Бакыт Байсариевдин келинчеги Алия: «Бакыт тынчтыкты сүйөт эмеспи, биз тынч жашоону чечтик»

Тамада, шоумен, бийчи Бакыт Байсариевдин биринчи жашоосуна чекит коюп, кайрадан жаңы жашоо баштаганы жакында эле маалым болду. Учурда элдин көңүлү анын келинчегине бурулуп ар кандай сөздөр айтылып жатат. Жаркылдаган мүнөзгө ээ Алия элди кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.

– Алия, кызыңар торолуп калдыбы?

– Кызыбыз учурда үч айга кетти, торолуп көзгө көрүнүп калды. Бир жакка кеткенде дайыма чоң энесине таштайбыз. Чоң энесинин жумуштары болуп калса, таенеси карайт. Кызыбызга чоң атасы менен чоң апасы Айчолпон деген ысым беришкен. Кичинекей болсо да кылыктары бар. Атасына окшоп бир жерде тура албаган абдан активдүү кыз.

– Бакыт кандай ата болуп атат?

– Чынын айтсам, Бакыт мага караганда бала үчүн абдан жоопкерчиликтүү. Бир жакка барсак, «эртерээк үйгө баралычы, кызымды көпкө таштабайлычы?» - деп шашып турат, абдан баласаак. Жумуштан келгенде баланы карашып жардам берет. Бакытта баарын аял жасаш керек деген түшүнүк жок, аялзатын абдан сыйлайт. Учурда бала менен үйдөмүн да, мени ары-бери алып чыгып көңүлүмдү көтөрүп турат.

– Балалуу болгонго чейин эмне менен алек болчу элең?

– Кесибим - экономист, эсепчи. Бирок жогорку окуу жайын бүткөндөн бери кесибим менен иштей элекмин. Визажист болуп сулуулук салонунда иштеп жүргөм. Алдыда Бакыт экөөбүздүн жакшы ой-максаттарыбыз бар. Ал мага “сулуулук салонун ачып берем” деп жатат, буюрса, аракет кылып ишке ашыралы деп атабыз. Бакыт: «Акча үчүн эмес, өзүң ырахат алган жумушту танда», - дейт. Мен өзүмдү пунктуалдуу адаммын деп айта албайм, бир жакка барарда кечигип калам. Андыктан мамлекеттик жумушта иштей албасам керек деп ойлойм. Анын үстүнө сулуулук тармагында иштеген мага абдан жагат. Кызымды бир жашка чыгарып алсам, буюрса, иштейин деп ойлоп атам. Чоң энеси: «Мен эле карап алам», - дейт. Бакыт: «Үйдө жөн жатпай англис тилин үйрөнүп ал», - дегенинен англис тилин үйрөнүп аткам. Убактымды Бакытка, кызыма, үйгө жана англис тилин үйрөнгөнгө бөлүштүргөм.

– Бакыт экөөңөрдү тагдыр кайсы жактан жолуктурду?

– Мен мурда Бакыт Байсариев деген тамада, бийчини сыртынан гана билчүмүн. Эки жыл мурун экөөбүз Ысык-Көлдө эс алып жүрүп таанышып калдык. Ошол учурда анын биринчи никеси менен ажырашканына бир жылдай болуптур. Интернет аркылуу абалымды сурап жазып жүрдү. Кийин экөөбүз чогуу иштеп калдык, мен тойдун координатору болчумун. Жумушубуз бир болуп бири-бирибизди жакшы биле баштадык. Экөөбүз сегиз ай сүйлөшкөн соң үйлөнүү сунушун киргизди. Мен көпкө ойлонуп жүрүп макул болдум. Ошол маалда мен ооруп калып үйдөгүлөр түлөө кылышты. Бакыт ата-энем менен мурда таанышкан эле. Түлөөдө туугандарымдан, ата-энемден: «Үйлөнөлү деп ниет кылып атабыз, уруксат бериңиздер», - деп макулдуктарын сурады. Ата-энем жети өлчөп, бир кесип, анан макулдугун беришкен. Бакыт экөөбүз тең Ысык-Көлдөн болобуз, ортобузда үч-төрт эле айыл. Атам Бакыттын байкесин таанычу, андыктан Бакытты жакшы эле билишкен. Биз жаз айында баш кошуп, үйлөнүү тоюбузду күзгө белгилегенбиз. Бат эле жашообузга жаңылык кирип мен кош бойлуу болуп калдым. Жолдошум абдан камкор болгондуктан: «Күз суук болуп кетет. Жука көйнөкчөн жүрсөң суук тийип калат. Бир күн кечке турасың, бул сага оор», - деп үйлөнүү тойду жазга жылдырды. Буюрса, үйлөнүү тоюбуз менен кызыбыз Айчолпондун бешик тоюн чогуу берели деп турабыз. 

– Кандай болгон күндө да Бакыттын мурда турмуш курганы, эки баласы бар экени сени ойлондурган болсо керек?

– Жашырганда эмне, ойлондурганда да абдан ойлондурду. Бирок Бакыт мага эмнеге ажырашкандыгынын себебин түшүндүрүп берген. Адамдын башына эмнелер келбейт. Бакыт жаман киши эмес. Көңүлү шат, жаркылдаган адам, анын жанында өзүмдү дайыма жакшы сезем, көңүлүмдү көтөрүп турат. Ошондуктан ажырашуу киши өлтүрүү, уурулук сыяктуу кылмыш эмес. Эки адам тил табыша албай калгандагы көрүнүш деп ойлодум. Бакыттын эки баласы кайненем менен кайнатамдын үйүндө жашашат. Алардын атасы менен болуусуна эч качан каршы эмесмин. Айтсам, кээ бир адамдар ишенбейт, чындыгында алар мени абдан жакшы көрүшөт. Кайненемдердикине барып калганыбызда «эже, келиңиз, жатып кетиңиз» деп турушат. Тартиптери абдан жакшы балдар. Мен да аларга арам мамиле кылбайм, чогуу эле жүрө беребиз. Бирок алардын жакшы көргөн апасы бар, апасы келип алып кетип турат экен. Мен апанын ордун талашпайм. Бакыт ата катары камкор, бардык нерсе менен камсыз кылып, бош убактысын алар менен өткөрүп турат. Айрымдар айткандай, таштап кеткен эмес, эч качан таштабайт. Ата-энеси тил табыша албай калган үчүн бала күнөөлүү эмес, алар бактылуу балалыкта чоңоюшу керек.

– Билишимче, Бакыт - үйдүн жалгыз уулу, “жалгыз уул ата-эненин колунда болушу керек” деген түшүнүк бар го, силер эмнеге бөлүнүп кеттиңер эле?

– Ооба, азыр өзүнчө турабыз, анын да себеби бар. Айрымдар аны да туура эмес болжошот экен. Туурасын айтсам, кызыбыз жакында эле төрөлдү, ошондон кийин Бакыт: «Жылуу-жумшак кабат үйдөгү батирибизде жашай туралы», - деп калды. Кайнене-кайнатамдар менен Ак-Өргө жаңы конушунда турчубуз, ал жак жаңы конуш болгондуктан кээде жарык өчүп калса үй муздап калат. Такси да оңой менен барбайт. Бакыт күн сайын тойдон түнкү саат 12де чыгат. Тойдон сырткары жеке бизнес ачкан, ал жумушу түндө иштей турган көңүл ачуучу жумуш болгондуктан үйгө түн бир убакта, саат 3төрдө келет. Ага шаардын борборуна жашаганыбыз ыңгайлуу болду. Эми бир аз күн жылыса, кызыбыз да торолуп калат, ошондо Ак-Өргөгө барып ата-энебиз менен чогуу жашайбыз деген пландарыбыз бар.

