Тилек

 (Башталышы өткөн санда)

– Жезде, Айжүз төрөдүбү?

– Андай кабарды эки сааттан бери чыдамсыз күтүп атам, – шайыр маанай менен жооп бергенге аракет кылдым. Антип Ширинге жооп айтарым менен экөөбүздө тең кабатырлануу башталды. Менде кандайдыр Шириндин алдында күнөөлүү сезим пайда болду. Бири-бирибизге үндөшпөй, короодо каршы-терши басып жүрсөк, жаныбызга ак халатчан бирөө келди:

– Силер Айжүздүн жакындары болосуңарбы?

– Ооба! – деп экөөбүз бирдей жооп узаттык.

– Анда сиздердин макулдук болсо, Айжүздү медициналык жардам менен төрөтүүгө уруксат алалы дедик. Кан басымы төмөн болгондуктан бөлөк жол жок.

– Ал кандай жол? – деп тынчсыздандым, Шириндин болсо оозунан келмеси түшүп калды.

– Кесарево. 

– Кесарево! – Ширин бул сөздү укканда чочуп кетти, – бизге азыр Айжүздүн өзүнө жолугушууга уруксатпы?

Врач бир аз ойлонуп:

– Аны башкы гинекологдон сураңыздар, – деди.

Биз дароо башкы гинекологго кирдик. Ал бизге Айжүз жаткан палатага баш багууга кыйылып атып уруксат берди. Ширин экөөбүз гинекологдун артынан ээрчип Айжүз жаткан палатага кирсек, кыйналганынан эрдин кырча тиштенип жатыптыр. Ал бизди көрөр замат эчкирип ыйлап жиберди.

– Зардос, жанымда болчу. Коркуп атам.

– Эч жакка кетпейм… Жаныңда болом… Ыйлабачы…

– Жаншерикке өзүң бирдеңке шыбырачы, - алаканым менен Айжүздүн курсагын сыладым, – ага бирдеңке дечи. 

– Жаншерик…  

– Зардос, мен ага башка ысым койдум. Сен ошол ысымга макулсуңбу?

– Сен айткандын баарына макулмун. Кана, айтчы. Кандай ысым?

– Тилек.

– Тилегиң кабыл болсун! Жакшы ысым таапсың.

– Мурда экөөбүз Жаншерик болсун дегенбиз, эсиңдеби? Менин эми бул дүйнөдө зарлап күткөн тилегим аман болсун. Бул Тилегим сага аманат… – анын бул сөздөрүнөн денем үркүп кетти, – Тилек дегеним жактыбы сага?

– Тилек да жагат, Жаншерик да жагат. Сенин ниетиңдегинин баары жагат. Мага жакпаган сенин эч нерсең жок.

– Эмнеге Жаншерик эмес, Тилек дегим келет? – мага Айжүздүн каректери сырдуу кадалды. Менден жооп күткөн-күтпөгөнүн биле албадым.

– Жана бир өлүм менен өмүрдүн ортосундагы караңгыны көрдүм. Ошондо аны менен жан шерик болбосумду туюп, бир гана аман-эсен көз жарышын тилеп Жаншерик эмес, Тилек болсун дедим.

Сырттагы сампарлап жааган карды тиктеп, дагы эмне айтсам дегенсип тыным алып калды.    

– Айжүз, антпечи.

– Эгер тилегеним жарыкка келсе, атын Тилек кой, макулбу?

Менден көздөрүн ала качыш үчүн башын жууркандын алдына катты. Өзүн кармана албай ыйлаган Айжүздүн бүлкүлдөгөн жуурканы көзүмө суунун майда толкунундай көрүндү. «Өзүңдү колго ал» деп айталбай койдум. Кайратым бош экен, аныкындай ый менин да көөдөнүмдү тээп турган. Мүмкүн, Айжүз акыркы жолу менден бирдеңке уккусу келгендир. А мен ага эмне дээримди билбедим. «Өзүңдү колго ал» дегенден башка сөз оозума келген жок. Бирок ошону да ичимен кайталап, сыртыма чыгара албадым. 

Ширин бул учурда ак халатчандар алдына сунган журналга кол коюп чебелектеп жүргөн. Жаныма башкы гинеколог келгенинен Айжүз менин сыртка кетүүмдү суранды. Чыгып баратып артыма кылчайдым. Ак шейшептин алдына башын каткан Айжүзгө: «Өзүңдү колго ал», - дедим. Бирок ал уккан жок, эчкирип ыйлап жаткан. Эчкирген ыйын шейшептин алдына жашырып, ошондо менден эмне үчүн көздөрүн ала качты, билбейм...

(Уландысы кийинки санда)

 

Олжобай Шакир