“Өлүүмүнбү же тирүүмүнбү?”

Ата-энем тоодо малчы болгондуктан мен айылда карыган чоң ата, чоң энемдин колунда тарбияландым. Менин баарына жаккан элпек, баёо мүнөзүм алардан алган тарбиямдан болсо керек. Анан мектепте жакшы бааларга окусам да кыздарга эркин аралаша албай үйгө шашып, чоң энемдин каарынан коркуп чоңойдум. 11-классты аяктаган соң эмне кыларымды ойлонгон эмесмин. Анткени ата-энем мен бүтүрүүчү класска кирерде эле айылга келип “чоң энең карыды, чоң атаң оорукчан болуп калды. Бөбөктөрүңдү карашып, кирин жууп, тамагын жасап айылда эле бол. Окуп ким гүлдөп кетиптир” деп мени макул кылышкан. Баары алар айткандай болду.

Классташтарым арты-артынан борборго, эч болбогону облустун борборуна агылып башташты. Мен да аларга окшошкум келгеним менен кыялыма жетпей айылда кала бердим. Бир күнү кечке маал булактан суу алып келаткам. Көчөнүн үйгө кайрылышынан бир машинени айланчыктаган балдарды көрүп чочуп кеттим. Бир көз салып бизден 4-5 жашка улуу байкелер экенин тааныганга үлгүрдүм. Алардын баары мени карап тургандыктан ого бетер сүрдөнүп, кызарып кеттим. Бирок баары бир алардын жанынан өтүүм керек эле. Билмексен боло кадамымды уладым. Ичимден “булар биздин көчөгө эмне келишкен?” деп ойлонгонумча болбой алар мени карай кадам коюшту. Анан заматта каткырык, күлкүгө “бол, ал, сал” деген үндөр кошулуп, будаланып барып машинеге отуруп калдым. Чакадагы суум төгүлүп, бутума илген кепичтин бири көчөдө калды.

***

Энем акыркы күндөрү басса-турса: “Кыздын барар жери - күйөө. Отурган кыз ордун табат, аттаган босогону чанбаш керек”, - деп айтып калган эле. Көрсө, чоң атам экөө эбак эле менин үстүмдөн тон бычып коюшкан тура. Чоң атамдын бир кездеги жакшы кесиптешине келин болуп айылыбыздын бир башын төркүн, бир башын кайын журт кылып жашоо баштадым.

Жолдошум Рыскул менин көңүлүмдү бат эле тапты. Ал - бир үйдүн жалгыз баласы. Ал да мен сыяктуу ата-энесинин тили менен айылда калганын башынан билчүмүн. Кээде анын унаасы менен райборборго каттап калганымда Рыскул байкеге кандай аял туш келет болду экен деп ойлоп койчу элем. Тагдыр буйруп ак никелүү жары өзүм болдум. Кайнене-кайнатам да жакшы адамдар. Басып-туруп баласына бир жалынса, мага эки жалынышат. Кайненем мен барган күндөн көп өтпөй эле: “Накубай, аялдын бактысы бала тура, көп бала төрө. Рыскулум жалгыз уул болуп өстү. Кыз эмне, башканын баласы экен, уулдун жалгыз болгону жаман экен. Төрөй бер, өзүм эле багып чоңойтом”, - деп кулагыма куя баштады.

Алардын ата-энелик тилеги кабыл болдубу же Жараткан Рыскул экөөбүздү ушинтип бири-бирибизден ажырагыс кылгысы келгенби, биз көп балалуу болдук. Арты-артынан жарыкка келген үч уулум кайненем менен кайнатамды жашартты. Неберелерине жалынган алардын бактысы чексиз эле. Рыскул экөөбүзгө бирин да уруштуруп, жемелетпей, канаттарына калкалап, кайда барышса жандарынан калтырбай карашты. Үч эркектен кийин кыздуу болууну кыял кылып, ага да жеттик. Кызыбыз менен үйгө чыгып келгенимде жолдошум: “Мага жагам деп жакшы эле аракет кылдың. Азыркы заманга беш бала деген – көп бала. Эми кызыма шерик кылып дагы бир кыз төрө, бешөө болот. Анан, эс ал”, - деп тамашалаган эле. 

