БЕГИМАЙ Бекбоева: «Жигитим санаасын басыш үчүн мага сөйкө салганы жатат»

Ырчы Бегимай Бекбоева акыркы учурда Инстаграмдагы баракчасына жигити менен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөчү болду. Бул алардын мамилеси тереңдеп, баш кошууга жакындаганынан кабар берет эмеспи. Ушул ойдон улам Бегимайды маекке чакырдык. Шайыр кыз атасы менен сиңдиси бактыларын таап, кезек ага келгенин жашырган жок.

– Бегимай, жигитиң тууралуу социалдык баракчаларга ачык жарыялаганыңа караганда мамилеңер олуттуу окшойт?

– Ооба, мамилебиз олуттуу, ортобузда чоң сүйүү бар. Биз Жакут Сыдыков, Наргиза Айтемировалар менен гастролдо жүрүп таанышканбыз. Дос болуп жүрүп анын кыял-жоругун жактырдым. Бир күнү ырчылар кийинген жерге кирсем намаз окуп жаткан экен, ушундан кийин чындап жагып калды. Кыялымдагы ыймандуу жигит Эрлан сыяктанды. Бара-бара жылдызыбыз келишип кыз-жигит болдук. Бири-бирибиздин ата-энелерибиз менен таанышып, аларды да тааныштырганбыз. Ушул жылдын жай, күз айларында үйлөнөбүз деген планыбыз бар. Эрлан «жүрөгүм тынч болсун» деп мага бир жума ичинде сөйкө салып койгону жатат (күлүп).

– Кыз-жигит болуп жүргөнүңөргө канча болду?

– Бир жыл болду. Бул арада бири-бирибизди жакындан билип, толук түшүндүк. Экөөбүз тең 27 жаштабыз. Эрлан азыр ырларды чыгарып чыгармачылыгын күчтөп жатат. Үй-бүлө болгондон кийин да ийгиликтерди бирге багындыралы деген ниетибиз бар. Ал - үйдүн кенже баласы. Баарынан кубанганым - келечектеги кайненем, кайнежем, кайын сиңдилеримдин баары жакшы адамдар. Көңүлүмө карап турушат. Кайын сиңдилерим менен курбудаймын, тыгыз катыштабыз. Кайненем: «Чыгармачылыгыңарды таштабагыла. Үй-бүлөгө да, чыгармачылыкка да жетишип бирге иштегиле. Мен колумдан келген колдоону көрсөтөм», - деп турат. Гастролго чыкканыбызда кассир болуп биз менен чогуу жүрдү. Өзү Казакстанда бизнес кылат. Тамак жасап күн сайын чакыра беришет. Кайненем: «Тартынба, бул сенин үйүң», - деп атып бат аралашып кеттим. Азыр өз үйүмдөгүдөй эркин жүрөм.

– Чыгармачыл адам менен табышкан турбайсыңбы?

– Ооба, ал тогуз жылдан бери чыгармачылыкта иштеп келет. Ырлары радиолордон берилип жүргөн, кафеде да музыкант болуп иштечү. Гастролдун түйшүгүн абдан жакшы билет. Таланттуу болгону менен колдоочусу жок жарк этип чыга алган эмес. Табиятынан жулунганды билбейт, ал жагын атама окшоштурам. Эгер жулунган адам болгондо эмдигиче популярдуулукка жетмек.

– Сен болочок кайненеңе жагыптырсың, Эрлан атаңдын купулуна толдубу?

– Атам аны сыртынан жактырган. Бир күнү: «Эрланды дагы толук билгим келет. Мен даватка баратам, Эрлан барбайбы?» - деп калды. Айтсам макул болуп атам менен дааватка чыккан. Ошондо атам: «Табиятынан жакшы адам экен», - деп кубанып келген. Кээде кыз-жигиттин ортосунда да уруш болот эмеспи, андайда атам: «Эрландан кетпейт, сен чукчуңдап жиберип атасың», - деп урушат. Анан да: “Турмушка чыккандан кийин үйгө келбейсиң”, - деп тарбиялайт. Бизди үйлөндүрүүгө баары даяр. Чындыгында мен деле убактым келгенин сезип турам. Жакында эле сиңдимди турмушка узаттым. Бирок үйлөнгөнчө чакан бизнес ачып алалы деп тойду жылдырып, чуркап жүрөм. Үй-бүлөгө акча келип турган жакшы эмеспи.

– Сиңдиң да кеткен болсо, сен атаңды кыйбай турсаң керек?

– Жаштайымдан көп нерсени көрдүм, турмушумда ар кандай соккулар болду. Бирок баары артта калды. Кечээ эле алдыдагы жашообуз кандай болот деп ойлончу элем, азыр атамдын жашоосу эң жакшы. Атам ушул жашоого татыктуу адам болчу. Сиңдим да мүнөзү атама окшогон оор басырыктуу адамга турмушка чыкты. Азыр баары ордуна келди, баарынан көңүлүм ток. Атам акыркы жылдары сиңдим экөөбүзгө эне да, ата да болду. Анан Жараткан буйруп дин жолунда жүргөн ыймандуу аялга жолукту. Апамдын балдары, бир туугандарымдын баары дин жолунда. Учурда атам, апам, эки иним болуп чогуу турушат. Атам тамадалык менен алек. Мен Канттагы үйүбүздө чоң энем менен турам.

– “Өгөй эне өз энеңдей болбойт” дешет го...

– Мен ал сөзгө такыр кошулбайм. Апам өтө мээримдүү, бизге ушунчалык жакын, саат сайын телефон чалып абалыбызды сурап турат. Мурда мындай мээримди көрбөгөнгөбү, айтор, апамдын мээримине ыраазымын. Сиңдимди турмушка сонун узатты, сеп даярдап бир ай чуркап жүрдү, төшөктүн баарын өз колу менен тикти. Апам “кызым жок” деп арман кылчу экен, эки кыздуу болду. Атам «уулум жок» десе, мен «агам же иним жок» дечүмүн. Атам уулдуу, мен ага-инилүү болдум. Эркек бир тууган тирек болот экен, инилерим телефон чалып абалымды сурашса кубанып калам. Атамды аталап кареги менен тең айланып турушканы жүрөгүмдү жылытат. Өткөндө атам алыс жолго чыгып жатканда байкем телефон чалып: «Ата, жол тайгак экен, абайлап айдап барып келиңиз», - десе, кубанганынан атамдын көзүнөн жаш тегеренди. Атама окшоп апамдын да башынан көп кыйынчылык өтүптүр. Өзү жалгыз үч баланы эч нерседен кем кылбай багам деп катуу иштеп бизнестерди куруп койгон экен. Азыр алардан акча түшүп турат. Өзү аялдык милдетин аткарып үйдө отурат. Апам түштүк жергесинен, ал жакта эркекти абдан сыйлашат экен. Апам атамды “сиз” деп, баарын көз карашынан билип турат.

– Канча жылдан бери иштеп жүрөсүң, сен өзүңө сеп камдап койсоң керек?

– Чынын айтсам, мурда сеп тууралуу түшүнүгүм деле жок эле, сиңдимди турмушка узатканда кыз кеткенде көп чыгым болорун түшүндүм (күлүп). Ошон үчүн да тойду артка жылдырып атам да. Өзүм азыр чакан бизнес менен алекмин. Тапкан-тергениме баарын чогултуп ата-энемди кыйнабагыдай болуп кетейин деп атам.

– “Жубайлар чыгармачыл адамдар болсо, үй каралбай калат” дешет го, сенин оюң кандай?

– Мен аял тың болсо, баарына жетишет деп ойлойм. Буга мисал катары «Кеңеш» тобун айткым келет. Эң жакшы жубайлар, чыгармачылык менен үй-бүлөнү бирдей алып жүрүшөт. Гүлмира эже абдан тың, мага көп акыл-насааттарды айтат. Эрлан экөөбүз тең жакшы тааныган адамдар болгондуктан аларды өзүбүзгө өкүл ата, өкүл апа кылып шайлаганы турабыз. Азыртан эле «ата, апа» деп атабыз. Мүзүр байке болсо бизге дуэт жазып бергени жатат.

 

Динара ЧОКОЕВА