Бизнестин көзүн тапкан ырчылар

Улуу муундагы ырчы айымдардын көпчүлүгү «колумдан ырдагандан башка эч нерсе келбейт» деп келишсе, азыркы жаш жылдыз кыздар ырдагандан сырткары бизнес менен алектенишет.

 

Бизнести семичкедей чаккан Анжелика БЕКБОЛИЕВА

Анжелика ырчы кыздардын арасында бизнеске алгачкылардан болуп кадам таштаган. Ал 2008-жылы кызы Айыма төрөлгөндөн кийин «Айым style» сулуулук борборун ачкан. Андан төрт жыл өткөндөн кийин «Айым style» мода үйүн, кайра эле эки жылдан кийин «Umbro» спорттук кийимдерди саткан дүкөн ачууга жетишкен. Бизнести семичкедей чагып калган ырчы былтыр ири соода борборлорунун бирине «Trendy» аталышындагы айымдарга арналган бутигин ачты. Учурда бир нече адамды жумуш менен камсыз кылып келет.

Анжелика: “Бизнесимдин алдыга жылып жатканынын себеби эмгек менен өжөрлүктө деп ойлойм. Чоң акча менен ачып, бирок эмгектенбей, тырышып иштебей койсоң, кеткен акчаны кайрый албайсың. Мен ар бир ишти баштаганда сарптаган акчаны он эсе кайтарып алам деп абдан өжөрлөнүп, өзгөчөлөнүп, изденем. Салонум жаңы ачылганда мастерлерим бар болгону менен администраторум жок эле. Өзүм администратор, өзүм пол жуугуч болуп, сүлгүлөрдү да жуучумун. Таң атпай келип салонду ачып, түндө жаап кетчүмүн. Андан сырткары кардарларды боёнтуп, чач жасалга, тырмак жасоонун баарын кылып атып салондогу кызматтарды үйрөнүп алдым. Кийин клип тартмак болуп өзүмө жана эки бийчи кызга кыргыз көйнөк керек болду. Оюмдагыдай көйнөк жок болгондуктан базарга барып бир аз акчага баркыт кездеме сатып келип тиктим. Аны клиптен көргөндөр кыз узатууга сурап келе башташты. Өзүмдүкүн бергим келбей кайрылгандарга арнап тиге баштадым. “Дордойдо” күндүн суугунда кездеме издеп жүргөн күндөрүм болду. Ошентип, элдин талабы менен мода үйүм ачылган. Улуттук кийим той, кечелерге эле кийилбесе, масштабдуу түрдө кетпейт эмеспи, андыктан «сенин күнүмдүк кийип жүргөн кийимдериң жагат. Ошолорго окшоштуруп тиксең деле киймекпиз» деген сунуштар түшө баштады. Карап көрсөм, элдин чөнтөгүнө туура келген кийимдердин баары базарда сатылып, ири дүкөндөрдө кийимдер кымбат экен. Анан акча таппасак да ижарасын төлөп, элдин жылуу жерден арзан кийим тандап алышына шарт түзөлү деп өзүбүз кийимдерди тигип, «Бишкек Парк» соода борборундагы бутикте сатып атабыз”.

 

 

«Эркелени» бренд кылган Бактыгүл БАДЫЕВА

 

Бактыгүл Бадыева ырчы катары таанылгандан кийин, мындан жети жыл мурун алгач «Эркеле» сулуулук салонун ачкан. «Эркеле» деген атты бренд кылып алган ырчы төрт жылдан кийин «Эркеле» айымдар бутигин, былтыр «Эркеле» сулуулук мектебин ачты. Учурда бизнестери элдин оозуна алынып Бактыгүлдүн ити чөп жеп жаткан кез. Ал отуз адамга жумуш ордун түзүп берген.

Бактыгүл Бадыева: «Салон ачууну 7-классымдан баштап кыялдана баштагам. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот экен. Ырдап чыгып, чыгармачылыктан тапкан акчамды жыйнап 2010-жылы Кудайдын буйругу менен салонду ачып алдым. Жашоодо оңой оокат жок, ар бир нерсени аракет кылып, тырышып жасайсың, ошол эмгектин арты менен алгачкы бизнесимди түптөдүм. Мен Кудайга ишенип, Кудайдан гана суранам. Жакшы мастерлерди издеп, аларга мыкты шарттарды айтып чакырып иштечүбүз. Менин ийгилигимдин сыры жакшы жамаатымда. «Эркеле» бутигинде болсо чет өлкөдөн алынган жана өзүбүздүн колубуздан жаралган саркеч кийимдер сатылат. Былтыр июнь айында «Эркеле» сулуулук мектебин ачтым. Ал жактан айымдардын сулуулугуна кандай мастерлер талап кылынса, ошонун баарын башынан баштап окутуп, даяр мастерлерди чыгарабыз. Жумуштарым көп болгондуктан бизнестериме эжемди башкаруучу кылып койгом.

 

 

 

 

«Ханбийке» мода үйүн негиздеген Айгерим РАСУЛ кызы

 

Айгерим Жаңы жылдын алдында кызынын атынан «Ханбийке» мода үйүн ачканын Инстаграм аркылуу жарыялап, ханышалар кие турган түрдүү кече көйнөктөрүн өзү кийип жарнама кыла баштады. Анын Ош шаарында жайгашкан мода үйүндө тикмечилер, сатуучу болуп сегиз адам иштейт. Мода үйүндө кечеге кийилчү көйнөктөр, тагынчактар бар.