***

Айылдын тынч жашоосунда он жылды артка калтырдык. Улам кош бойлуу болуп, улам биринин жентек тою, бешик тою болуп атып бул жылдардын кандай өткөнү да билинбеди. Кээде артка кылчайып бир кезде борборго бакыт издеп кеткен классташтарымдын жашоосу менен өзүмдүн жашоомду салыштырып бактылуу болуп коём. Мага мындан ашыктын кереги жок эле.

Жаз аягы менен Рыскул эки досу менен бирге тоого малга дары бергени жөнөп калды. Узак жол, анан бир-эки күн аң уулоого, балык уулоого чыгабыз деп бир жумага убакыт болжошту. Эмнегедир кетиргим келбей кыйыла бердим. Рыскул анымды анчейин көңүлүнө алган жок. “Бир жылдап көрүшпөй иштегендер деле жашап жатпайбы, эркелей бербечи ээ? Келем”, - деп койду салкын. Чай үстүндө балдарына карап: “Атаңдын тилин ал. Апаңды жакшы кара”, - деп кызын алдына алып отуруп тамактанды. Анан сырттан машиненин сигналы чыгып дасторконго бата кылдык. Ал чыгып баратып кайра кайрылып мени уктоочу бөлмөгө чакырды. Бирок бооруна кыса эркелетип: “Кабагыңды ачып жүр. Билесиң да, биздин үйдүн аба ырайы сенсиң”, - деди жүзүмдөн сүйүп.

***

Арман дүйнө, Рыскул ал сапарынан кайтпай калды. Огороддо жүрүп чубап кирип аткан кошуналарды көрүп ишимди токтотуп үйгө карай бастым. Бутумдагы резинка өтүктү чечип, колумду жууп киргенче эле апамдын:

– Кулунум ай, бизди кимге тыштадың, - деген ачуу үнү чыкты. Кандай кирип келгенимди билбейм, апам заматта жоолугу жерге түшүп, чачы жайылып, жашы он талаа болуп калыптыр. Мен делдейип тура бердим. Апам мени көрө калды окшойт:

– Накубайым, жалгыз калдыңбы, чырагым?.. – деп мага кол сунду.

Андан ары эмне болгонун билбейм, эстегим да келбейт...

Рыскулдун кыркынан кийин бир аз эсибизге келгендей болдук. Атам менен апам ай айланбай карып кетишти. Карагандары эле мен, мени сооротуп алар, аларды сооротуп мен ыйлайм. Ошол маалда дагы кош бойлуу экенимди билдим. Эки айдан ашып калыптыр. Кубана алган жокмун. Ушунча аза, ыйдан кийин баламдын жарыкка келерине деле үмүтүм жок эле. Эч кимге унчукпай жүрө бердим. Качан гана ичим билинип калганда баарына белгилүү болду. Мен болсо кыбырап кыймылга келгенден баштап гана анын төрөлүшүн тилеп баштадым. Рыскул өзү болбосо да бир кезде айтып кеткен тилеги орундалышын кааладым.

Тынч жашообуз ый, аза менен алмашып, үйүбүз үшкүрүккө толуп жашап калдык. Али бала болсо да бир жамандыктын болгонун, орду толгус адамды жоготконубузду билгендей балдарым да томсорушат. Баягыдай ойнобой, качан болбосун, көзүмө жаш толуп турган мени, көз жашы тыйылбаган энеси менен жер чукуп үңкүйгөн чоң атасын чочулай карашат. Ай-күнүмө жетип кыз төрөдүм. Доктур кыз экенин айтканда Рыскулдун бир кездеги сөзүн эстеп ыйлап алдым. Ал эмнеге беш балабыз болот деп чектеп айтты экен... Дагы кыз төрөлөрүн билди беле?.. Азыр ал тирүүсүндө айткан ал кеби дал келип отурганын кайдан туйсун, кайдан билсин.

Кызыма чоң атасы Аманат деген ат койду. Аманатым атасыз чоңоюп жатат. Мен болсо Рыскулсуз жашоого көнө элекмин. Баары түш сыяктуу. Кээде өлүүмүнбү же тирүүмүнбү, ажырата албай кетем...

 

Насыйкат