Социалдык тармактардагы этика

Социалдык тармактарды колдонуучулардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Тилекке каршы, алардын баары эле социалдык тармактарда колдонулуучу тартиптерди, сүйлөшүүнүн эрежелерин биле беришпейт. Башкаларды иренжитип албоо үчүн социалдык тармактардагы этика тууралуу билип алуу керек.

 

1. Саламдашууну унутпаңыз.

Социалдык тармактагы досторуңуз менен жазышканда, жалпы суроо бергенде, билдирүүгө жооп кайтарууда сөзсүз саламдашуу керек.

 

2. Жаңы жазылган адамга дароо эч нерсени таңуулабаңыз.

Бул көрүнүш өзгөчө Фейсбук жана Инстаграм баракчаларында байкалат. Кимдир бирөө бирөөнүн баракчасына жазылса, ал адамга дароо постту бөлүшүп коюуну, “лайк” басып коюуну суранышат же ар кандай товар, кызматтарды сунушташат. Бул жазылган адамды сыйлабастыкка, аны жеке кызыкчылык үчүн гана колдонууга жатат.

 

3. Уруксатсыз бирөөнү сүрөткө же билдирүүгө белгилебеңиз.

Айрымдар өзүнүн сүрөтүн башкалар да көрсүн дегенсип, же өзү үчүн кызыктуу болгон маалыматты башкалар да окусун деп киргизген сүрөтүнө, же постуна бир нече адамды белгилешет. Алардын уруксатысыз белгилөө туура эмес. Биринчиден, сиз үчүн кызыктуу болгон нерсе башкаларга кызыксыз болушу мүмкүн. Экинчиден, ал адам сүрөтүн интернетке киргизгиси келбеши же сүрөткө жаман түшүп калган болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, белгиленгендиги тууралуу ал адамга да улам билдирүү барып турат, бул анын кыжырын келтириши ыктымал.

 

4. Твиттерди көп жарыялай бербеңиз.

Бул өзгөчө бизнесмендерге тиешелүү. Анткени алар бир нече мүнөттө эле көп сандаган твиттерди чыгарышат. Ошондуктан көпчүлүк колдонуучулар алардын баракчасынан качышат.

 

5. Хештегди аз колдонуңуз.

Экиден ашык хештег колдонуу этикага туура келбейт. Хештег актуалдуу, тема менен байланышы бар болушу керек. Узун хештегдерди да тандабаңыз.

 

6. Өзүмчүлдүккө жол бербеңиз.

Социалдык тармактарда бир топ ачсаңыз, ал жеке өзүңүздүкү эле эмес экендигин эске алыңыз. Топтогулардын бардыгын кызыктыра тургандай иш алып барыңыз. Жеке сүрөттөрүңүздү, маселелериңизди киргизе бербеңиз.

 

7. Ыраазычылык айтып туруңуз.

Сиздин баракчаңызга жазылгандарга көңүл буруп туруу керек экендигин унутпаңыз. Алардын жагымдуу билдирүүлөрүнө “лайк” басып, рахмат айтып туруу жакшы нерсе.

 

8. Адамга атын атап кайрылыңыз.

Муну көпчүлүк унутушат. “Чоң кыз”, “чоң жигит” деп кайрылуу туура эмес. Адамга атын атап кайрылуу менен сиз өзүңүздүн маданияттуулугуңузду, ошол адамды сыйлаганыңызды билдире аласыз.

 

9. Чоң тамгалар менен жазуудан алыс болуңуз.

Жалаң чоң тамгалар менен жазуу үнүн көтөрүп айтып жаткандыкты, же адамдын эске тутуусу начар деп ойлоп жаткандыкты билдирет.

 

10. Ар дайым сабаттуу болуңуз.

Чыныгы жашоодо адамды сырткы келбети, жүрүш-турушу боюнча бааласа, виртуалдык дүйнөдө жазганына карап баалашат. Жазышып жатканда оюңузду кыскача, так, туура, түшүнүктүү кылып жазып, тыныш белгилерди да коюуну унутпаңыз. Ошондой эле билдирүү жазганда жаргон, уят сөздөрдү колдонбоңуз. Башкаларда жактырбагандай сезим калтырасыз.

