Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Улукбек

Туулган жылы: 1988-жыл 24-февраль

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: кесиби менен эл ташып иштейт

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя шаары

Кандай айымдар жагат? Чыдамкай, туруктуу, турмушту алып кете турган, тың, жакшынакай 

Материалдык байлыгы: машинасы бар

Байланыш телефону: 0772 22 42 12

– Аялым экөөбүз эки жылдай жашадык. Бирок никебиз кыска экен, кийин ар кандай себептер менен ажырашып кеттик. Балалуу болгон эмеспиз. 3 жылдан бери бойдокчулукта күн кечирип, ата-энем менен бирге жашап келем. Мага кайрадан турмуш баштоого 25 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндер керек. Жердиги биздин райондон болсо абдан жакшы болот. Бир уулу же кызы болсо багып ала алам. Сураныч, бир гана олуттуу мамилени каалаган кыздар чалыңыздар.

 

Батма

Туулган жылы: 1993-жыл 28-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Ош облусу Ноокат району

Кандай мырзалар жагат? Ыймандуу, жаман адаттары жок, туруктуу, түшүнүктүү, ишенчиликтүү

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0776 24 93 01

– Жолдошум менен Москвада иштеп жүрүп таанышкам. Экөөбүз бир топ убакыт кыз-жигит болуп жүрүп кийин нике кыйдырганбыз. Кош бойлуу болгонумдан кийин мен Кыргызстанга келдим. Төрөп, уулубуз жарыкка келген соң жолдошум артымдан келип бирге бир айдай жашадык. Анан ар кандай себептер менен мен апамдыкында калып, ал кайрадан Москвага иштеп кетти. Ошондон көп өтпөй каза болуп калды. Угушума караганда, достору менен ичип алып шаар айланып жүрүп кырсыктаган экен. Ошентип, апамдын колунда уулумду карап жашап жаткан кезим. Эми убакытты өткөрбөй турмуш куруп үй-бүлөлүк жашоо баштагым келет. Мага 23 жаштан 28 жашка чейинки оштук мырзалар чалыңыздар. Балдары болсо балама кошуп бага берем. Башкысы ичкиликтен алыс болушун каалайм. Жумушу, үйү болсо жакшы болот. Айта кетүүчү нерсе, уулум 6 жашка чыкканга чейин менин колумда болот. 6 жаштан кийин апама биротоло берем. Анткени эркек бир тууганым жок. Ал апама уул болот.

 

 

Акылбек

Туулган жылы: 1989-жыл 28-декабрь

Кесиби: юрист

Иштеген жери: кесиби менен ири компанияда иштейт

Жердиги: Ош шаары

Кандай айымдар жагат? Оор басырыктуу, ыймандуу, акылдуу, назик, таза, билимдүү

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0773 46 11 44

Бир никем болгон. Беш ай жашаган соң тагдырдын буйругу менен эки айрылыш жолго түшкөнбүз. Балам жок. Эми кайрадан жаңы жашоо баштоого ниет кылып жатам. Мага өзүбүздүн эле Ош жергесинин келиндери керек. Бир талабым - турмуштан ажырашканы менен баласы жок болушу керек. Мен канымдан жаралган балдарга ата-эне болушубузду каалайм. Келечектеги келинчегим жогорку окуу жайды аяктаган, билимдүү болушу шарт. Айрыкча медициналык билими бар кыздар болсо сонун болот эле. Жашы 19-25 жаштын ортосунда гана болушу керек.

 

 

Мирлан

Туулган жылы: 1976-жыл 7-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: “Тазалыкта” жумушчу болуп иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району

Кандай айымдар жагат? Оокатка тың, түшүнүктүү, туруктуу, боорукер, токтоо, жоош 

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0707 12 68 71; 0770 63 27 79

Мен ата-энемден эрте ажырагам. Бир туугандан да бак айтпаптыр, бир агам бар эле, ал да каза болгон. Алысыраак, бирок жакын туткан бир иним бар. Беш жыл мурун турмуш куруп уулдуу болгом. Тилекке каршы, балам ымыркай кезинде кайненем кызын алып кетип калды. Ошону менен ал жашоомо чекит коюлуп бойдокчулукта күн кечирип келем. Балам апасы менен, ага кез-кез барып турам. Эми кайрадан турмуш куруу тууралуу ойлоно баштадым. Мага 36 жаштан 40 жашка чейинки чүйлүк, көлдүк келиндер чалыңыздар. Бир баласы болсо багып алам. Көрсөтүлгөн курактан жаш кыз-келиндер чалып убара болбогула. Мага турмушту түшүнүп калган, жашоого олуттуу караган айымдар керек. 

 

 

Мурат

Туулган жылы: 1976-жыл 20-февраль

Кесиби: жок

Иштеген жери: эмерек жасаган цехте уста болуп иштейт 

Жердиги: Чүй облусу Токмок шаары

Кандай айымдар жагат? Турмушка терең караган, токтоо, ыймандуу, акылдуу, жылдыздуу 

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0555 10 27 56

– Менин бир уулум бар. 15 жашка келип калды. Анын апасы менен бактылуу күн кечиргем. Тилекке каршы, кийин кайын журтумдун кийлигишүүсү менен ажырашып кеттик. Кийин кайрадан жарашууга жакшы эле аракет кылдык. Аялымдын деле көңүлү бар эле, бирок кайненем жолтоо болуп туруп алды. Айласыз эки башка жашоого көндүк. Балам апасынын колунда болуп, мага да келип турат. 7-8 жылым ойлонуу, толгонуу менен өтүп кетти. Эми кайрадан жаңы жашоо баштоодон башка жол калган жок. Эркек кишинин жалгыз бой жашаганы болбойт экен. Мага 23-24 жаштан баштап менин курагыма чейинки келиндер байланышыңыздар. Бир-эки баласы барлар деле тартынбай чала бериңиздер. Балада күнөө жок. Башкысы эки адам тил табышса, бала эч кандай жолтоо болбойт деп ойлойм. Бирөөнү пайдаланып кетүүнү каалаган бейбаштар чалып тынчымды албашыңыздарды алдын ала эскертем.