Инстаграмда ырчыларды кимдер капа кылышат?

Социалдык тармактарды пайдалануучулардын басымдуу бөлүгү Инстаграм баракчасында отурушат. Ал колдонуучуларды пайдалуу маалыматтардан тышкары ырчылардын кызыктуу сүрөттөрү азгырат. Айрымдар жылдыздарды сынга алып, кээлери коргоп эки жаат болуп да кетишет. Мындай пикирлер жан дүйнөсү назик ырчыларга кандай таасир этет болду экен?

 

Айгерим Расул кызы: «Терс пикирди жөн адам эмес, «фейк» баракчалар жазат»

aigerim¬_rasul_kyzy: “Менин кышкы эс алуум. Фуркат”

nurgula: - Сарайдын эшиги шумдук го.

111corel: - Айгерим арыктооңдун сыры ушунда го дейм.

Айгерим Расул кызы: - Мен Инстаграм баракчама келген терс пикирдин баарын өчүрүп, дароо «кара тизмеге» киргизип салам. Анткени терс пикирди жөн адам эмес, «фейк» баракчалар жазат. Алар өзүнүн сүрөтүн коюшпайт. Демек, баракчаны бирөөгө тийишип, жамандаш үчүн ачышат. Алардан «кара тизмеге» киргизип салып эле кутулууга болот. Бирөө жазса, калганы аны ээрчип жазып терс пикирлер уланып кетет. Ошондой болбосун деп эле өчүрүп салбасам, мага алардын ысык-суугу деле жок. Канча жылдан бери сахнада жүрүп андайларга көнүп бүткөм, эч кандай реакция кылбайм.

 

Бактыгүл Бадыева: «Ал - менин баракчам, кайсы сүрөттү киргизем, өзүм билем»

 

baktygul_badyeva: “Колдорубуз өзүнчө эле “воооу” дейт го. Айперинин туулган күнүнөн бир элес»

samira­beka1: - Бадыева аябай семирип кетиптир. Жаш эжеге жарашпайт да. Сизде арыктаганга бардык шарт бар, акчаңыз да бар. Арыктасаңыз жакшы болмок. Жаңы ырдап чыккан кезиңизде кандай ипичке элеңиз. Арыктаңызчы, сизге арык болгон жакшы жарашат. Күйөөңүздүн жашы канчада экенин билбейм, улуу эле го дейм. Экөөңүздөр тең көрүнүп калат экенсиздер. Катуу тийсе алдын ала кечирим сурайм.

erkinbaeva: - Менин оюмча, арык көрүнүш үчүн дайыма кара кийим кийип түшөт.

Бактыгүл Бадыева: - Инстаграм баракчасында акылдуулар аябай көп. Керек болсо жүктөгөн сүрөтүңө да «мындай түшсөң болмок, тигиндей түшсөң болмок. Бул сүрөттү киргизбей койсоң болмок» деп акыл айтып турушат. Ал - менин баракчам, жеке альбомум сыяктуу. Ага кайсы сүрөттү киргизем, өзүм билем. Жазылган терс пикирлерге көңүл бурбаганга аракет кылам. Бактылуу адамдын эч ким менен иши жок болот жана эч кимге жамандык каалап, жаман нерсе жазбайт. Кээде пикирлерге кызыгып окуп калам, көбүнчө позитивдүү ой-пикирлер жазылат.

 

Айпери Кубик кызы: «Жашоосуна таарынган адамдар гана терс пикир жазышат»

 

aiperi­kubikkyzy: “Менин досум Санжар, мыкты адам. Клип тартуу процесси жүрүп жатат”

orex0: - Ооба, Айпери сенин күйөрманыңбыз, жакшы ырдайсың. Бирок билесиңби, күйөөгө тийгенче башка кыз элең, күйөөгө тийгенден кийин башка кыз болдуң. Кубик - жакшы адам, баалайбыз, атаңа эч качан сөз тийгизбешиңди каалайбыз. Жат эркектер менен сүрөткө түшкөнүң туура эмес көрүнүш. Кудай берген күйөөң бар. Стилиң да башкача өзгөрдү, биз сенден мөлтүрөгөн мурунку Айперини күтөбүз. Эне болдуң, бардык жаштарга үлгү болушуң керек.

sumara_kg: - Санжар Юлдашовдон күйөөңүз өллө кызганса керек э? Байкуш. Менин күйөөм бирөө менен сүрөткө түшмөк тургай, карап койсом кызганат.

Айпери Кубик кызы: - Баракчама сүрөт киргизгенден кийин убактым болсо пикирлерди окуйм. Мага жамандык каалаган адамдар мени көрбөй эле койсун деп аларды блоктоп салам. Терс пикир жазган адамдын кимдигине кызыгып карап деле көргөн эмесмин. Жашоосуна таарынган адамдар гана жаман пикир жазышат. Болбосо ал адам менен жеке тааныштыгым жок болсо, неге антип жазмак эле. Болгону айрымдар, көбүнчө аялдар ички таарынычын бирөөдөн чыгарып алышат. Белгилүү адам болгондон кийин сөз ээрчийт, аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алуу керек.

 

Айжамал Кабылова: «Мага азыр баары оор, бир эле терс сөз да ашыкча»

 

aizhamal­kabylova_official: “Кутман таң, өлкөм. Баарыңарга жакшы күн каалайм”

jazgul80: - Упаңдын түсүн өзгөрт, калганы баары жайында.

angel: - Бул сүрөтүңдө бутуң болбой калыптыр, алып эле койчу. Катуу тийсе кечир, бул менин жеке оюм. Бирок сен туура кабыл аласың.

Айжамал Кабылова: - Мага азыр баары оор, бир эле терс сөз да ашыктык кылат. Андыктан жаңы сүрөт жүктөгөндө бат-баттан текшерип, терс ой-пикирлерди тазалап турам. Жазгандар менен айтышып отурбай, купуя кат жазам. Түшүнбөгөн, өтө аша чаап кеткендерин «кара тизмеге» киргизип салам. Мен Инстаграм баракчасына жаңы киргенимде терс ой-пикирлер көп жазылган, ошондуктан менин «кара тизмеме» киргендер толтура. Аларды карай келсең, жаңы ачылган аккаунттар, «фейктер» болот. Көңүл чөгүп турганда терс пикирлер оор тиет, көңүлүмдүн оорушун каалабайм. Ал эми ишим жүрүшүп, эл колдоп турганда көңүл бурбайм.

 

 

Чолпон: «Такыр эле чектен чыккандарды өчүрөм»

 

cholpon­­talipbekova: “Таттуу”

meka: - Көйрөңдөнүп көкүрөктү ачпастан, кичине ыймандуу кызга окшоп көйнөктүн жабыгыраагын же өйдөрөөк кийбептирсиз. Сонун көйнөк экен го, көкүрөк жагы абдан эле ачык жана ылдый болгону жарашпаптыр.

Ibragim: - Зыңк фигураны сактаса боло, минтип жарнама кылбай.

Чолпон: - Инстаграм баракчасына жаңы катталган учурда терс ой-пикирлерге даяр эмес болчу экенмин. Анткени баарын өчүрчүмүн. Азыр көнүп калдым. Ал адам мага терс пикир жазгандан кийин жан дүйнөсү тынчтанып калса мейли, жаза берсин деп коём. Мен баарына жагуу мүмкүн эмес экенин түшүмдүм. Ошондуктан баракчамда терс ой-пикирлер өчүрүлбөстөн тура берет. Бирок такыр эле чектен чыккандарын өчүрөм. Айрымдар таң калтырып ар бир сүрөтүңө жазганга үлгүрүшөт, андайлардан коркуп блокко салып салам. Негизинен менин окурмандарым - жакшы адамдар. Кээде маанайга жараша эч нерсе уккум келбей турганда сүрөт жүктөп, бирок ой-пикир жаза турган жерин өчүрүп салам.