– Бакыт үйгө түн ортосунда келсе, кызганыч болобу?

– Кызганыч ар бир адамда болот, бирок ага билдирбей ичимден эле кызганып коём, тынчын албайм. Адам сүйсө, эч качан башкага кетпейт, башканы карабайт. Менде Бакытка болгон ишеним бар. Ал турмушта көп нерсени көрдү, түшүндү, өзү: «Жашоодо эң башкысы үй-бүлө, тынч жашоо экен», - деп калат. Азыр ал тынчтыкты сүйөт, токтоо да болуп калганын байкайм. Экөөбүз баш кошконубузду да элге жар салган жокпуз, “бакыт тынчтыкты сүйөт” дейт го, тынч жашоону чечкенбиз.

– Бир нерселерди уюштурганга жөндөмдүү го, сени күтүлбөгөн сюрприздер менен көп кубантса керек?

– Ооба, ал сюрпризди абдан көп жасайт. Эсимде калгандарын айтсам: бир күнү телефон чалып: «Даярданып тур, мен азыр келем», - деди. Мен даярданып алып үч саат күттүм, жок. Телефон чалсам, «жумуштамын», - деп өчүрүп коёт. Бир убакта чалып: «Терезени кара», - деди. Терезеге барсам бантик байланган автоунаа келе жатат. Ага чейин экөөбүз автоунаа базарына барган элек, Porsche үлгүсүндөгү автоунааны жактырганымды айтсам, «шашпай э?» - деп кетип калган. Бакыт мага мурда RAV-4 үлгүсүндөгү автоунаа алып берип ошону айдап жүргөм. Менин кыялымдагы автоунаа абдан күтүлбөгөн белек болгон. Ошондой эле эң акыркы үлгүдөгү телефондорду белек кылып турат. Аны да сатып берем деп атайын алып барбайт, кокусунан алып келет. Мен да өзүмдүн милдеттеримди эч качан унутпайм. Үйүмдү таза кармап, кызымды жакшы карап, тамагымды жасап турам. Бакыт келгенде күнбү-түнбү, жаркылдап тосуп алып, тамак берем. «Ресторандын тамагынан тажагам», - деп калат, мен анын жакшы көргөн тамактарын жасап берип турам. Өзү тамак тандабайт, жасаган тамагымды мактап жесе, ага тамак жасап бергим келе берет. Ал үйгө келгенде тамак жеп, эс ала тургандай гана шарт түзүп коём. Ортобуз он эки жаш, мен аны «Бакыт байке», «сиз» дейм. Лидерликти болсо Бакыт байкеге өткөрүп берип койгом. Үйдөгү маселенин баарын ал чечет, ал - лидер. Баары анын айтканындай болот, өзүмдү-өзүм билем дебейм. Мен болгону дүкөнгө барганда гана лидер болом. Экөөбүздүн ортобузда чоң сый бар. Биздин максатыбыз - көп балалуу болуп, алардын баарын жай-жайына кондуруп коюп, дүйнөнү кыдырып саякаттоо.

– Шоу-бизнеске кызыгууң барбы, балким, жолдошуңдун арты менен сен да аралашып кетерсиң?

– Шоу-бизнеске мурда бир аз аралашып 15-16 жаштарымда «СинемАрт» продакшн студиясы менен иштешип, радиолордун жарнамаларына, андан сырткары ырчы Автандилдин «Ак куулар» деген ырынын клибине тартылгам. Ал чөйрө мага жага да баштаган. Бирок ата-энем «окууңду таштап саласың, билимди биринчи орунга кой» деп каршы болушкан. Мен алардын айтканын туура көрүп окуу жагына кеткем. Ата-энемдин кеңешин кабыл алганыма өкүнбөйм. Азыр болсо үй-бүлөнү биринчи орунга коём, шоу-бизнеске аралашуу тууралуу ой жок.

 

Динара ЧОКОЕВА