Картошкадан жасалган тамактар

Фаршталган картошка

Кандай азыктар керек?

Бирдей көлөмдөгү картошка: 12 даана

Каймак: 200 г

Фарш: 400 г

Сыр: 60-70 г

Пияз: 1-2 баш

Жумуртка: 1 даана

Туз, мурч

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Картошканы аарчып, кичинекей бычактын жардамы менен ортосун оюп алып саласыз. Картошка карарып кетпеш үчүн сууга сала туруңуз.

Пиязды майда чарчы кылып туурап, өсүмдүк майына кызарта кууруп аласыз.

Фаршка куурулган пиязды, жумуртканы, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

Картошкаларды ушул фарш менен толтурасыз да, сыртын кызарта кууруп аласыз.

Анан чуңкур калыпка тизип туруп, үстүнө тегиз кылып каймакты куясыз.

Фаршталган картошкаларды духовкага 45 мүнөттөй бышырасыз.

Бышарына 15 мүнөт калганда алып чыгып кыргычтан өткөрүлгөн сырды бетине себелеп, кайра салып коёсуз.

Дасторконго коёрдо майда тууралган көк чөптөрдөн себелеп коёсуз.

 

Казан-кебаб

Кандай азыктар керек?

Койдун сөөктүү эти: 1 кг

Куйрук май: 100 г

Картошка: 5-6 даана

Зире

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Этке туз, мурч жана зиреден себелеп бир саат тыныктырып коёсуз.

Куйрук майды туурап, кызып турган казанга салып эритип аласыз.

Картошкаларды кургата аарчып, майга кызарта кууруйсуз да, казандан чыгарып коёсуз.

Эми этти бир сыйра кууруп алып аны да чыгарып коёсуз.

Казандын түбүнө картошкаларды салып, анын түбүнө этти тизесиз.

100 грамм суу куюп туруп отту жайлатып, 40-45 мүнөт демдеп коёсуз.

 

Француз картошкасы

Кандай азыктар керек?

Картошка: 1 кг

Каймакмай: 50 г

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Кабыгы аарчылган картошканы жука туурап, туз менен мурчтан себелейсиз.

Чоң көмөч казандын түбүн майлап, картошкаларды бир нече катар кылып тизесиз. Ар бир катардын арасына эритилген каймакмайдан сүртүп туруңуз.

Көмөч казандын капкагын жаап туруп катуу ысытылган духовкада жарым саат бышырасыз.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА