Арыктатуучу салаттар

Калориясы аз бул салаттар организмдин шлактардан тазаланышына, ичегилердеги жана ткандардагы ашыкча майлардын сыртка чыгышына жардам берет. Баарынан мурун тамак сиңирүү процессин калыбына келтирип, териңизди тазалап сизди жаш, сулуу көрсөтөт.

 

«Щётка» салаты

Кандай азыктар керек?

Капуста: 100 г

Сабиз: 1 даана

Алма: 1-2 даана

Кызылча: 1 даана

Кургатылган кара өрүк: 50 г

Лимон ширеси: 1 чоң кашык

Өсүмдүк майы: 1 чоң кашык

Кантип жасалат?

Жашылчалардын кабыктарын аарчып, чийки түрүндө кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз да, ширесин чыгара эзип аралаштырасыз.

Алманы да кыргычтан өткөрүп жашылчаларга кошосуз.

Лимон ширеси, өсүмдүк майын кошуп аралаштырасыз.

Кургатылган кара өрүктү бир нече мүнөт кайнак сууга чылап коюп, андан кийин майдалап туурайсыз да, муну да салатка кошосуз.

 

Сабиз салат

Кандай азыктар керек?

Жашыл алма: 2 даана

Сабиз: 2 даана

Лимон ширеси: 2 чоң кашык

Зайтун майы: 1 чоң кашык

Кантип жасалат?

Сабиз менен алманы кыргычтан өткөрөсүз.

Лимон ширеси менен зайтун майын кошуп аралаштырып коёсуз.

 

Кызыл капуста салаты

Кандай азыктар керек?

Кызыл капуста: жарты

Бадыраң: 2-3 даана

Сабиз: 1 даана

Зайтун майы: 2 чоң кашык

Петрушка

Кантип жасалат?

Кызыл капустаны, бадыраңды, сабизди узун-узун майда кылып туурайсыз.

Баарын кошуп, ширесин чыгара эзесиз да, зайтун майы менен аралаштырасыз.

Аягында майда тууралган петрушканы кошуп коёсуз.

 

Жемиш салаты

Кандай азыктар керек?

Алма: 2 даана

Киви: 2 даана

Банан: 1 даана

Анар: 1 даана (кичине)

Йогурт

Кантип жасалат?

Жемиштердин бардыгын бирдей көлөмдө, бирдей формада туурайсыз.

Идишке салып, йогурт менен аралаштырып коёсуз.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА