Глаукома – сокурдуктун негизги себеби

Эң назик орган – көз. Ага кайдыгер мамиле кылуудан ар кандай көз ооруларына кабылабыз. Ал оорулардын бири – глаукома. “Коркунучтуу оору” деп айтылган бул оору кандай себептерден пайда болот, белгилери кантип билинет, анын алдын алууга болобу, кеңири токтолобуз.

 

Сокурдукка себеп болгон оорулардын ичинен 2-орунда турган глаукома курак тандабайт. Кайсы гана куракта болбосун, пайда боло берет. Бирок бул оору көбүнчө кары адамдарда кездешет. Статистикалык маалыматтарга караганда, жаңы төрөлгөн балдардын он миңинин бирөөсү глаукомага кабылат. 40-50 жаш курактагыларда 0,1%, ал эми 60-75 жаш курактагыларда 1,5-2% глаукомага кабылуу коркунучу бар. Бул дартты өз убагында дарылабаса, көз таптакыр көрбөй калышы мүмкүн. Дүйнө боюнча глаукоманын таасиринен 5 миллион адам көрүүсүн жоготкон.

 

Себептери

– Көздөгү суюктуктун айланышынын бузулушу. Мындан улам көзгө суюктук чогулуп отуруп көздүн ички басымы жогорулайт. Көрүү нервине күч келип, көздүн кан айлануусу бузулат. Жыйынтыгында мээге көрүү сигналдары барбай калып адам начар көрө баштайт да, глаукома пайда болот.

– Көздүн ички структурасынын туура эмес өсүшү.

– Көздүн жаракат алышы, сезгенүү оорулары, көздүн чечекейинин абалынын же көлөмүнүн өзгөрүшү, көздүн ички шишиктери сыяктуу оорулардын таасири.

– Узак убакыт кортикостероиддерди кабыл алуу. Мисалы, астма же аутоиммундук оорулар менен ооруганда.

 

Белгилери

– Көз тумандашат. Өзгөчө караңгыда жакшы көрбөй калат;

– Көз ачышып ооруйт, кареги чоңоёт;

– Көрүү талаасы ичкерет;

– Жарыкка караганда көздүн алдында түрдүү тегерекчелер пайда болот;

– Предметтер даана көрүнбөйт;

– Көздүн алдында торчо пайда болот;

– Китеп окуганда кыйынчылык жаралат;

– Баш ооруйт (өзгөчө каштын үстү жагы менен чыкый);

– Кускусу келет.

 

Глаукомага кабылгандарга кеңештер

– Физикалык жана нервдик күч келтирүүдөн алыс болуңуз.

– Башты ылдый кылып жана караңгы бөлмөдө көп отурбаңыз.

– Телевизорду жарык жакшы тийген бөлмөдө жана туура абалда отуруп көрүңүз.

– Монитор же кагаз менен иштесеңиз, ар саат сайын 10-15 мүнөт тыныгуу жасаңыз.

– Суюктукту бир ичкенде дароо бир стакандан ашык ичпеңиз. Ошондой эле кечки саат 8ден кийин көп суу ичпеңиз.

– Тамеки менен алкоголдон алыс болуңуз.

– Мойнуңузду кыскан кийим кийбеңиз, галстук тагынбаңыз. Бул баш менен моюндагы кан айланууну кыйындатат.

– Сиз үчүн жакшы уйку жана кечки сейилдөө абдан маанилүү.

– Кечкисин ачуу, туздуу тамактарды жебеңиз. Анткени булар сууну көп талап кылат.

– Майсыз эт, балык, сүт азыктары, жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуп, чай, шекер, татымал, таттуулардан алыс болуңуз.

– Дары-дармектерди өз убагында кабыл алыңыз.

– Ар бир үч ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруңуз.

 

Алмазбек Исманкуловдун “Көз микрохирургия” госпиталынын офтальмологу, медицина илимдеринин кандидаты Чолпон Эсентуровна: “Глаукома – тукум куучу оору”

– Чолпон айым, глаукома кандай оору?