 

 

 

Анжелика: «Бирөөнүн көңүлүн чөгөргөндөн ырахат алышат»

anjelika_bekbolieva_official: “Негатив адамдардын ичине батпай, сыртына чыккан таштанды. Ошол таштандыдан эч качан жан дүйнөбүзгө азык издебейли. Түз эфирге киргенде көбүнчө тааныштарым салам жолдошот. Алардын ичинде мен таптакыр тааныбаган, тааныгандары да эмоциямды көргүлөрү келип, жылан ачуусун чачкандай өзүлөрүнүн тарбиясын көрсөтүшөт. Эми эмне дейин, адам болуп төрөлгөндөн кийин адам бойдон калалы»

asel: - Анжелика эже, капа болбоңуз. Бирок жүргөн-турганыңар, жатканыңар, жадагалса дааратканага барганыңарды да тартып киргизе берсеңер, адамдын көңүлүнө тийип каласыз да. Баркыңыз да кетет. Мен сизге жаман ой менен жазган жокмун, капа болбоңуз.

begimai: - Сенин жолдошуң картаң, сенин атаң сыяктуу. А сен сулуусуң.

Анжелика: - Инстаграмдагы терс ой-пикирлер койгон сүрөткө жараша болот. Мисалы, кыздарымдын, үй-бүлөмдүн сүрөтүн койгондо жаман пикирлер болбойт. Адамдар ар кандай болот экен, кээ бирлери бирөөнүн көңүлүн чөгөргөндөн ырахат алышат. Мен терс ой-пикир жазган эркектерди блоктоп салам. Ал эми айымдарга бир-эки жолу түшүндүрөм, ошондо кайра кечирим сурагандар болот. Эгер такыр түшүнбөй жазганын уланта берсе блокко киргизем. Инстаграмга сүрөттү көп койгонум менен ага жазылган пикирдин баарын окуганга убакыт жок. Кечинде үйгө келгенде ой-пикирлердин позитивдүүлөрүн калтырып, негативдүүлөрүн өчүрүп салам. Биздин жумушта негативди угуш керек. Мен ал тууралуу онлайн сабак да өткөм, сен тууралуу кандай жаман нерсе айтылса да көңүл бурбашың керек.

 

Гүлнур Асанова: «Менде да жүрөк бар, албетте, жүрөгүм ооруйт»

asanova_g: - Салам.

kanym­sagyn: - Семирип кеткенсизби? Семирген мага жагат, бирок сиз сахна адамысыз го, ошого айттым. Сиз өзүңүздү чыгармачыл инсан деп эсептейсизби? Сиз болгону чыгармачыл чөйрөдө жүрөсүз, даяр ырларды ырдап коюп.

asanova_g: - Жети жыл консерваторияда жөн жүрүптүрмүнбү? Семиремби, арыктаймынбы, өзүмө жакса болду. Ашыкча сөз жазбасаңыз. Чыгармачыл инсандардын баары эле өзү ыр чыгарыш керек деген мыйзам жок. Унутта калган кыргыз чыгармаларын, өз нугун бузбай кийинки муунга жеткирүү - биздин милдет.

 

Гүлнур Асанова: - Инстаграм баракчамдагы сүрөттөрүмө жагымсыз пикирлер жазылып турат. Менде да жүрөк бар, албетте, жүрөгүм ооруйт. Ушак сөз кимге жаксын, аларга туурасын айтканга аракет кылганым менен теригип ар бири менен уруша бербейм. Туурасын жазсам, өзүмө купуя кат жазып кечирим сурагандар болот. Кээси жазганын өзүлөрү эле өчүрүп салышат. Ушундан уламбы, Инстаграм баракчасына катталган эки жыл ичинде он чакты эле адамды блоктодум окшойт.

 

Динара ЧОКОЕВА