Сүйүү: кечээ жана бүгүн

14-февраль - жаштар үчүн сүйүү майрамы. Жыл өткөн сайын ашыгына сүйүү сезимин билдирүү өтө жеңил болуп баратат. Бул майрамды майрамдашпаганы менен улуу муундагылардын сезимдери уккан жанды толкутат. Эмесе, кечээги менен бүгүнкү сезимдин айырмасын салыштырып көрөлү.

 

Табылды Актанов: «Көңүлү бар экенин мамилесинен улам байкагам…»

– Нарын театрында иштеп жүргөн кезимде жубайым да ал театрга ишке кирип экөөбүз кызматташ болуп калдык. Сүйлөшө келсек оюбуз, боюбуз туура келип, жылдызыбыз жанып калды. Ошол учурда жашыбыз жыйырмадан өтүп токтолуп калганбыз. Андай болсо да «көрүп калса эмне дейт?» деп театрдын жамаатынан уялып, шынаарлашып жанаша баспай, жашырынып жүрдүк. Бир жерди белгилеп алып, күн батканга чейин жолукканга шашчубуз. Болбосо караңгы кирген соң кыздардын эшикте жүргөнү уят болчу. Жолукканда да чыгармачылык тууралуу сүйлөп, өзүбүзгө байланыштуу сөздөрдү алыстан баштап келип, бирок уялып айта албай кетип калчумун. Жүрөгүмдөгү сүйүүнү айтууда «эмне дээр экен, жактырып турсам көңүлүмдү калтырып коёбу?» деген коркунуч болгон. Акыры чыдамым кеткенде чыгынып сезимимди билдирсем, ал дароо жооп бербей, «ойлоноюн» деп эки ай жүрүп алган. “Ойлонуп бүттүңбү?” деп сурамак белем, ичимден бушайман болуп жүрө бердим. Кийин көңүлү бар экенин мамилесинен улам байкап калдым. Бетинен өбүш да оңойго турган эмес, эптеп бир өпкөнгө батынгам. Бирок ал кездегилер азыркы кыздардай болуп кошо жабышып өбүшүшчү эмес. Манекендей болуп тура беришчү. Колунан кармап бир өпкөн соң бети, колубуз кызарып, ысып кайра 2-3 күн апасына же агайга айтып койбосо экен деп коркуп жүрчү элек. Өпкөндө унчукпаса, демек, кыздын көңүлү бар деген белги болчу. Жактырып турса да “макулмун” деп айтышчу эмес. Жубайым көчөнүн башында, мен аягында жашачумун. Ойлонуп: «Конок келип калды, жардам берип кой», - деп жөө эле ээрчитип келип жубай кылып алгам. Жеңең деле эртеби-кечпи менин аларымды сезип жүргөн да, кыз каадасы кылып ыйлап-сыктап, анан отуруп калган.

 

Эгемберди Чалабаев: «Бетинен өпкөнүмдү күн сайын 5-6 маал элестетчүмүн»

– Жубайым экөөбүз Алматыдагы театралдык институтта окуганбыз. Ал менден эки курс кичүү болчу. Бирок бизге дене тарбия сабагы чогуу өтүлчү. Бир ирет биздин курс волейбол ойноп калдык, кыздар карап отурушкан. Ойноп атып секиргенимде бир бутум тайып кетип чыканагым бир кыздын мурдуна тийди. Кыз бетин басып эле чыгып кетти. Кийин курсташтарым "жанагы кыз - кафедранын башчысы, профессор Каныбаеванын сиңдиси. Кечирим сурап кой" дешти. Барсам, мурду шишип кетип сабакка келбей калыптыр. Ошол боюнча унутулуп калды. Кийин 23-февраль күнү 1-курстарды куттуктап барып мен аккордеон менен ырдадым. Ошол жактан баягы кызга жолугуп кечирим сурасам, «аны унутуп калгам, сиз атайлаган жоксуз да», - деди сылык. Ошентип, экөөбүз таанышып, тил табышып таң атканча сүйлөштүк. Таңга жуук аны алыстагы эжесиникине жөө узатып барып сүйүүбүз башталып кетти. Кыз-жигит кезибизде «бүгүн саат мынчада, баланча жерден күтөм» деп кат жазып колума кармап алып, тыныгуу учурунда жанымдан өтүп бара жатканда шак кармата койчумун. Белгиленген жерге барып бир-бир жарым саат күтөм, келсе келди, келбесе жок. Бир күнү да болжошуп алып киного бардык, отурганда акырын колуна колумду тийгиздим. Колдорубуз тийишип олтурганынан ырахаттанып, жүрөгүм дүкүлдөп атып кинонун кандай бүткөнүн билбей калгам. Жайкы эс алууга чыкканда аны автобекетке узатып барып: «Жакшы бар», - деп биринчи ирет бетинен өпкөм. Бир саат мурун даярданып, айланчыктап атып араң өөп, ага кубанганымдан денем чымырап, өзүмчө эле булут үстүндө жүргөндөй болгом. Айылга баргандан кийин ошол бетинен өпкөн ирмем көз алдымдан кетпей, күн сайын 5-6 жолу элестетчүмүн. Эс алуудан келгенден кийин тартынып “сүйөм” дей албай, «мен сени жакшы көрөм», - деп сезимимди билдиргем. Ал унчуккан жок. Жумасына бир жолу дептердин төрт бетин толтуруп ыр аралаштырып кат жазчумун. Катымды берген маалдагы 2-3 мүнөттө анын караанын көрүп, жанында болгонум мен үчүн чоң бакыт болчу. Ошол 2-3 мүнөттү элестетип жатып уктачумун. Экөөбүз мен институтту бүткөндө баш кошуп, биз таанышкан 23-февраль күнү тун балалуу болгонбуз.