– Глаукома грек тилинен которгондо “көгүлтүр жашыл”, “жашыл көгүлтүр” дегенди билдирет. Анткени адам бул оору менен ооруганда көзүнүн өңү жогорудагы түстөрдөй болуп өзгөрүп калат. Негизи глаукома укумдан-тукумга өткөн оору болуп эсептелет. Бирок айрым бейтаптар ата-энесинин глаукома менен оорубагандыгын айтышат. Ата-энеси оорубаса да чоң эне, чоң атасы же алардын ата-энелери ооруган болушу мүмкүн. Акыркы күндөрү стресс, нерв, жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам глаукомага чалдыккандардын саны да өсүүдө.

– Эки көздө тең болобу же бир эле көз глаукома менен оорушу мүмкүнбү?

– Эки көздө тең болот, бирөөндө эрте, экинчисинде кечирээк башталат. Глаукоманын төмөнкүдөй түрлөрү бар: тубаса, жаш кездеги глаукома 5-35 жаштарда, биринчи даражадагы глаукома 40-60 жаштарда, экинчи даражадагы глаукома жаракат алганда, көздүн сезгенүүсүнөн пайда болот. Булардан башка ачык бурчтуу жана жабык бурчтуу деген да түрлөрү бар. Ачык бурчтуу глаукоманын алгачкы белгилери билинбей отуруп көздүн көрүүсү начарлайт, ал эми жабык бурчтуу болгондо көз ооруйт, кызарат. Глаукоманын алгачкы стадиясынын белгилери дээрлик билинбегендиктен көпчүлүк глаукомага кабылгандыгын кеч билишет. Ошондуктан өнүккөн стадиясына жеткенден кийин гана дарыгерге кайрылышат.

– Кайсы учурда операция кылынат?

– Тубаса глаукоманы операция кылышат. Тубаса глаукома менен төрөлгөн баланын көзү көгүш болуп, чели чоң болот жана жарыкты жакшы карай албайт. Глаукома – кант диабети сыяктуу өнөкөт оору. Бир пайда болот да, жоголуп кетпейт. Ошондуктан дарыгер глаукома деген диагноз койгондон баштап дарылоо курсун баштап андан ары өнүктүрбөгөнгө аракет кылыш керек. Ар бир 2-3 ай сайын өмүр бою дарыгерге көрүнүп туруу шарт. Эгер дарылар жардам бербей бейтаптын абалы оорлой баштаса тезинен операция кылууга туура келет.

– Дарылагандан кийин көзүнүн көрүүсү жакшырабы?

– Айрымдарда көзүнүн көрүүсү 80 пайызга чейин жакшырат. Бирок оорудан толук айыгып кете албайт.

– Кантип алдын алса болот?

– Глаукомага кабылып калбоо үчүн телевизорду көп көрбөй, компьютерде көп отурбаш керек. Ата-энесинин бирөөсү глаукома менен ооруса, өзү да көз доктурдун көзөмөлүнөн өтүшү керек. Кан тамыр, нерв оорулары менен ооруса, көзүнүн көрүүсү начарласа да сөзсүз көзүн текшертиши зарыл. Ошондой эле стресстен алыс болуп, көп эле “Асан Кайгы” боло бербеши керек. Мугалимдер, дарыгерлер, деги эле көз активдүү иштеген кесиптегилер көзүн маал-маалы менен текшертип туруусу маанилүү.

– Мындай оору менен ооруган аялдар төрөгөнгө болобу?

– Албетте, болот. Кош бойлуу кезде дарыгер аялга атайын кош бойлууларга ылайыктуу дары-дармектерди жазып берет. Бирок оору баласына өтүшү да мүмкүн. Ошондуктан бала бир жашка чыга электе көзүн текшертиш керек.

 

Шааркан Абдуллаева