Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Түйүлдүктүн абалы

8-жумадан баштап баланын мээси жана узун мээ аталган жүлүнү бар. Нерв клеткалары болсо активдүү өнүгүү жолунда. Азыр анын башынын көлөмү бүт денесинин жарымын түзөт. Кулагы менен көзү даана билинет, бирок мурду азырынча толук калыптана элек болгондуктан жок катары саналат. Бул жумадан баштап түйүлдүк кайсы жыныста экенине ылайык өнүгө баштайт. Ошондой эле учурда анын заара чыгаруучу каналдары калыптанууда. Эмне үчүн “кош бойлууга капаланууга, ачууланууга болбойт” дешет, билесизби? Себеби аялдагы стресс түйүлдүктүн гормоналдык өсүүсүнө терс таасир этет. Тагын айтканда, жыныстык органдарынын толук кандуу өөрчүүсүнө зыянын тийгизет. Түйүлдүктүн уул же кыз болуп төрөлөрү азыр табиятка гана маалым, ал эми УЗИ аппараты бул мөөнөттө аны көргөзө албайт.

 

Эненин абалы

Буга чейинки кош бойлуулукта болуучу ыңгайсыздыктар дагы деле уланууда. Экинчи айды жыйынтыктоочу бул айда аялдардын көпчүлүгү баланын ден соолугу үчүн тынчсыздана башташат. Мындай санаанын кереги жок. Эгер аялдын денеси жайылып, маал-маалы менен көңүл айлануу тынчын алып жана ажатканага каттоосу тынымсыз болуп жатса, кош бойлуулук жакшы уланып жатат. Бул маалда аялдын башкы милдети ден соолугуна сак болуу болуп саналат. Себеби иммунитет кескин түшүп кеткени үчүн азыр организм бардык оору-сыркоолорду тез кабыл алат. Андыктан адамдар топтошкон жерге баруу, эшикте көпкө жүрүү керек эмес. Кош бойлууларда токсикоздун шылтоосу менен башканыкына барып тамак ичүү адаты бар. Ырас, бир карап муну туура түшүнсө болот, бирок тынымсыз айылчылап жүрүп алуу сизге жарашпасын да эске алыңыз. Кусуу күнүнө 2-3 жолу болсо эч нерсе эмес, эгер 5 жолудан ашса тезинен доктурга кайрылуу керек. Ушул кезге чейин каттоого тура элек болсоңуз, анда ал - ушул жумадан кечиктирбей аткарчу иш. Керектүү документтерди алып тезинен аймактык бейтапканага жөнөңүз. Күчтүү тамактанууну улантып, ышталган, туздалган азыктардан баш тартыңыз.

 

Гүлайым Калыбекова