Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Түйүлдүктүн абалы

9-жума - 3-айдын башталышы. Азыр түйүлдүктүн көзү башка органдарына салыштырмалуу тез өнүгүп жатат. Анын сөөктөрү, колу, буту манжалары менен, кулак чөйчөгү жана үстүңкү эрини калыптанып калды. Ал эми жүрөгү үч камералуу болуп кадимки кызматын толук аткарууда. Күн сайын дем алуу, тамак сиңирүү системалары бекемделип жатат. Мындан ары түйүлдүк кадимки адам сыяктуу уктап, кайра ойгонуп турат. Ал эми анын кичинекей колдору менен буттары алгачкы кыймылдарын баштады. Бирок ал азыр абдан кичине болгондуктан мунун баары энеге, албетте, билинбейт. Ошондой эле ушул жумада анын соруу рефлекси калыптанат. Жакында ал баш бармагын сорууну адат кылат.

 

Эненин абалы

Бул маалда аял кош бойлуулугуна толук макул болуп, өзүн-өзү сүйүүсү кайрадан жандана баштайт. Кийимдерди кеңейтүү дал ушул айда, анан ич кийимдерден башталышы керек. Мындан ары ич кийимдин кооздорун гана эмес, сапаттуусун тандоого туура келет. Өзгөчө төшүңүздүн көлөмү чоңоё бергендиктен кененин тандаңыз. Кысылган кийим денени шишитет. Ал эми кусуу, жүрөк айлануу бул айда басаңдап калат. Эгер андай болбосо, азыраак чыдап туруңуз, 12 жумадан кийин мунун баары толук артта калат. Кош бойлуулук жараткан жагымсыз кырдаалдардан улам салмагыңыз азайып кеткен болсо, мындан ары салмагыңызга салмак кошула баштайт. Жарым фабрикаттар менен азыктанууга чекит коюп, баарын өз колуңуз менен жасап жеңиз. Бул жолдошуңузду эле эмес, курсагыңыздагы балаңызды да кубандырат. Аял эне болууну аң-сезими менен толук кабыл алган маалда төшөк оюндары ага ыңгайсыздык жарата баштайт. Бирок бул андан баш тартуу керек дегендик эмес. Эгер бойдон түшүү коркунучу жок болсо, белде, ичте өзгөчө оорутуу сезилбесе, төшөк жашоосу өз калыбында улана бериши керек. Бирок анда кылдат болуу керектигин унутпаңыз.

 

Гүлайым Калыбекова