КАМИЛОВА Зинагүл: «КҮЙӨӨМДҮН ШАЛААКЫЛЫГЫ УШУГА ЖЕТКИРДИ»

Аял­за­ты­нын көтө­рү­мдүүлүгүн бекеринен жерге салыштырбаса керек. Бул аял да чыдамкайлыгы менен тирүүлөй жетим калган чиедей балдарын канатына калкалап өстүрүп, жашоо менен жалгыз күрөшүп баарына түтүп келет. Арманы ичине батпаган Зинагүл эже акыркы үмүтү менен элине арманын төгүп кайтты.

«Көздүн көгү кетсе да, көңүлдүн көгү кетпейт тура»

– Мен Ысык-Көлдүн кызы болом. Ошко ала качып кетип жолдошум менен отуз үч жыл жашадым. Ал аралыкта төрт балалуу болдук. Турмушубуз алгачкы жылдары эл катары өтүп жатты. Мен басма үйүндө эмгектенип жүрүп союз тарагандан кийин Бишкектен товар ташып соода кылдым, жолдошум болсо мектепте завхоз болуп эмгектенчү. Анан эле үйгө келбей калчу болду. Келсе ичип келип бала-бакырам менен кошо мени ур-токмокко ала баштады. Көрсө, мектепте иштеген бир бойдок келиндин үстүнө кирип жашап жүргөнүнө көп убакыт болуптур. Бир ирет бутум ооруп ордумдан тура албай үч күн жатып калдым. Балдарым кичинекей. Алар үч сутка ачка калышты. Айлам куруганда атаңа барып нандык акча сурап кел деп алты жашар уулумду чуркаттым. Бир аз убакыттан кийин эле аптыгып өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап келди. «Атам менен чоң атам мектептин ашканасында толтура пирожки менен чай ичип атышыптыр. Ачкамын десем эч нерсе бербей коюшту. Чоң атам «эмне, менин балам силерди багам деп өлүп кетеби?» деди” деп ыйлады. Ал балам азыр “ошондо эле атама болгон сезимим өчкөн” дейт. Балдар улам чоңойгон сайын “сенин атаң” деген сөздөн уялып бүттүк” деп намыс кылышып канча ирет келүүсүн суранышты. Келимиш этип кайра эле жоголуп жүрдү. Жалгыз кызым бойго жеткен маалында “ушинтсем атам эсине келээр бекен?” дегенби, айтор, дары ичип алыптыр. Доктурлардын күчү менен кызым араң дегенде аман калды. Эсине келгенден тарта «атам келдиби?» деп сурайт. Кызымдын шагы биротоло сынып калбасын деп тамак жасап туруп “ушул тамакты алып атаң кызына барып койсун” деп уулумду жиберсем балам шалпайып кайра келди. Себебин сурасам “тамакты кароолчу байке экөө жеп койду” дейт. Ошондо андан биротоло түңүлдүм. Ушинтип кордогончо көгала кылып уруп салса жеңил көтөрмөк болушум керек. Анткени көздүн көгү кетсе да, көңүлдүн көгү кетпес болуп уюп калат тура. Ошентип күйөөмдүн шалаакылыгынан ушинтип башталган тагдырым кыйын болуп калды.

«Кечирим сурап чөгөлөп келди да, келекелеп күлүп басып кетти..."

– Күндөрдүн биринде адатынча дагы келип калды. Менин күйөөмдөй адамдар сөзгө дагы уста болобу, айтор, бизден чөгөлөп кечирим сурап, экинчи бул жолго барбай тургандыгын, ит болгонун айтып ыйлады. Ошону эле күтүп турган биз кубанып, ага ишендик. Көп өтпөй мектепте болгон ашык чыгымдары, уурдап саткан, жоголгон буюмдары үчүн бересе болгонун билдирип үйүбүзгө доочу келе баштады. Бул маалда күйөөм бир-эки ай ичинде сонун киши болуп калганына толугу менен ишенип калган элек. Анан ага ишенип үйдү саттык да бересесин төлөдүк. Карызынан кутулган соң мүнөзү өзгөрө баштады. Биз болсо батирден батирге көчүп жашай баштадык. Уулум бир күнү «ата, үйдү жаңы алабыз же кайра баштан салабыз дедиңиз эле?..» деп сураса жооп бербей келекелеп күлүп туруп гана басып кетти. Ботодой боздоп бешөөбүз кала бердик. Балдарым жогорку окуу дегенди билбей көрүнгөнгө жалданып иштеп башташты.

«Аялым өлүп калган” дептир...»

– Ошондой оор күндөрдүн биринде бир алыс таанышымдын этегин кармап Казакстанга иштегени бардым. Күйөөм эч нерсе болбогон кишидей болуп артыман жетип барыптыр. Ал жактан да баягысындай артис болуп, баягы оюнун мага кайра башынан коюп берди. Бирок мен ага таптакыр ишенбес болгонумду айтып “экинчи көзүмө көрүнбө” деп жаныма жолотпой жүрдүм. Аңгыча эркектерге ылайык бир жумуш чыгып калып ага улуу баламды киргизейин деп жатсам, уулумдун жашы жетпей калды. Анан «мени киргизсең балдарга жардам берем. Жаныма тартып алганга шарт болот. Кечирип, мага ишен" деди. Аргасыз ага макул болдум, бирок дагы бир жолу алданганымды кеч билдим. Ошол жерде иштеп жүргөн бир күнү «аялым өлүп калган, балдарымды бүт бутунан тургузгам» деп калп айтып бир казак келиндин үстүнө кирип жашап алыптыр. Ошону менен кабары жок тентип кеткен. А мен балдарым менен жок турмуштун чеңгелинен чыга албай 16 жылдан бери батирлеп жүрөм.

 “Карапайым элден башка эч кимге ишенбей калдым”

– Катуу стресстен улам түрдүү дартка чалдыгып гормоналдык жактан организмимде кескин өзгөрүү болгонгобу, күн санап ичпей-жебей эле толуп баратам. Жайында “Дордой” базарында даараткана тазалап, чай саткандардын нан, тамагын ташышып, дарбыз алып сата коюп күнүмдүк курсак тойгузуу менен жан бактык. Эми ал иштердин мезгили бүтүп бош олтуруп калдым. Балдарым деле өз жашоолору менен алышып, мага каралашчу абалда эмес. Күйөөм экөөбүздүн жашообуз алардын тагдырында кайталанып жатканына кайгырам. Ата-энеси ажырашып кетип менин колумду карап калган бейкүнөө неберелерим бар. Быйыл аларды мектепке даярдай албай кыйналып турганымда “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду бир сыйра кийим, окуу-курал беришти. Ушул коомдогуларга терең ыраазычылык билдирем.

Мен бийликтин эшигин кагып тажагам. Алардан эч нерсе деле үмүт кылбайм. Биздин бийликтен эч пайда жок экенин билип калдым. Андан көрө карапайым калктын пейили кенен. Учурдагы абалыбыздын оордугун сөз менен айтып бере албайм. Батирдин акчасын төлөмөк тургай күнүмдүк жашоо үчүн азыгыбыз жок. Жашообузга аз да болсо жардам кылар деген үмүттө калың элге кабарымды айтып олтурам. Жардамыңыздарды аябаңыздар.

Зинагүл: 0771 31 89 83

 

Ызаат Тургунбаева