Тиричиликти жеңилдетүүчү кеңештер

Лайфхак – заманбап түшүнүк боюнча биздин жашоону аз да болсо жөнөкөйлөтүүчү амалдар. Төмөнкү ашканадагы мындай амалдарга көңүл бөлүп, аларды жашооңузда пайдалана жүрүңүз.

 

Убактыңызды үнөмдөп бир убакта эки тарелка тамакты кичи толкундуу мешке ысытуу керекпи? Мындай учурда кружка сизге жардамга келет.

Керек учурда чыгарып пайдаланып, калган учурда түртүп киргизип коймо аш тактасы кожойке үчүн эң ыңгайлуу.

Таштанды үчүн тешиги бар болсо, андан да ыңгайлуу болот.

 

 

Майда тууралган көк чөптү муз салгычка бөлүп салып, үстүнө зайтун майынан куюп туруп тоңдуруп коёсуз. Ар бир тамакка бирден бөлүк музду кошуп турсаңыз тамагыңыз даамдуу болот.

 

 

Азыкты баштыкка сактоо, андан алып пайдалануу кожойке үчүн бир аз ыңгайсыздык жаратат. Бирок амалдуулар муну ойлоп табышты.

 

 

Татымалдар сапатын бузбай сакталышы үчүн аларды айнек идишке сактоо сунуш кылынат. Столдун астына орнотулган татымалдар үчүн бул жай эң сонун ойлонуп табылган.

 

 

 

Ашып калган кофени төкпөңүз. Муну да муз салгычка куюп тоңдуруп койсоңуз, кийин сүткө кошуп иче бересиз.

 

 

Күрүч, макарон, а түгүл, сүт бышырганда жыгач кепкирди мискейдин үстүнө коюп койсоңуз, ашып кетүүсүнүн алдын алган болосуз.

 

 

Жаңыл ИСАЕВА