ЖУМАГҮЛ апа: “Келин жумшачу маалда майып балдарымдын азабын тартып келем”

Жумагүл эже - бала азабын тарткан арманы көп миңдеген энелердин бири. Аялдардын кубанычы менен көз жашын жаздымда калтырбаган биздин жамаат анын тагдырына да кайдыгер карабай гезит бетинен орун бердик.

 

“Көрбөгөн күнүм калган жок”

– Баткен облусунун Кадамжай районунан болом. Аты чыккан кадыр-барктуу адамдардын кызы болуп өстүм. 1975-жылдары ошол эле райондо жайгашкан Майдан айылына келин болуп, кийин жолдошумдун бир топ кордугун көрдүм. Ал мектепте мугалим болуп иштечү. Маданияттуу кесиптин ээси болгонуна карабай Кудайдын куттуу күнү ичип келип чыр чыгарчу. Балдарым үчүн жолдошумдун кылыктарына он сегиз жыл чыдадым. Бирок акыры ажырашып кеттик. Беш уулумду ата-энемдин жардамы менен өзүм чоңойттум. Жолдошумдан бир жардам болгон жок. Ал арактын артынан түшүп, улам катын алып кетирип жүрдү. Ата-энем көзү тирүүсүндө колдон-буттан алып жардам беришчү эле. Атам 105, апам 85 жашка чыгып менин жакшылыгымды көрбөй өтүп кетишти. Беш бир тууганым убагында кол кабыш кылып көп жардам беришти. Бирок алардын да өз үй-бүлөлөрү бар, бизге жардам бермек тургай, өзүлөрүнөн ашыра албай калышат. Менин көрбөгөн күнүм калган жок. Китепканачымын, аз айлыгына топук кылып иштеп келем жана балдарым оорушкандыктан майыптар менен иштөө борборунда дагы эмгектенем.

 

“Беш баламдын үчөө майып”

– Тун уулум Азиз 1976-жылкы. Баламдын кулагы укпайт, сүйлөй албайт. Ойноп-күлүп, сүйлөп эле жүргөн бала беш жашында ангина болуп, бир айдын ичинде ушундай майыпка айланган. Экинчи балам Асан 1979-жылкы. Он сегиз жашынан бери боор оорусу менен ооруйт. Үчүнчү уулум Автандил 1981-жылы төрөлгөн. Бул балам дагы угуу, сүйлөө жагынан майып. Алты жашка чыгайын дегенде менингит болуп, ооруканада он беш күн жатып укпай, сүйлөй албай калды. Аларды шаарга чейин алып келип көрсөткөм. Дарыгерлер эмнеге мындай болгонун билишпейт. Тукумубузда деле кулагы укпай майып болгондор жок экен. Төртүнчү уулум шаарда келинчеги менен турат. Кичүү балам айылдагы үйүбүздү карап калды. Балдарым чоңоюп мени бага турган маалы эле. Бирок мен келин жумшачу маалда майып балдардын азабын тартып келем. Кулагы укпаган эки уулум 2005-жылдан бери шаарда турушат. Мында ар кандай кара жумуштарда иштеп жандарын багып жатышкан эле, акыркы үч айдан бери жумуш таппай кыйналып жүрүшөт. Уулдарым ден соолуктарына карабай эмгекчил. Бирок адилетсиз адамдар алардын укпаганын, сүйлөй албаганын пайдаланып иштетип алышып, акчасын толук бербей коюшат.

 

“Экинчи уулума операция жасатуу керек”

– Өткөн жылы боору ооруган уулумдун абалы начарлап Кызыл-Кыядагы ооруканага жаткырсак, “биз дарылай албайбыз, баары бир өлөт, алып кеткиле” дешкенинен Бишкекке алып келдим. Бул жерде боордун циррозу деп диагноз чыгарышты. Дарыгерлер тез арада чет өлкөдөн боорду алмаштырыш керектигин айтышууда. Мындай операция Индияда 50 миң долларга жасалат экен. Чет мамлекетке алып барганга шартым жок эмне кыларымды билбей ары карап ыйлап, бери карап күлүп отурам. Уулумду он сегиз жашынан бери карап жүрүп көзүмдүн жашы калбады. Ооруканага төлөгөнгө акчам калбай он күнгө жетпей чыгарып кетүүгө мажбур болдум. Ошол эле учурда батирдин акчасын төлөй албаганым үчүн бизди эшикке чыгарып салышкан. Ооруп жаткан уулум экөөбүз шаардын четинде жайгашкан тун уулумдун бир бөлмөлүү батирине батышып жашап жатабыз. Ооруканадан чыкканда “күн сайын эки маал ичсин” деп бир топ дарыларды жазып беришкен. Ал дарыларын эсептесек, жумасына 20-30 миң сом кетет экен. Андай акча биздин түшүбүзгө да кирбейт го. Уулумдун абалы күн санап начарлап баратат. Менин пенсиям менен төртүнчү уулумдун иштеп тапканын ооруканага төлөгөнбүз. Уулумду айыктырам деп сатып жүрүп эми эч нерсем да калган жок.

 

“Уулумдун оорусу мени неберелеримен ажыратты”

– Асаным эл катары үйлөнүп үй-бүлө курган эле. Бир уулдуу болгондон кийин келиним “оорулуу күйөөнүн кереги жок” деп баланы таштап басып кеткен. Төртүнчү баламдын дагы биринчи аялынан эки уулу бар. Алардын апасы дагы башкага турмушка чыгып, балдарын бизге таштап кеткен болчу. Балам да үйлөнүп алып, неберелерим эч жакка батпай мен карап жаткан элем. Экөө 1-класста, бири 5-класста окуп жатышкан. Акыркы жылы Асандын абалы начарлап, неберелеримди караганга күчүм жетпей калганда аргасыздан үч неберемди тең Үч-Коргондогу интернатка бергенге туура келди. Жума сайын үйгө алып кетип жуунтуп, кайра жөнөтчү элем. Акыркы үч жумадан бери бара элекмин, “качан алып кетесиң?” деп чалып ыйлап жатышат. Жаныма алып келип шаардан интернат караштырайын десем, баламдын жанынан чыга албайм. Байкуштарым мени сагынып куса болуп жатышат. Бир жагынан оорулуу баламды ойлосом, бир жагынан неберелеримди ойлоп кимге кайрылып жардам сурарымды билбей жаным кейип турат. Ал аз келгенсип өзүмдүн ден соолугум да начарлап баратат. Уулум көп ооругандыктан буга чейин да шаарга дарыланганы келген. Мен аны багам деп келе жатып Өзгөндө авто кырсыкка учурагам. Колу-бутум сынып, башым чайкалып калган экен. Ошондон бери жакшы боло албай жүрөм. Ошентсе да баламдын кыйналганын көрүп өзүмдүн оорумду унутуп коём. Башкысы уулум жакшы болуп кетсе арманым жок эле.

Банктын реквизити: KICB Банк

БИК: 128015

Эсеп-чоту: 1280156036463087

Алуучу: Асанов Азизжан Асланбекович

Элсом: 0700 09 28 02

Байланыш номери: 0773 33 55 05

 

Жаңыл ИСАЕВА