 

Борончу Кудайбергенов: «Сүйүүмө жетүү үчүн төрт жыл күрөшкөм»

– Армиядан келип “Кыргызавтомаш” заводуна ишке кирдим. Ленин заводунун маданият үйүндө өздүк чыгармачыл жамаат комуз, аккордеон черткенге үйрөтчү. Комуз үйрөнүүгө барсам, келинчегим да комуз чертип жүргөн экен. Эмнегедир топ кыздардын арасынан ошол кызды жактырып калдым. Гүл сунсам, киного чакырсам мени тоготчу эмес. Көрсө, «ушуга турмушка чыгамбы?» деп жактырчу эмес экен. Мен болсо кыш-жаз дебей кайра-кайра гүл көтөрүп бара бердим. Кыштын күндөрү гүлүмдү көтөрүп алып 2-3 саат күтүп турам. Ал чыкса чыгат, чыкпаса бирөөдөн берип жиберем. Ошентип, төрт жыл сүйүүм менен күрөшүп жүрүп акыры жеттим. Киного кыз алып баруу, туулган күнгө ээрчитип барып «менин кызым» деп тааныштыруу мода да, сыймык да болчу. Сүйүүмдү сөз менен айтууга эрким жетпей мамилем менен билдирчүмүн. Ээрчишип жүргөндө токтой калып эркелетип же гүл бергенде өбө калчумун. Өпкөндөн кийин бир топко чейин толкунданганды айтпа. Азыркылар кыз өпкөндө өзүнүн колун өзү өпкөндөй эле эч сезим жок экени байкалат. Сүйлөшүп жүргөнүмө карабай кайра ала качып алгам. Анткени ал кезде кыз ичинен макул болуп турса да «макул, баланчанчы күнү үйлөнөбүз» деп айтчу эмес. Чочулап ала качарымды да айткан жокмун. “Досумдун туулган күнүнө” деп аныкына алып бардым. Эртең менен жумушка кечигип калсын деп саатты артка жылдырдык. Келинчегим эртең менен туруп эшикти караса таң атып калган, саатты караса түн ортосу, жумушуна шашып калды. Мен эшикке Волга автоунаасына бантик, куурчак байлап даярдап койгом, “жумушуңа жеткирем” деп салып алып ала качып кеткем.

 

Акбар Сүйүнбаев: «Сүйлөшкөн кызымдан кол үзүп, Кундузга байланып калдым»

– Келинчегим Кундуз радиолордун биринде диджей болуп иштечү. Бир жолу мени эфирге чакырып «бетиңизге кандай кам көрөсүз?» деген темада интервью алып калды. Ошондо таанышып, телефон номерин алгам. Ал убакта сүйлөшкөн кызым экөөбүздүн мамилебиз солгундап бараткан эле. Арадан бир канча күн өткөндөн кийин Айт майрамы болуп Кундуздан «Айт маарек болсун» деген смс билдирүү келди. Негизи аны биринчи көргөндө эле жактыргам, бирок андан смс келерин күткөн эмесмин. Анан телефон чалып куттуктап, жакшы сүйлөшүп кеттик. 2-3 күн сайын чалып телефондон сүйлөшүп жүрдүк. Бирок «кой, мамилебиз олуттуу болуп кетпесин» деп чалбай койгом. 3-4 күндөн кийин: «Эмне жоксуң?» - деп өзү чалыптыр. «Эмнеге анча сарсанаа болдуң?» - десем, «сенин чалганыңа көнүп калыптырмын, жок болуп кетсең сарсанаа болуп сурап коёюн дедим», - деди. Ошондон кийин мурунку сүйлөшкөн кызымдан кол үздүм да, Кундузга байланып калдым. Кундузга: «Кыз менен сүйлөшкөнгө убактым жок, чыгармачылык менен иштешим керек. Үйлөнүү тууралуу оюм жок», - деп айтчумун. Ал «туура кыласың» деп жүрүп бир жылга жетпей тийип алды. Сүйүүмдү капысынан билдирип калгам, 15-февраль - туулган күнүм. 14-февраль күнү сюрприз болсун деп: «Кундуз, ушул күндөн баштап кыз-жигит бололу, мен сени жакшы көрөм», - дедим. Эртеси туулган күнүмө досторум менен тааныштырганы чакырсам, “келбейм”, - деген. Анын эртеси: «Каякка барайын?» - деп чалып туулган күнүмө келди. Бетинен ошол күнү биринчи жолу өптүм.

 

Алихан: «Сүйүүмдү билдиргенде күмүш тагынчактардын топтомун белек кылгам»

– Келинчегимди кичинекей кезинен эле тааныйм, анткени анын байкеси досум болчу, экөөбүз күрөшкө чогуу барчубуз. Алардын үйүнө кичинемден эле барып жүрчүмүн. Бирок ошол кичинекей кыз келинчегим болуп калат деген ой такыр болгон эмес. Арадан жылдар өтүп ал кыз суйкайып чоңойгон кезде экөөбүз капысынан кайра жолугуп, таанышып калдык. Мага абдан жагып калды. Байкесине: «Карындашың жагып калды, кыз-жигит болуп жүрүп атабыз», - деп ачык эле айттым. Сүйүүмдү билдиргенде күмүш тагынчактардын топтомун белек кылгам. Ал жакшы кабыл алып, дароо эле макул болгон. Жумасына болгону 2-3 жолу жолугуп ээрчишип киного, муз тепкенге барчубуз, же мен иштен, ал окуудан чыгып түштө бирге тамактанчубуз. Кыскасы, кыз-жигит кезде эң бактылуу күндөрдү өткөрдүк.

 

 

Динара ЧОКОЕВА