ДЮШЕНКУЛ кызы Таалайгүл: “БАЛАМДЫН КЫЙНАЛГАНЫН КӨРҮП ЖҮРӨГҮМ ЭЗИЛЕТ”

Кыргызстанда жылына тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган 350дөн ашык наристеге операция жасалат. Бул сандын жыл санап өсүп жатканы жанды кейитет. Операцияга муктаж 5 айлык Байэлдин өмүрү учурда коркунучта. Уулунун өмүрү үчүн жан далбастаган ата-эне каражаттын тартыштыгынан улам элден жардам сурап редакциябызга кайрылды.

 

“Кенже уулум олуттуу оору менен төрөлүп калды”

– Мен Түп районундагы Балдай айылынан болом. 2007-жылы жакшы көргөн адамыма турмушка чыгып, Караколдо жашап келебиз. Ата-энелик бакытка ээ болуп үч кыз, эки уулдуу болдук. Улуу кызым 2-класста окуйт, кичүүлөрү алты, беш жаштарда, уулдарымдын улуусу үч жашка толду. Дагы бир уулдуу болсом деп жүрүп 2016-жылдын сентябрь айында тилегиме жетип эркек бала төрөдүм. Боюмда үч айлык кезинде катуу ооруп абдан кыйналгам. Аман-эсен көз жарып алганыма кубанып төрөт үйүнөн чыгайын деп жатканда баламдын тубаса жүрөк оорусу бар экенин билдиришти. Мындай төрөлүшүнө менин кош бойлуу кезде ооруганым себеп болгонун айтышууда. Анткени башка балдарым ден соолукта жакшынакай төрөлүшкөн. Дарыгерлер баланы ыйлатпай, оорутпай карасак, “жакшы болуп кетет” дешкен. Биз оорунун курчтугуна маани бербей жакшы карайбыз деген ой менен кеткенбиз.

 

“Балам операциясыз айыкпайт экен”

– Бирок кыйналып эмчек эме албай көгөрүп жатканынан Бишкекке ооруканага алып келүүгө аргасыз болдук. Ак халатчандар текшерүүдөн өткөргөндөн кийин операциясыз айыктырууга мүмкүн эмес экенин айтышты. Баламдын жүрөгүнүн үч клапанынын бирөөсү өспөй, иштебей жаткан экен. Операция жолу менен пластмасса коюлушу керектигин билдик. Дары-дармектерин кошпогондо 5500 доллар керек болуп жатат. Уулум дароо операция кылууга кичинекей болгондуктан “алты ай болгондо келсин” дешкен. Пластмасса койдургандан кийин сегиз жылда бир операция жасатып алмаштырып туруш керектигин Караколдогу доктур айтты. Андай болсо балама да, бизге да кыйын болот го. Анткени бир пластмасса эле 350 миң сом турат экен. Андан башка жолдорун сураштырсак, “донор таап, эттин ички терисинен алып чаптаса болот” дейт. Ал бала менен чогуу өсүп кетет экен. Баламдын канынын тобуна жолдошум менен эжемдики дал келди. Донор мурда, кийин эч кандай жугуштуу оорулар менен оорубаган болушу керек болгондуктан алардын анализин Бишкекке жөнөттүк. Эми кайра шаарга барганыбызда доктурлар “ошондой кылуу мүмкүн” десе, биз макул элек. Операция алдында баланын иммунитетин, гемоглобинин көтөрүп даярдаш керек деп февралдын онуна чакырышты.

 

“Каражаттын жетишсиздиги баламдын өмүрүн алып коюшу мүмкүн”

– Алдыда жасала турган операциясына акчаны кайдан табарыбызды билбей башыбыз катып, айлабыз түгөнүп турабыз. Өзүм иштебей, үйдө балдарды карап отурам. Үй-бүлөбүздү жалгыз баккан жолдошум 2012-жылы инфаркт болгондон кийин иштей албай калган. Күнүмдүк жеңил иштер табылып калса кыла коюп 500-600 сомдой таап келет. Дагы “Карысы бардын ырысы бар” болуп учурда биздин колубузда турган кайненемдин пенсиясы менен жашап келебиз. Уулум төрөлгөнгө чейин каражатка мынчалык муктаж болгон эмес элек. Ата-энеме кайрылайын десем, алар да учурда кыйналып турушат. Атам кант диабети менен ооруп ооруканада, апам бир эмчегин алдырып үйдө. Ушундай жокчулук, каражаттын жетишсиздиги баламдын өмүрүн алып коюшу мүмкүн болуп жатат. Мындай азапты, баланын оорусун душманыма да каалабайт элем.

“Кайрымдуулук кылган элдин акчасы мага келген жок”

– Баламдын өмүрүн сактап калыш үчүн бир топ жерге кайрылдым. “Кызыл Ай” коомуна барсам, “5000 сомдон ашык жардам бере албайбыз” дешти. Уят-сыйды жыйып уюлдук оператордун кеңсесине кирдим. Алар дагы “кайрымдуулук кыла албайбыз” дегенде аргасыз Ысык-Көлдүн телевидениесине жарыя бердим. Ал каналдан үч күн бекер көрсөтүп беришти. Ошондон кийин “берилген банктын дареги боюнча акча котордум” деп чала башташты. Банкка барып текшертсем, бир сом акча түшпөптүр. Көп өтпөй бир кыз чалып: “Мен сизге акча салсам кетпей кайра өзүмө келди. Сиз номерлерди туура эмес жазыптырсыз”, - деди. Көрсө, ал кыз банкта иштегендиктен эмнеге акча кетпей жатканын билген экен. Эсеп ачтырган банкка барып абалды түшүндүрдүм. Көрсө, кызматкер мага эсеп номерин толук бербей калган экен. Аны кайра башынан тууралап кайненемдин атына эсеп ачтырдык. Мен мурда, кийин банкка барып эсеп ачтырып көрбөгөндүктөн көрсөткөнүн алып телевидениеге берген элем. “Мурда “каражат котордум” дегендердин акчасы кандай болот?” – десем, “алар сизге жөнөттүм деп ойлошот, билип алып кетпесе акчалары ортодо калат”, - дейт.

 

“Учурда уулумдун абалы начар”

– Балама беш ай болсо да салмагы болгону 4 килограмм. Дарыгерлер “иммунитетин көтөрүп, салмак кошсун” дешкен эле. Эне сүтүн эмбегендиктен кальций жана суюк кошулмаларды берип жатам. Аны да иче албай кыйналып, дем жетишпей көгөрүп кетет. Жүз граммдык тамагын бир саат дегенде эптеп ичип бүтөт. Жакшынакай туруп эле үзүлүп бараткансып шалдырап калат да, анан ооздору титиреп ыйлайт. Ошондуктан түнү жолдошум уктабай караса, мен күндүз жанынан чыкпай отурам. Баламдын ыңаалаган үнүн укканда жүрөгүм эзилет. Жалгыз амалыбыз ушул болуп Кудайдан өмүрүн тилеп отурабыз. Уулумдун жашап кетиши үчүн кайдыгер карабай жардам берүүңүздөрдү суранам.

Банктын реквизити:

Ысык-Көл, Каракол филиалы: РСК Банк

БИК: 129 013

Эсеп-чоту: 1290133480000038

01302417348201001773

Алуучу: Джумабаева Шарапат Кемеровна

Байланыш номери: 0700 95 88 94

 

Жаңыл ИСАЕВА