Үйүңүздөгү эң кир буюмдарды билесизби?

Америкалык микробиологдор үйдө биз күн сайын колдонуп жүргөн эң кир буюмдардын жетөөсүн санап чыгышты.

 

1-орун Ашкана тактасы

Бактериялар эң көп чогулган буюм – ашкана тактасы. Аны ар бир пайдалануудан кийин ысык суу менен жууп, чүпүрөк менен кургата аарчып туруп, анан ордуна коюу зарыл. Ошондой эле бир ашканага 3-4 такта колдонуу сунушталат: этке, жашылча-жемишке, нанга өз-өзүнчө.

 

2-орун Телефон

Телефон да микробдор эң көп байырлаган буюм болуп эсептелинет. Аны күнүнө 2-3 жолу тазалоо сунуш кылынат.

 

3-орун Идиш жууган губка

Микробдор нымдуулукту сүйөрү баарыбызга белгилүү. А дайыма ным болуп турган буюм – идиш жууган губка. Аны жума сайын алмаштырып туруу талапка ылайык.

 

4-орун Душ парда

Жуунуучу бөлмөдөгү тосмо парданы ай сайын алмаштырып туруу керек.

 

5-орун Таштанды челек

Таштанды челекти айына эки жолу атайын каражаттар менен жууп, кургатып туруп кайрадан пайдалануу талапка ылайык.

 

6-орун Идиш жуугуч машина

Бул буюмдун бекемдөөчү резиналарына бактериялар көп чогулат. Ага жол бербөө үчүн жумасына бир жолу атайын каражаттардын жардамы менен тазалап туруу керек.

 

7-орун Кир жуугуч машина

Идиш жуугуч машина сыяктуу бул буюмдун да бекемдөөчү резиналарын ай сайын атайын каражаттардын жардамы менен жууп туруш керек.

 

Жаңыл ИСАЕВА