүлөнү бекемдейт. Балдары менен бирге тоого чыгып, лыжа тээп, токойго барып эс алып турушса бири-биринин жанында эч качан зеригишпейт. Балдардын кызыкчылыктарын билип турушса үй-бүлөдө толук биримдик сакталат. Ошондой эле айрым учурларда балдарды калтырып, түгөйлөр гана эркин эс алып турушканы да эң туура.

 

Жагымдуу сюрприздер

Убакытты жалаң эле көр тирилик менен алек болуп өткөрө бербей, бири-бирине сюрприз тартуулашып туруу сүйүүнү бекемдейт. Романтикалык кечки тамак, жагымдуу укалоо, чогуу кино көрүү жубайларды жакындатат. Аял эс алуу күндөрүн күйөөсүнө арнап өзгөчө даамдуу тамактарды жасап берип турса курсагы ток, көңүлү жай күйөө эч жакка кетпейт.

 

Интимдик жашоодо

Аялдардын эң чоң кемчилиги - төшөктө эркек гана аракет кылышы керек деп эсептегени. Чындыгында эркек ачык айта бербегени менен көп эле кыялданат. Ошондуктан аял эркекке кандай байланыш жагарын, кандай эркелетүүдөн ырахат аларын билип, аны да угуп коюшу шарт. Негизи эле жубайлар кимисине кандай абал жагарын билип алса, көйгөй жаралбайт.

 

Жардам берүү

Аял үйдү жыйнайт, тамак жасайт, балдарды карайт, ошол эле учурда жумушка да барып келет. Мындай шартта эркек аялдын ишин жеңилдетүүчү техникаларды алып берип же өзү кол кабыш кылса аялга абдан жагат. Эркектин камкордугу аялды ыраазы кылса, балдарына үлгү болот.

 

Бири-биринен эс алуу

Ар бир адамдын өз эркиндиги бар. Кээде аял өзүнүн, эркек өзүнүн кесиптештери, достору менен театр, кино, музейлерге барып эс алышы керек. Бул эң туура. Мындайда аял “күйөөм башканы сүйүп калдыбы?” деп тынчсызданбашы керек. Ар бир адам кээде жалгыз болгонду жактырат. Анын оюн сыйлоо шарт. Жубайлар маал-маалы менен бири-биринен эс алып турууга келишип алышса туура болот.

 

Аялдын өз ордун билүүсү

Жубайлардын бири карьерасынан бийиктеп же көп акча таба баштаган көрүнүш көп болот. Ийгилик эркекте болгону жакшы. Эгерде бул ийгилик аялда болсо, жолдошуңуз ага жөн эле көнө калбайт. Анын эркектик намысы жабыркайт, үй-бүлөдө өзүн барксыз, кордолгон адам катары сезет. Мындай жагдайда аял өзүнүн артыкчылыгын жакындарынын же досторунун көзүнчө көрсөтүп мактанбоосу керек. Аялга ал бийиктик канчалык жагып турса да жолдошунун, балдарынын көз карашын угушу шарт. Үй-бүлөсүн сактап калыш үчүн өзү акча табуудан баш тартпаса да күйөөсүнө ийгиликтин сырларын үйрөтүшү керек.

 

Ажырашуудан сактануу

Ажырашуу тууралуу маселе ар бир экинчи үй-бүлөдө козголсо керек. Мындай жагдайда чечим кабыл алуудан мурда сабыр кылып себебин издөөлөрү зарыл. Башкысы сезимдер мокогон бул кризистик абал да өтүп, мамиле кайра ордуна келерин унутпоолору керек. Балким, үй-бүлөлүк психологго кайрылышса, адис көйгөйдү чечкенге, ынтымакты кайтарууга жардам берет.

 

Эркек башканы сүйүп калса...

Үй-бүлөлүк жашоону улантууга болот, болгону аялга чыдамкайлык керек. Эгер аял мурдагы сезимдерди кайрып алгысы келсе, сүйүүсү үчүн акылмандык менен күрөшүүнү баштасын. Кантип? Имиджин, сырткы келбетин, кыял-жоругун өзгөртүп, күйөөсүнө жакшы мамиле жасай берсе, эркек сөзсүз кайтып келет.

 

Эркектин ала жипти аттоосу

Аял үчүн жакын адамынын аны алмаштырганы эң оор. Бирок мындай абалдан да чыгууга болот. Ал үчүн аял бардык капасын, ичиндеги кек, ыза, коркунучту жоготушу шарт. Болбосо күйөөсүнүн көңүлүн алуудан мурда күндөшү тууралуу ойлонуп, аны издеп, күйөөсүнүн телефонун аңтарып өзү эле кыйнала берет. Бул маселени СМС билдирүү аркылуу чечүү таасирдүү жана тынч жүрөт.

 

Аялдын ала жипти аттоосу

Аялдар көп учурда “күйөөм менин андан башкага да керек экенимди түшүнсүн, эми мени жоготкондон коркуп калат” деп ката ойлонушат. Анын кесепетинен эркектин намысын тебелеп, көңүлүн оорутуп, никесине бычак уруп алат. Мындай кылыкты аял кечирет, бирок эркек оңой менен кечире албайт. Андыктан мындай учурда мамиле ажырашуу менен аяктайт. Демек, аял эч качан күйөөсүнө өчөшпөөсү керек.

 

Бала төрөлгөндөн кийин...

Бала төрөлгөндөн кийин аял эркекке баштагыдай көп көңүл бура албай калат. Эркек деле жаш бала сыяктуу, андыктан аны эркелетип, кошомат кылып, көңүлүн алып туруу керек. Болбосо бала менен гана алек болгон аялды башкага алмаштырууга эркек сөзсүз барат. Ошондуктан көзүңүзгө баладан башка эч нерсе көрүнбөй жатса, жок дегенде ага ата керектигин унутпаңыз.

 

Эркек ичсе...

Күйөөсү аракка көз каранды аялдар сөзсүз түрдө наркологго кайрылганы туура. Эркек арактан дарылануу жолу менен гана кутулат. Аялдын чыр-чатагы, долуланып ыйлоосу, “ажырашам” деп коркутуусу маселени чечпейт. Күйөөсүн ал аңдан чыгарам десе, демилге көтөрүп дарылатканы эле оң.

 

Сезимдер муздаганда

Жубайлардын сезимдери качандыр бир кезде өчкөн болсо да бирин-бири үй-бүлө катары кабыл алып жашашы керек. Ортолорунда бала турганда биринчи кезекте керт баштын кызыкчылыгын эмес, балдарды ойлоо зарыл болот. Бири-бирин мурда кандай сүйгөнүн, сүйүүсүнө жетүү үчүн кандай аракет кылганын эстеп көрсө, ортолорунда сүйүү дале бар экени, болгону ал убактылуу гана салкын тартып кеткени сезилет. Мындай шартта жашоосуна ар түрдүүлүк киргизсе, мурдагы сезимдер кайтып келип, бактылуу үй-бүлөсүн кайтара алат.

 

Талашып-тартышууда

Талашып-тартышуу эч качан бир пикирге келүү менен аяктабайт. Өзгөчө эркектики далилсиз туура эмес болуп жатса да туура кылмайынча тынбайт. Андыктан аял талашпай эле, анын оюн угуп коюусу шарт. Аял амалкөй болуп эркектин айтканын туура деп койсо, кийин баары бир эркек аялдын сөзүнө макул болот.

 

Динара ЧОКОЕВА