Кесипкөйдүн жубайы болуу оңойбу?

Ар бир ийгиликтүү эркектин артында акылман жана күчтүү аял турары чындык. Биздин бүгүнкү каармандар - бул кептин чыныгы жашоодогу мисалдары. Эл үчүн кызмат кылган мырзанын жубайы болуу кандай экенин өз ооздорунан угалы.

 

Актёр Камчы Сарыбаевдин жубайы Элнура: “Майрамды биз менен эмес, эл менен тосот”

– Мен да кесибим боюнча актрисамын. Бирок экөөбүз тең тасмага тартылып же гастролдоп кетсек үйдүн куту кетип, балдарга жакшы тарбия берилбей калат деп Камчы экөөбүз башында эле мен иштебей турган болуп келишип алганбыз. Жолдошумдун ишин колдойм. Тасмада башка бирөөнүн жолдошун, сүйүктүүсүн аткарганы үчүн кызганбай, түшүнүү менен кабыл алам. Болгон иши ушул болсо айла жок да. Көп тасмаларда Асел Турдалиева эжебиз менен жуп болуп роль аткарат. Жалгыз гана актёрдук кесип менен бутка туруп үй-бүлө багуу мүмкүн эмес. Тасмаларга тартылуудан тышкары тамадалык кылып үй-бүлөбүздү каржылап келет. Иш менен жүрүп үйдө көп болбойт. “Каякта, ким менен жүрдүң, эмне кылдың?” деп сурабаганга аракет кылам. Себеби “аял тилин тыйса, эркек мойнун токтотсо, ошондо үй-бүлө болот” дейт эмеспи. Түнкү он экиден өтүп кеткенде кабатыр боло баштайм. Ошондуктан ал өзү дайынын айтып чалып турат. Камчы майрамды биз менен эмес, эл менен тосот. Биз баары өтүп кеткенден кийин үй-бүлөбүз менен отуруп майрамды белгиледи кылабыз. Жыл сайын Жаңы жылда жумушта болуп калчу эле, быйыл биз менен тосуп кубандырды. Бош убактысы болору менен балдарды сейилдетип, чымчыктардын уясын жасаганды, Ипподромго алып барып ат мингенди үйрөтөт. Колунан келишинче жакшы ата болгонго аракет кылганына кубанам.

 

Милиция кызматкери Азаров Талгаттын жубайы Рита: “Балдардын тарбиясы менин мойнумда”

– Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде ал милиция кызматкери эмес эле. Кийин ушул жоопкерчиликтүү, ошол эле учурда кооптуу кесиптин ээси болду. Өзү тандап киргенден кийин каршы болгон жокмун. Ошентсе дагы бейбаш адамдар менен иштеп, кылмыштуу окуялардын үстүндө жүргөнү мени сестентип башында кыйын эле болду. Башка кесиптин ээлери кезек менен же күнүнө сегиз саат иштесе, жолдошум дем алышсыз иштейт. Мен балдар менен үйдө жалгыз калам. Кеч болуп кеткенде уктай албай сарсанаа болом. Күн сайын жумушка кетерде иш күнү жеңил өтсө экен деп тилейм. Дайыма кийимдерин жууп, үтүктөп, тамагын даяр кылып турам. Себеби жумуштан жаңы эле келип отурганына карабай күнү-түнү ишке чакыра беришет. Жолдошумдун кызмат абалы өзгөргөн сайын башка регион, башка шаарга которушат. Аял киши күйөөсүнүн жанында болушу керек да. Ушуга чейин балдарыбыз менен төрт жолу жер алмаштырдык. Ал да бир түйшүктү жаратат, жаңы жер, жаңы адамдар менен таанышып тил табышып, көнүү оңой эмес. Мындай учурда баарынан да балдарга оор. Бир мектепке көнүп калган кезде кайра башка жакка которулушат. Жолдошум бош убактысында балдарга кеп-кеңешин айтып турганы менен алардын негизги тарбиясы менин мойнумда. Биздин, элдин коопсуздугун камсыздап эмгектенип жүргөн жолдошумдун ишин түшүнүүгө дайым аракет кылам.