Айгерим Расул кызы: «Сахнага кийген формаларымды апам тигип берчү. Чыгыш стилиндеги формаларымдын кол менен жасай турган жерлеринин баарын өзүм жасачумун. Формалардын эскиздерин чийип, компьютерге миңге жакын кийимдердин дизайнын сактап койгом. Ошко келгенден бери кийим табуу жагынан абдан кыйналдым. Дүкөндөрдү кыдырып кийим таппайм, тиктиргенге буйрутма берсем, ойлогонумдай болбой калат. Баалары болсо абдан кымбат. Ошондой эле менин бир бөлмөмдү мурунку, азыркы кийимдерим ээлейт. «Кийимдериңди прокатка бересиңби же сатасыңбы?» деп сурагандар да арбын. Ошолордун баары түрткү болуп «Ханбийке» мода үйүн ачтым. Ал жакта өзүмдүн кийимдеримден тартып Түркия, Гуанчжоудан келген кече көйнөктөрү, кездемесин Дубай, Индиядан алып келип өзүбүз чыгарган коллекция жана бижутериялар да. Кийимдер сатылат жана прокатка берилет. Мода үйүн ачуу бир айда ишке ашты. Бирок, албетте, кыйынчылыктар менен. Мага оңой менен бир нерсе жакпайт, анан да сапаттуу болушун талап кылам. Андыктан алгач тигүүчүлөрүм оюмдагыдай тикпей, бир эле көйнөктү он-он беш жолу өзгөртүп атып жолго түштүк. Азыр ишке кирип, пайда түшүп калган кези. Дизайнер өзүммүн. Мага көмөк көрсөткөндөр жолдошум, кайын журтум, ата-энем болду. Ишимди үй-бүлөлүк бюджетибиз менен эле баштадым. Атам менен апам жардам кылып бир чоң партиядагы айымдарга арналган кече көйнөктөрүн Түркиядан алып келип беришти. Бирок азырынча кирешенин көбү чыгармачылыгымдан түшөт».

 

 

Кезек күтүүдөн тажап салон ачкан Самара КАРИМОВА

2016-жылдын март айында Самара Каримова Ош шаарына «Самара» сулуулук салонун ачкан. Ырчы Инстаграмдагы баракчасы аркылуу салонун жарнама кылып атып бат эле бутунан тургузуп алды көрүнөт, учурда пайда таап калган кези. Салондо алты адамга жумуш орду түзүлгөн.

Самара Каримова: «Биздин кесип дайыма жасанып жүрүүнү талап кылат. Мен боёнгонду визажист курбумдан үйрөнүп алганым менен профессионалдык макияж жасатарда мастерлерге кайрылчумун. Антип салондо кезек күтүп убактымды уттуруп жүргөн кезде «мен деле салон ачсам кандай болот?» деген ой келди. Жолдошум, жакындарым колдоп ал оюм ишке ашты. Жолдошум бизнести абдан жакшы түшүнөт, ал мага жол көрсөтүп, бизнестин сырларын үйрөттү. Албетте, жаңы башталган иш дароо эле гүлдөп кетпейт. Мен өзгөчө мастерлерден кыйналдым. Анткени эми баарын үйрөтүп койгондо турмушка чыгып кетет, же үйрөнүп алып башка жакка кетип калышат. Азыр эң жакшы мастерлерим бар. Кудайга шүгүр, пайда түшүп калды, жакшы иштеп атат. Ал жерде айымдарга керектүү косметика, бижутериялар да сатылат. Бирок салонума караганда пайданы чыгармачылыгымдан көбүрөөк табам. Убактым аз болгондуктан салонду кайын сиңдим экөөбүз иштетебиз. Бир жылда бизнесимди бутунан тургуза алдым, мунун сыры эмгек жана жарнамада болду. Жарнама жакшы болсо эле бизнес өнүгөт экен. Ага социалдык баракчалар, өзүмдүн ырчы болгонум чоң көмөкчү болду».

 

 

Бизнесин жаңыдан баштаган Асел КАДЫРБЕКОВА

 

Инстаграм баракчасынын көзүн тапкан ырчы Асел Кадырбекова аталган баракчанын таасири менен бизнеске сапар алды. Ал ушул баракчадан тапкан идеясын ишке ашырып ателье ачты. Бирок учурда атайын бутик ача элек. Бизнес жаатына чоң максат койгон ырчы кыз азыр эле эки адамды жумуш менен камсыз кылыптыр.

Асел Кадырбекова: «Көптөн бери бир иш баштайын деген кыялым бар болчу, бирок чыгынбай жүргөм. Инстаграмдагы баракчамдан «кийимдериңизди прокатка бербейсизби же сатпайсызбы?» деген купуя каттар абдан көп болду. Ушундай сунуштардан улам «демек, менин табитим кимдир бирөөгө жагат экен» деген ой келди да, план түзүп бизнеске кириштим. Мен азыр эң алгачкы кадамдарымды кылып жатам. Бизнесте өзүмдү жаңы төрөлгөн балага салыштырсам болот. Азырынча бизнестин жолун жакшы билбегенимден кардарларым көп болгону менен убакыт тар болуп мүчүлүштүктөр болуп атат. Мен ар бир кийимге өзүнчө буйрутма алгандыктан бир аз кыйынчылык болуп атат. Акырындан тажрыйба топтоп, чоңоюп бутикке айлансак деген пландар бар. Өзүмдүн эле көзөмөлүмдө болсун деп кардарлардын ар биринин өлчөмүн, буйрутмаларды өзүм эле алып атам. Кийимдердин эскизин өзүм чием. Кийген кийимдерим элге жагып аткандыктан өзүм кандай кийим кийгим келсе, ошону жаратканга аракет кылып атам. Көптөгөн кардарларды Инстаграм аркылуу таптым».

 

 

Динара ЧОКОЕВА