 

11. Өздүк маалыматыңызды чектеңиз.

Социалдык тармактарда дарегиңизди, телефон номериңизди толук жазып калтыруунун кажети жок. Кимдир бирөөгө керек болуп жатса жеке баракчасына гана жазсаңыз болот. Муну менен коопсуздугуңузду камсыз кылган болосуз. Аны менен катар бир адамдын телефон номерин коомчулуктан сурасаңыз, жеке баракчаңызга жазуусун сураныңыз. Билдирүүлөрдүн катарына жазып коюусу таптакыр туура эмес.

 

12. Сүрөт жүктөөдө этиет болуңуз.

Бир түшкөндө 3 жолу селфи кылып интернетке жүктөө маданиятсыздык. Биринчиден, бул көпчүлүккө жага бербейт. Экинчиден, окшош 3 сүрөттүн бирөөсүнөн келбетиңиздеги кемчилигиңиздин көрүнүп калышы айдан ачык. Ошондой эле ачык кийинип түшкөн сүрөтүңүздү жүктөбөңүз. Анткени эркектердин же айымдардын көңүлүн өзүңүзгө бурасыз, бирок туугандарыңызга бул нерсе жакпай калышы мүмкүн. Ошондой эле ою жамандар мындай сүрөттөрдү жаман максатта колдонуп коюшу ыктымал.

 

13. Башкалардын эмгегин сыйлаңыз.

Башка бирөөлөрдүн, же сайттардын материалдарын автордун уруксатысыз жеке постко жарыялоого болбойт жана этикага жатпайт.

 

14. Дайыма далил менен пикир калтырыңыз.

Эгер көпчүлүк менен бир теманы талкуулоого катышсаңыз, ар дайым аргумент, фактыларга таянып билдирүү жазыңыз. Куру сөз менен акылдуу боло бербеңиз.

 

15. Мактана бербеңиз.

Айрымдардын жеген тамагына, кайсы жерде эс алганына чейин ар бир кадамын интернетке жарыялоосу да этикага туура келбейт. Муну менен кубанычын тең бөлүшүп жатам деп ойлогону менен башкаларда мактангандай жагымсыз ой калтырат.

 

16. Сабырдуу болуңуз.

Эгер досуңуз онлайн болуп туруп, бирок сиздин катыңызга жооп бербей жатса, дароо ага таарынып же чалып алып жооп берүүсүн талап кылбаңыз. Мүмкүн, баракчасын жапканды унутуп кетип калгандыр же башка сайтта отургандыр. Бирок бирөөнүн жазган катына мүмкүн болушунча батыраак жооп берүүгө аракет кылган туура. Окуп туруп жооп бербей коюу текебердикке жатат.

 

17. Социалдык тармак аркылуу мамилени үзбөңүз.

Жактырган адамы менен социалдык тармактан эле мамилеге чекит коюу адамгерчиликсиздик. Мындай маселени жолугуп бетме-бет чечишкен оң. Кантсе да ал адамды буга чейин жактырып жүргөнсүз.

 

18. Маалыматты текшерип көрүп, анан бөлүшүңүз.

Социалдык тармактарда кимдир бирөөгө жардам керектиги, кимдир бирөө жоголгондугу тууралуу маалыматтар толтура. Аны текшерип көрбөй эле бөлүшүп коюу туура эмес. Балким, маалымат эски болуп ал адамга жардам керек болбой калгандыр. Же болбосо жоголгон адам табылгандыр.

 

19. Досуңузду сыйлаңыз.

Досуңуз тууралуу канчалык жакшы билсеңиз да аны досуңуздун баракчасына жарыялабаңыз. Ал тууралуу коомчулуктун да билүүсү шарт эмес.

 

20. Туш келди адам менен дос боло бербеңиз.

Көпчүлүк достордун санын көбөйтүү максатында ар кимди эле досторунун тизмесине кошо берет. Бул да туура эмес көрүнүш. Өзгөчө азыркы кооптуу заманда адамдар менен социалдык тармактан дос болууда этиет болуу алдамчылардын торуна түшүп калуунун, кылмыш ишке аралашып калуунун алдын алат.

 

Шааркан Абдуллаева