Тилек

 (Башталышы өткөн санда)

– Эмне?!

– Анын атасы өзүң экениңди жакшы билесиң, – муну укканда шалдая түштүм.

– Эми эмне кылыш керек дейсиң?

– Оюңа келгенди кыл, – деди.

– Сен оюңа келгенди айта бергендей, мен оюма келгенди кылбайм. Бул баш ооруну… – андан аркысын эмне дээримди билбей калдым.

– Бул баш ооруну мага эле калтырчы, Кудай жалгагыр!

– Бул эми экөөбүздүн баш оору.

– Мен сага али жарык дүйнөгө келе элек наристенин залакасын тийгизбей, өзүм эле асырайм. Бирок сенин эмне мынча тынчың кетти? Мындай сыноо башыңа келгенде бүжүрөп каларыңды күткөн эмесмин.

– Адегенде жарык дүйнөгө келер наристе жол караган атасыз жетим болуп каларын ойлодуңбу? Күнөөсүз бечаранын атасы болор-болбосумду күн мурунтан менден эмне сурабадың? Же менин тагдырымды сыртыман бычып калдыңбы?! Анын тагдыры, келечеги эмне болорун ойлодуң беле? «Атаң ким?» деген ар кимдин дейди суроосу баланы өмүр бою жер каратарын билесиңби?

– “Апамдын баласымын” деп айтат.

– Атасыз бала деген баары бир атасыз!

– Атасы сен… Тирүү турасың го!

– Ата деген сен ойлогондой тийип-качып, келип-кетип жүргөн жолбун ит эмес. Ал да баланын маңдайынан сылап, тизесине алып отуруп эркелеткендей болуш керек. Билсең, ата деген - үй-бүлөнүн төбөсүндөгү түндүк. А биз үй-бүлө эмес, ойношпуз, – бул сөз оозуман кантип чыгып кеткенин өзүм билбей калдым.

– Ойнош болсок ойношпуз. А эмне, ойноштон бала төрөгөндөр жок бекен? Эгер баланы атасыз өстүргүң келбесе, анда сенин токолуң болуп тиеин. Көнөсүңбү? – мени шакаба чеккенин да, чын айтканын да түшүнгөнүм жок, – анда үйүң бала бакчага айланып, өзүң айткандай, үстүбүздөгү түндүгүбүзгө айланасың. Анда сен мактаган Жаркындын эстүүлүгү чын болсо, ал байбичең кереге, мен, токолуң уук болом. Анан сендей түндүк кармап турса, кереге менен уук эмнеге кыйрасын.

Айжүз мени мыскылдап да, табалап да кирди.

– Чынында мындай жаңылык эр жигитти кубандырабы дедим эле. А сен кубанмак түгүл, заманың куурулуп кетти го, бечара.

Ортобуз жымжырт болуп калды. Экөөбүздүн ортобузда болгон жымжырттык биринчи жолу узакка созулду. Ал ыйлап жиберди.

– Эми мени эне болуу бактысынан ажыратар киши сен эмессиң. Зарлап тилеген баламдын тагдырына кейибе. Сага анын эч залакасын тийгизбейм. Жаныма караан болор жан шерикти өзүм асырайм. Мен да эне болуу бактысынан кечиккенимди түшүнүп тобокелге бардым. Менин жалгыздыгымды сен кайдан түшүнмөк элең. Күндөн-күнгө сени күткөндөн жададым. Сен келгенде кучагым толо тосуп алып, кайра кетериңде мына бул босогодон узаткандан жададым. Мына бу бөлмөнүн ичиндеги жалгыз караанымдан, жалгыз жаздыкты кучактап жаткандан жададым.

Эмне дейм? Башымды шылкыйтып отуруп бердим. Бөлмөдөгү чылымдын түтүнүнөн башым ооруй баштады. Айжүздүн негедир бүгүн бир дагы тал чылым чекпегенин байкап ичимен өзүмө-өзүм суроо бердим: «Эмнеге чекпей калган?» 

Айжүзгө келип-кетем, бирок мурдагыдай эмес. Ай-күнү жакындаган сайын ал мага таарынчаак болуп алды. Кээде болор-болбос нерседен чыртыйып калат. Ага дайыма врачтардын да, башкалардын да тыкыр көзөмөлү керек болду. Аны күнүгө көзөмөлгө алууга менин мүмкүнчүлүгүм жок, жанында көп учурда Ширин болуп атты.

Гинекологдор Айжүзгө “эркек бала төрөйсүң” дешиптир. Биз ошондуктан али төрөлө элек наристебиздин атын Жаншерик коюп алдык. Мен эми Айжүздү эле эмес, анын курсагында жаткан Жаншерикти да эркелетчү болдум. Келерим менен Айжүздүн курсагына алаканымды басып Жаншерик менен да учурашам, сүйлөшөм. Анын башы кайда, буту кайда экенин издегенимди Айжүз жактырарын билем. Ошон үчүн мен да Айжүздүн кытыгысын келтирип курсагын сылагандан жадабайм.

Тагдырдын тамашасы: Айжүз эле эмес, Жаркындын да боюнда бар болчу. Анын да ай-күнү жетип калган. Мүмкүн, Айжүздөн мурда төрөйт же удаалаш. Айтор, экөөнүн тең курсагы жер шарындай чендеет. Кимиси мурда, билбейм. Билгеним – Айжүз эркек төрөйт. А Жаркынчы?

***

Кар ошол күнү болуп көрбөгөндөй жаады. Шаар ичинде мурда мындай калың жааган карды көргөн эмесмин. Негедир ошондо жааган кар башыма чоң кайгыны кошо жаадыргандай сезилет. Кучагым толо гүл көтөрүп, төрөткананын терезесинен Айжүз качан көрүнөт деп Жаншериктин жарыкка келишин күткөм. Эртең менен иштеген жериме Ширин телефон чалып Айжүздү тез жардам менен төрөтканага жеткиргенин айткан. Абалын сурасам, «жакшы», - деди. Дароо жетип келдим. Себеби дайыма Жаркын да тез жардам менен төрөтканага жетер замат көз жарарын билчүмүн. Калың жааган карды кечип бир жарым сааттан ашык убакыт төрөткананын короосунда басып жүрдүм. Сууктан улам колумдагы гүлдөр бүрүшүп калганда аргасыздан ыргытканга туура келди. Гүл бир заматта кар астына көмүлүп өзүнчө апапак дөңчө пайда болду. Мен жаңыдан келгендеги жаап жаткан кардын өлчөмү кызыл ашыктан тез эле тизеге жеткени эсимде. Майда-майда кадам менен төрөткананын короосундагы карды таптап атканымда Ширин келип калды. Ошондо анын «жезде» дегенин биринчи уктум.

(Уландысы кийинки санда)

 

Олжобай Шакир