 

Өрт өчүргүч кызматкери Жакшыбаев Тилектин жубайы Жылдыз: “Жумуштан көргөнүн бизге айтпайт”

– Жолдошум он жылдан бери тилсиз жоо менен алышып адамдардын өмүрүн сактап иштеп келет. Ал жумушка кеткен сайын өрттүн астында калып калбаса экен деп сарсанаа болом. Жылуулук каражаттары көп колдонулгандыктан башка мезгилдерге салыштырмалуу кышында өрт көп болот. Бир күн иштеп, үч күн бош болгону менен ири өрт чыкса жумушчулардын жетишсиздигинен улам эс алуу убактысы экенине карабай ишке чакырышат. Жумуштан көп учурда: “Бүгүнкү күн жаман өттү”, - деп келет. Бирок биздин жүрөгүбүздү оорутпайын деп күйүп калган, өлгөн адамдар тууралуу баарын айта бербейт. Ишин жакшы билгендиктен буга чейин жумуш учурунда күйүк же жаракат алган жок. Бирок психологиялык жактан баары бир жабыркайт экен. Дайыма маанайы түшүп, чарчап келет. Даамдуу тамак жасап көңүлүн ачып, жаман нерселерди унутканга жардам берүүгө аракет кылам. Балдарыбызды ойнотуп, аларга көңүл буруп чарчаганын жазат. Кичинекей балам да “өрт өчүргүч болом” деп кыялданат.

 

Тез жардам кызматкери Арзымат Артыкбаевдин жубайы Айпери: “Жолдошум бир айда он эле күн үйдө болот”

– Жолдошум беш жылдан бери тез жардам кызматында иштейт. Ал эми үй-бүлө болуп бирге жашаганыбызга үч жыл болду. Мен кичинекей наристем менен үйдөмүн. Бул кызмат менен үй-бүлө багуу оңой эмес. Ошондуктан жолдошум эки тез жардам кызматында катар эмгектенет. Экөөнө жетишүү үчүн бир айда он эле күн үйдө болот. Башында көнө албай кыйналгам. Бирок бара-бара бул кадыресе иштей сыяктанып калды. Мен да медицина тармагын бүткөндүктөн жумушун туура түшүнөм. Эки күн уктабай иштеп келгенине карабай үйгө келгенде бизге көңүл буруп жолдоштук, аталык мээримин бергенге аракет кылат. Көп учурда майрам күндөрү жумушта болуп калат. Мен кесиптештерин тааныгандыктан тамак жасап алып ишине барып турам. Бир-эки саатка суранып сейилдеп келебиз. Тез жардам кызматкеринин жубайы болуу мен үчүн оор эмес. Бирок эгер медициналык билимим болбосо, түшүнбөстүк көп болсо керек деп ойлойм. Анткени жолдошун бир жумада эки-үч жолу көрүп жашоого баары эле чыдабаса керек.

 

Ырчы Кубаныч Сатаевдин жубайы Кундуз: “Жолдошуңа эркиндик бериш керек”

– Чыгармачыл адамдар – элдин кишиси. Аларда концерт, гастроль, той, чакыруулар көп болот. Ошол учурда ырчы мырзалар үй-бүлөгө азыраак көңүл бурса, албетте, түшүнбөстүктөр келип чыгат. Ал эми жолдошум Кубаныч менен кесип боюнча көп деле көйгөйлөр чыкпайт. Себеби экөөбүз кеңешип жумуш кылабыз. Мен ар дайым жолдошумдун чыгармачылыгын колдоого аракет кылам. Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүн уга билүү керек экен. Аларга эркиндик бериш керек. Үйдөгү жакын адамың түшүнбөсө, колдобосо, адам тез эле чүнчүп же алыстап кетет деп ойлойм. Ошондуктан жолдошума жаңы чыгармаларды жаратуу учурунда акыл-насаат айтып, өсүп-өнүгүүсүнө дем-күч берем. “Ырчынын жубайы болуу оор” деп айтып жүргөндөр да бар. Жашоодо ар бир нерсенин жакшы жана жаман жагы болот. Болгону жагдай-шартка жараша түздөнүп, калыптанып жашоо керек. Негизи кеп кесипте же башкада эмес, жубайлардын мүнөзү төп келишсе, өмүр жолу ойдогудай уланат.

 

Жаңыл Исаева