Айымгүл ИГАМБЕРДИЕВА: “БУЛ КҮНДӨР ДА ӨТӨР, БИРОК ЖАКШЫЛЫКТЫН ӨКСҮГҮ ӨЧПӨС...”

Эки күндөн кийин адам баласынын жүрөк үшүн алган авиа кырсык апаатына бир ай толот. 39 адамдын өмүрүн алган, канчалаган үй-бүлөгө күтүлбөгөн арман салган, 23 үйдү жер менен жер кылып, бейкүнөө балдарды жетим кылган кырсык али күнчө карапайым калктын жүрөгүндө кадалып турат. Биз ошол апаатта ата-энесинен, бир тууган карындаштарынан айрылган, бир бактылуу үй-бүлөдөн жалгыз калган Жакшылыктын таенеси Айымгүл Игамбердиева менен маектештик.

– Эже, кызыңыз Акмаралдын, күйөө балаңыз Уларбектин, неберелериңиз Сабина менен Айдайдын арты кайырлуу болсун. Эми мындайда бир нерсе деп көңүл айтуу дагы аябай оор нерсе. Бирок шейит кеткендерди, дегеле маркумдарды эскерүү тирүүлөрдүн парзы эмеспи. Ошондуктан сизге канчалык оор болсо да балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Эх, сиңдим, эмне дешти да билбейм. Энелик жүрөгүм тең ортосунан бөлүнгөндөй болуп турат. Ошол каргашалуу кырсык биздин тынч, бактылуу жашообузга будуң-чаң салып кетти. Мен жашап атканымды да сезбей нес абалда жүрөм. Кыз-күйөө баламдан, неберелеримден айрылганыма ишенбей жүрөм. Бир күнү жаркырап кирип келчүдөй сезилет. Аябай сагындым (ыйлап). Алар эми биздин эскерүүлөргө айланышты. Мен кызым менен акыркы жолу 15-январда сүйлөштүм. Ошол күнү жумушта болчумун. “Апа, эртең Сабинаны доктурга көргөзүп, анан үйгө бара кетем”, - деди. Мен: “Макул, келегой”, - дедим. Эртеси сменадан чыгып үйгө келдим. Аңгыча жолдошум чалып Дача-Суу тууралуу айтты. “Машинаны айдап келе кал, Акмаралга барып келели”, - деди, анын сөздөрүн угуп калтырап-титиреп, өзүмчө бир орунга тура албай жаман болуп чыктым. Жолдошум менин акыбалымды түшүндү окшойт, өзү келмек болду. Аңгыча кудам чалып: “Жакшылыкты Сокулуктун ооруканасына алып барышыптыр, кабар алсаңыз”, - деди. Ооруканага келсем Жакшылык отуруптур. Ага садагалап жалынып аттым. Бир убакта Жакшылык: “Таене, үйүбүз майда топурак болуп калды”, - деп атпайбы. Ошондо кан басымым көтөрүлүп өзүмдү жоготуп коюпмун. Анан дарыгерлер мени эс алдырышып, туугандарым үйгө алып келишти. Жанымды коёрго жер таппай жаман болуп аттым. Туугандарым “баары жакшы, балдар аман” деп жооткотуп атышты. “Эй, Алла, кызымдын колу же буту сынса мейли, өзүм багып алам. Жанын аман коё көр”, - деп тиленип аттым. Анан эле телевизордон өлгөндөрдү айтып жатышканда Уларбек кызы Айдай дегенди окуп калдым. Бакырып эле жыгылдым. Туугандар кудамдыкына алып келишти. Көрсө, мен төртөөнөн бирдей айрылыптырмын. Көзүм жамандыкты көрдү, кайрандарым, төртөө тең суналып жатышкан экен. Бир заматта төрт адамды жоготуу азабы айтпаса да түшүнүктүүдүр.

– Кайрат кылыңыз, Айымгүл эже.

