Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Мирлан

Туулган жылы: 1976-жыл 7-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: тазалыкта жумушчу болуп иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району

Кандай айымдар жагат? Оокатка тың, түшүнүктүү, туруктуу, боорукер, токтоо, жоош

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0707 12 68 71; 0770 63 27 79

– Мен ата-энемден эрте ажырагам. Бир туугандан да бак айтпаптыр, бир агам бар эле, ал да каза болгон. Алысыраак, бирок жакын туткан бир иним бар. Беш жыл мурун турмуш куруп уулдуу болгом. Тилекке каршы, балам ымыркай кезинде кайненем кызын алып кетип калды. Ошону менен ал жашоомо чекит коюлуп бойдокчулукта күн кечирип келем. Балам апасы менен, ага кез-кез барып турам. Эми кайрадан турмуш куруу тууралуу ойлоно баштадым. Мага 36 жаштан 40 жашка чейинки чүйлүк, көлдүк келиндер чалыңыздар. Бир баласы болсо багып алам. Көрсөтүлгөн курактан жаш кыз-келиндер чалып убара болбогула. Мага турмушту түшүнүп калган, жашоого олуттуу караган айымдар керек. 

 

Мирлан

Туулган жылы: 1981-жыл 15-январь

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: кесиби менен мектепте иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Кара-Көл шаары

Кандай айымдар жагат? Туруктуу, ден соолуктуу, сабырдуу, терең ойлонгон, токтоо

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0779 80 81 34

– Мен ойдогудай эле жакшы жашоо баштагам. Аялым экөөбүз беш жыл жашадык. Бирок балалуу боло алган жокпуз. Анын ден соолугуна байланыштуу балалуу боло албасыбыз белгилүү болгон соң уруш-талашы жок тынч эле ажырашып кеттик. Ошентип, үч жылдан бери жалгыз бой жашап келе жатам. Кайрадан турмуш куруп, бала жытын жыттап бактылуу жашоодо өмүр сүргүм келет. Мага башкысы ден соолугу бекем 25 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Жердиги маанилүү эмес. Бир-эки баласы болсо уул-кыз деп бөлбөй багып алууга даярмын. Анан, албетте, канымдан жаралган балдарга ата болуп тарбия бергим келет. Чалыңыздар.

 

Мурат

Туулган жылы: 1976-жыл 20-февраль

Кесиби: жок

Иштеген жери: эмерек жасаган цехте уста болуп иштейт

Жердиги: Чүй облусу Токмок шаары

Кандай айымдар жагат? Турмушка терең караган, токтоо, ыймандуу, акылдуу, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0555 10 27 56

Менин бир уулум бар. 15 жашка келип калды. Анын апасы менен бактылуу күн кечиргем. Тилекке каршы, кийин кайын журтумдун кийлигишүүсү менен балага да карабай ажырашып кеттик. Бирок экөөбүз кайрадан жарашууга жакшы эле аракет кылдык. Аялымдын деле көңүлү бар эле, бирок кайненем жолтоо болуп туруп алды. Айласыз эки башка жашоого көндүк. Балам апасынын колунда болуп, мага да келип турат. 7-8 жылым ойлонуу, толгонуу менен өтүп кетти. Эми кайрадан жаңы жашоо баштоодон башка жол калган жок. Эркек кишинин жалгыз бой жашаганы болбойт экен. Мага 23-24 жаштан баштап менин курагыма чейинки келиндер байланышыңыздар. Бир-эки баласы барлар деле тартынбай чала бериңиздер. Балада күнөө жок. Башкысы эки адам тил табышса, бала эч кандай жолтоо болбойт деп ойлойм. Бирөөнү пайдаланып кетүүнү каалаган бейбаштар чалып тынчымды албашыңыздарды алдын ала эскертем.

 

Акылай

Туулган жылы: 1990-жыл 30-май

Кесиби: жок

Иштеген жери: жок

Жердиги: Жалал-Абад облусу Чаткал району

Кандай мырзалар жагат? Жөнөкөй, жаман адаттары жок, ак көңүл, боорукер, туруктуу, эмгекчил

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0776 87 31 83

Мени 18 жашымда өзүмдөн он жаш улуу адам ала качып кеткен. Отургум келген эмес, бирок ата-энемдин кийлигишүүсү менен ал тагдырга баш ийип калгам. Күйөөм ичкиликке жакын адам экен. Мага кол көтөрбөгөнү менен жашообуз мен ойлогондой болгон жок. Ыркыбыз келишпей койду. Бир кыздуу болгон соң андан кетип калдым. Эки жылдан бери боймун. Кызымды бир тууган эжем карайт. Кызым аларга абдан көнүп алгандыктан мен жаңы жашоо баштасам деле аны жаныма албайм. Мага 1989-87-жылкы, жердиги Жалал-Абад облусунан болгон жигиттер чалыңыздар. Башымда бала болгондуктан балалууларды туура түшүнүп балдарын кабыл алам.

 

Бакыт

Туулган жылы: 1992-жыл 14-март

Кесиби: бычмачы

Иштеген жери: тигүү цехинде кесиби менен иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Каракол шаары

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, ата-энени сыйлаган, туруктуу, жылдыздуу, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0709 51 20 92; 0701 96 69 13

– 22 жашымда өзүм жактырып, көңүлүм каалаган кызга баш коштум. Ал да мага кайдыгер эмес эле. Жарым жылдай жашадык, бирок бул аралыкта бакытты анча сезе алган жокпуз. Ал обу жок кызганчаак экен. Мени бура бастырбай кызгана берип өзү да кыйналды, мени да кыйнады. Андан улам чыккан жаңжалдар чоң чатакка айланып акыры ажырашып кеттик. Бир жарым жыл бой жашадым. Эми 19 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндер менен таанышам. Бир баласы болсо багып алууга каршы эмесмин. Ата-энем деле туура түшүнүшөт деген ойдомун. Ата-энемден бөлүнүп жашайм, андыктан болочоктогу аялым зарыл кезде аларга ийилип кызмат кылууну билиши керек. Эскерте кетүүчү жагдай, мен түнкү кезекте иштеп, күндүзү эс алам. Андыктан күндүз гана чалыңыздар. Маякка жооп жок.