Замандын кирешелүү жана пайдалуу иштери

Учурдун талабына ылайык, бүгүнкү күндө ишкерликтин ар кандай түрлөрү бар. Айрымдар кызматын көрсөтүү менен алардын пайдасын көрсө, башкалар ал кызматты пайдалануу менен ишин жеңилдетет. Аялдар арасында учурдун актуалдуу кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркыларына токтолобуз.

 

“Бир сааттык келин” конок тосуу кызматы

·          Эки тамак, төрт салат, төрт жеңил тамак жасоо;

·          Дасторкон жасоо;

·          Конокторду тосуп, тейлөө;

·          Идиштерди жууп, иреттөө кызматтарын көрсөтөт.

·          Кызмат көрсөтүү убактысы: 15 саат

·        Кызмат баасы: 25 конок үчүн 7000 сом.

 

Индира Темирканова, “Бир сааттык келин” кызматынын негиздөөчүсү: “Кызматкерлерибизди келин кылып алгысы келген кардарларыбыз көп”

– Индира, мындай кызматты ачуу идеясы кимдин оюна келди?

– Мен үйдө жалгыз келин болгондуктан конок тосууда кыйналчумун. Жардам бере турган абысындарым жок, же шаарда айылдагыдай болуп кошуналарды жардамга чакыра албайбыз. Андан улам үйгө келип жардам берген адамдар болсо деп ойлочумун. Бирге иштеген курбум менен сүйлөшүп отуруп ушундай кызмат тууралуу ойлоп жатканымды айтсам, ал конок тоскону жаткан экен, идеям купулуна толуп дароо колдоп кетти. Өткөн жылдын август айында бул долбоорду иштеп чыгып, сентябрда иш жүзүнө ашырдык. Биринчи кардарым курбум болду. Той-топур мезгилине туура келгендиктен, андан кийин да кардарлар үзүлгөн жок. Ар түрдүү мүнөздөгү, табиттеги кардарлар менен иштешип жатканыбызга карабай кыйынчылыктар дээрлик болгон жок. Ар бирине кылдаттык менен жакшы мамиле жасап жумушубузду так кылгандыктан баары ишибизге ыраазы болуп жатышат. Кыш мезгилинде иш токтоп калат го деп жаттым эле, январь айында он бештен ашык чакырууну тейледик.

– Бир чакырууга канча адам кызмат кылат?

– Жалпы жыйырма кызматкерибиз бар. Аларды төрт кишиден кылып топторго бөлүп койгонбуз. Бир топто ашпозчу, анын жардамчысы жана эки тейлөөчү кыз эмгектенет. Үйдө той болуп чакырышканда ушул төрт адам барып кызмат көрсөтөт. Ар биринин өзүнө тиешелүү жумушу бар. Ашпозчу тамагын, салаттарын жасап берсе, жардамчысы керектүү азык-түлүктөрүн аарчып, туурап даярдашат. Идиш-аяктарды жуу милдети дагы жардамчы кызматкердин мойнунда. Ал эми тейлөөчү кыздарыбыз дасторкон жайып, конокторду тосуп аларга кызмат көрсөтүшөт. Кызматкерлерге күчтүү талап коюп, мурда-кийин ресторанда иштеп тажрыйба топтогон, иштин майын чыгара кызмат кылгандардан тандап алганбыз. Ошол үйдүн келини бардай таасир калтыруу, жылуу атмосфера түзүп берүү - биздин милдетибиз. Иш учурунда официант кыздарыбыз келиндердей жоолук, халат кийип конок тосушуп, керек учурда жүгүнгөнгө чейин барышат. Кыздарыбызды жактырып, туугандарына же өз уулдарына “келин кылып алып берели” дегендер да чыгат.

– Кардар менен кандай шартта иштешесиздер?

– Кардар менен алдын ала жолугуп кайсы жерде, канча киши болорун тактайбыз. Кардарыбыз биздин менюдан тамактарды, салатты, жеңил тамактарды тандайт. Аларга кайсы азык канча өлчөмдө кетерин эсептеп беребиз. Конок келерине жети саат калганда биздин кызматкерлер барып ишке киришишет. Биздин топ он беш саат иштейт. Бул убакыттын ичинде коноктор узап кетсе дасторконду жыйнап, ар бир идишти жууп, кургатып, орду-ордуна жайгаштырышат. Эгерде конок 15 сааттан ашык отурса, кызматкерлерибиз ашканасын жыйнап, иретке келтирип, үй ээсине ишин тапшырып коюп кетишет. Биздин кардарга койгон бир талабыбыз - ашканага кичинекей балдарды жана билерман эжекелерди киргизбей, бир эле адамды дайындап коюу. Болбосо өз ишин мыкты билген ашпозчуга ар ким келип үйрөтө берсе туура эмес болуп калат. Мындан тышкары керектелүүчү азык-түлүктөрдү биздин кызматкерлер барганга чейин алып коюусун өтүнөбүз.

– Бул кызматты башкаргандан башка эмне менен алектенесиз?