– Чынында кайратым да калбады. Жолдошум экөөбүз өксүп ыйлап жүрөбүз. Куда-кудагыйдын көз жашы токтой элек. Биздикиндей тагдырды экинчи бирөө көрбөсүн. Бир бактылуу үй-бүлө жок болуп кетет деген эмне? Кандай гана шумдуктуу окуя! Кандай гана оор тагдыр! Бир үйдөн төрт өлүк чыкканын көрүү, ошону жашап өтүү, ошону баштан өткөрүү... Кандай гана адам чыдагыс азап экенин айтып берүүгө сөз жетпейт. Алтын кызым Акмаралым мени “апам ооруп калат” деп аяп жүрүп өзү эрте кетип калды. Ал болгону 26 жашта болчу. Гүлдөй жайнап турган убагы эле. Жолдошум Жумалы экөөбүздүн эки кызыбыз бар. Улуусу - Акмөөр, экинчиси - Акмарал. Акмарал эмнегедир эрте турмушка чыкты. Күйөө балам Уларбек экөө классташ болушкан. Бирин-бири аябай жакшы көрүп, бири-бирине арзып жүрүп үйлөнүшкөн эле. Баш кошушкан күндөн тарта эгиз козудай ээрчишип аябай ынак болушту, дайыма чогуу жүрүштү. Жыл айлангандан кийин тун уулу төрөлдү. Куда-кудагый неберебизге Жакшылык деген ат коюшту. Жакшылык эки жашка чыкканда Сабина төрөлдү. Алгач шаарда батирде жашашты. Анан экөө тең тырмалаңдап иштеп жүрүшүп ошо Дача-Суудан жер алышып, үй салышып, Жакшылык 4, Сабина 2 жашка чыкканда үйүнө киришкен. Айдай ошол үйгө киргенден кийин төрөлгөн эле. Анын атын күйөө баламдын өтүнүчү менен Айдай деп биз койгонбуз. Уларбек кызы Сабинаны, Акмарал Айдайды кучактаган боюнча кете беришиптир. Сабина 5 жашта, Айдай 1 жаш 6 айлык болчу. Наристелерим, айланайын периштелерим, эстесем жүрөгүм зыркырайт. Эми көздүн жашы кургабай өмүр бою ыйлап өтөм да, менин арманымдай арман жоктур, садагаң кетейиндерим, ай! Экөө бу жарыкчылыкта кандай ээрчишип жүрүшсө, тиги дүйнөгө да ошондой ээрчишип кете беришти.

– Эже, Жакшылык кандай жүрөт? Баланын жан дүйнөсү жанчылып, бактылуу балалыгы бир заматта, бир таңда ойрон болуп калбадыбы.

– Айтпа, сиңдим. Ал өзүнчө бир арман. Мен Жакшылык менен бул жоготуу тууралуу сүйлөшө албайм. Неберем нес абалдан али чыга элек. Психологго алып барып атышат. Ал деле эмне болгонун түшүнө албай жүрөт. Аны көрүп бир эзилем. Анын көзүнөн жаш чыкпайт, бирок ата-энеси жөнүндө сөз болгондо өңү бир башкача болуп аябай жаман абалда калат. Унчукпай бөлмөсүнө кирип кетет. Куда-кудагыйым ага атайын бир бөлмө жасап беришкен. Ал бөлмөдө ата-энесинин, карындаштарынын сүрөттөрүн чоңойтуп илип коюшкан экен. Кээде ошол бөлмөдөн чыкпай коёт. Уктарда ата-энесинин, карындаштарынын сүрөтүн кучактап жатат. Бул дүйнөдө энени баладан, баланы ата-энеден ажыратпасын. Бул күндөр да өтөр, бирок Жакшылыктын өксүгү өчпөс. Эми мен да, жолдошум, кудалар да бир Жакшылык үчүн жашоого, кыйынчылыкты жеңүүгө, ушул баланы эч нерседен кем кылбай тарбиялоого милдеттүүбүз. Жакшылык – өлгөндөн калган данегибиз, өчкөндөн жанган чырагыбыз. Ата-энесинин, бир туугандарынын калган өмүрүн Жакшылыкка берсин деп тилеп атам.

– Кечиресиз, Жакшылыкты ошол апааттуу күнү бүт дүйнө тааныды. А түгүл, аны “бала кылып алам” дегендер чыгып атты. Кандай абалда болдуңар?