– Өзүм коомдук иштер менен алектенгендиктен ар дайым оюма жаңы идеялар келип турат. Буюрса, келиндерди даярдоо мектебин ачканы жатабыз. Кыздарга тиккенди, тамак, салат жасаганды, болочоктогу жолдошу жана туугандары менен мамиле түзгөндү үйрөтүп, турмуш жолуна аттанган кыздарды даяр келин кылып чыгаралы деген оюм бар. Мындан тышкары психологиялык жактан даярдап, укуктарын дагы үйрөтөбүз. Учурда жаш үй-бүлөлөр арасында пикир келишпестиктер көп, биз бул мектеп аркылуу ажырашууну бир аз да болсо азайтабыз деп ойлойм.

 

“Бир сааттык бала багуучу” бала багуу кызматы

·          Баланы ойнотуу;

·          Уктатуу;

·          Тамагын берүү;

·          Кийимин жуу;

·          Сейилдетүү кызматтарын аткарат.

·          Кызмат баасы: саатына 100 сом.

 

Сарукиева Айдана, бала багуучу: “Кызым өзүмчүл болуп калбасын деп башка балдарды да багам”

– Айдана айым, тарбиялоо кызматын көрсөтүп иштешиңизге эмне себеп болду?

– Турмушка чыгып, балалуу болгондон бери үйдө отурам. Кызым эки жашка чыгып калды. Убакытты жөн өткөрбөйүн деп башкаларга “Бир сааттык бала багуучу” кызматын көрсөтүп баштадым. Бала өзү жалгыз болгондо кызганчаак, эрке жана өзүмчүл болуп чоңоёт. Кызымдын ушундай сапаттардан алыс болушун каалап башкалар менен аралаштырып ойнотуп, ошол эле учурда башка балдарды карап жатам. Экинчиден, башкаларга да, өзүмө дагы пайда кылып киреше табуудамын. Тарбиялоочу негизи сабырдуу болушу керек. Менин ушул мүнөзүм жана кичинекей балдарды жакшы көргөнүм бул ишимде эч кандай кыйынчылык жаратпайт.

– Өзүңүздүн кесибиңиз ким?

– Финансы жаатында жогорку билимим бар. “Башка эле кесиптин ээси, балдарды жакшы карай алабы?” деп чочуркап жатсаңыз жаңылышасыз. Бала кароо боюнча төрт жылдык тажрыйбам бар. Эжелеримдин балдарын багышып чоңойтком. Мындан сырткары эки жылдан бери мээримдүү энемин. Жолдошум дагы балдарды жакшы көрөт. Аларды өз баласындай эркелетип ойнотот.

– Балдарды жашына карабай ала бересизби?

– Негизи бирден жогору жаштагы балдарды карайм. Бирок ар кандай кырдаалдан улам беш-алты айлык балдарын карап берүүмдү суранып келгендер болот. Алардын абалын түшүнүп аргасыздан карап бергенге туура келет. Бир учурда бир канча баланы карабайм. Анткени бирөөнүн баласын карап берүү - өтө жоопкерчиликтүү иш. Ошондуктан бир баланы эле жакшы карап бергенге аракет кылам. Эгиз балдар болуп калса караган учурларым болгон.

– Түнгө калтыргандар да болобу?

– Кеч бошоп караңгыда алып кеткен учурлар көп эле болот. Бир жолу жалгыз бой эне баласын эки суткага калтырган эле. Ал өзү той өткөрүү боюнча администратор болуп иштечү экен. Көлгө иши чыгып калып баласын “эки күн карап бер” деп суранган. Баланы жаныма алып жатып, өзүмдүн кызымды жолдошумдун жанына жаткырып карадым.

– Кардарларыңыз сизди кантип таап келишет?

– Ата-энелер мени тааныштар аркылуу же интернетке берген жарнамам аркылуу таап келишет. Кээ бирлери “шашып жаттым эле” деп дароо таштап кетишсе, кээ бирлери үйгө келип таанышып, сүйлөшүшөт. Мен кардарларыма чай берип, үйдү көрсөтүп, өзүмдү тааныштырам. Баласын карап бере алышыма көздөрү жеткенде ишенимдүү ташташат.

– Ата-энелер тааныбаган эле адамга балдарын таштап кетүүдөн коркушпайбы?

– Албетте, чоочун бирөөгө баласын таштап кетүү тобокелге салуу да. Бирок азыркы жашоо ушундайга түртүп жатпайбы. Мага балдарын таштаган ата-энелердин көбү жамандык-жакшылыктарга кетип жатканда дайындашат. Мындан тышкары шаарыбызда жалгыз бой энелер көп экен. Алар балдарын балдар бакчасына бергенге шарты келбегендиктен жумуштарын бүтүрүп келгенге чейин мага ташташат. Үйүнө чакыргандар да болот, бирок өзүмдүн кызым кичинекей болгондуктан азырынча үйүмө эле алып карап жатам.

– Үйүңүздө бала багууга кандай шарттар түзүлгөн? Тамак-ашын ата-энелер алып келиш керекпи?

– Атайын бала карайт элем деп шарт түзгөн эмесмин. Үйүбүздө оюнчуктун түрлөрү, жумшак эмеректерибиз бар. Мындан тышкары эки ярустуу керебет алып койгонбуз. Үйүбүз эки бөлмөлүү болгону менен бала ойногонго ыңгайлуу. Ал эми тамак-ашын айрым ата-энелер өздөрү ала келишет. Көбүнчө кызыма жасаган тамактардан эле берем. Ал үчүн кошумча акча алынбайт.

 

Жаңыл ИСАЕВА