– Жеке мен анда мындай нерселерди талдаганга шартым болгон жок да. Өз кайгым башымдан ашып атса каяктан. Бирок Жакшылыктын тагдырын ойлогондо жан дүйнөм сыздап атты. Бала да, пакиза дүйнөсү менен гана, балалыгы менен гана опол тоодой кайгыны көтөрүп турду го. Чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси турганда Жакшылыкты “мен багып алам” дегендери оор тиет экен. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылышканы туура эмес болуп калды. Ал кимдир бирөөлөргө пиар үчүн керек болсо, биз үчүн Жакшылык мындан кийинки жашообуздун үмүтү да. Илгери пайгамбарыбыз жетим-жесирлерди түн ичинде кыдырып, бере тургандарын аларга көрүнбөй эшигинин алдына коюп кетчү тура. Жакшылыкты жасап, аны жарыя кылуунун кандай кажети бар? Кылган жардамды Алла билсе болду эмеспи.

– Дагы бир жолу кечиресиз, Жакшылыкка бир жеке ишкер “бир бөлмөлүү батир берем” деп убада кылды. Батирдин тагдыры кантти?

– Ооба, ошентип маек бериптир. Бирок ал жеке ишкер өзү келип бетме-бет жолугуп айткан жок. Ошондуктан ал маселенин тагдыры кандай болот, убада аткарылабы же аткарылбайбы, мен эч нерсе айта албайм. Жеке мага неберем аман болсо, ден соолугу менен чоңойсо, ата-энеси, бир туугандары көрбөй кеткен күндөрдү көрүп, бактылуу болсо болду. Мен үчүн ошол - чоң байлык.

– Дача-Сууга бардыңызбы?

– Ал жакка барууга азырынча жүрөгүм даабайт. Дача-Сууну көрүүнү жүрөгүм көтөрө албаса керек. Жолдошум, туугандарыбыз барып куран окуп келишти. Мен Дача-Сууну оозума да алгым келбей калды. Чынымды айтайынчы, Акмаралдын, Уларбектин, Сабина менен Айдайдын сүрөттөрүн карай албай, кан басымым көтөрүлүп дары менен жашап атам. Күн алыс төртөөнүн бейитине барабыз, куран окуйбуз, Аллахтан акыреттик өмүрлөрүн тилейбиз.

– Угушума караганда, сиз азыр жумушка чыга албай иштөөгө дарманыңыз жок болуп атыптыр.

– Ооба, өзүм ак халатчан өмүр сакчысымын. Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы №1 ооруканада медайым болуп иштейм. Оорукананын жетекчилиги жана эмгек жамаат мага моралдык колдоо көрсөтүп, кезексиз эмгек өргүүсүнө чыгарышты. Азыр дарыланып атам. Жолдошум экөөбүздү туугандарыбыз колдоп атышат. Биз баарына ыраазыбыз. Ошондой эле жалпы элге да ыраазыбыз. Акмарал атасын жанынан артык көрчү. Кичинесинде атасынын алдына олтуруп алып машина айдачу эле. Балким, кызым эрте кетерин билип 18 жашында турмушка чыгып, сүйүктүү жар болуп, мээримдүү эне болуп, ыймандуу келин болгондур. Кудагыйым: “Акмарал бизге келин болуп келгенден тарта жарык дүйнөнү таштап кеткенче бир өйдө караган жок. Мен андан ыраазымын”, – деп ыйлайт.

– Акыркы жолу алар менен качан бирге болдуңуздар эле?

– Менин 50 жылдык маараке тоюмда баарыбыз бирге болуп эң бактылуу учурду башыбыздан өткөргөн элек. Кыздарым, күйөө балдарым, неберелерим, баары жадырап-жайнап кашымда жүрүшкөн. Эми мындан кийин төбөм көккө жетип турганда жүрөгүм муздап, жаш кеткен кызымды эстеп турармын. Ушул эскерүүм төртөөнүн бейитине койгон гүлдестем болсун.

 

Чолпон Асанова