Белгилүүлөрдүн балдарынын трагедиялуу тагдыры

Интернет барактарынан, телевизордон көрүп жүргөн дүйнөлүк белгилүүлөргө баарыбыз эле суктанабыз. Алардын жашоосу жомоктогудай сезилет. Бирок бардык жагы төп келген идеалдуу адам жок экендиги маалым. Ошол сыңары, ал белгилүүлөрдүн экран артында биз билбеген бир топ сырлары бар. Алардын бири – балдарынын жашоосу. Көрсө, айрым белгилүү адамдардын балдары өздөрүндөй бактылуу жашоого эмес, трагедиялуу тагдырга туш болушуптур.

 

Сильвестр Сталлоненин уулу Сейж Сталлоне

Сейж Сталлоне 1974-жылы туулган. Ал атасынын жолун жолдоп жашоосун киного арнаган. 14 жашынан 24 жашка чейин 11 тасмага тартылууга жетишкен. Таланттуу актёр эле эмес, режиссёр, сценарист, продюсер жана композитор болууга жетишкен. 2012-жылы 13-июлда Лос-Анжелестеги үйүндө анын жансыз денеси табылган. Бул убакта ал үйлөнүү тоюна камынып жаткан болчу. Расмий маалыматтарга караганда, Сейж атеросклероз оорусунан улам жүрөгү кармап каза болгон. Бирок ал каза болгондо жанында дарынын калдыктары табылгандыгы тууралуу ушактар тараган. Сейждин достору менен жакындары анда өзүн-өзү өлтүрө тургандай кылык-жоруктары жок экендигин айтышып бул маалыматты четке кагышкан.

 

Ален Делондун уулу Энтони Делон

Айымдардын сүймөнчүгү болгон француз актёру Ален Делон уулу Энтониге фамилиясын алып жүрүүгө тыюу салган. Анткени аны “эң жаман модельер, актёр жана начар эркек” деп атаган. Андан сырткары Энтони Ален Делондун уулу болууга татыктуу эмес деп эсептеген. Буга Энтонинин өспүрүм куракта аракечтикке ооп кеткени себеп болгон. Ал канчалык мыкты роль ойноп ийгилик жаратпасын, дайыма атасы менен салыштырылып атагы чыкпай келет. Азыр да атасы менен байланышпай, эки кызы менен тынч жашоодо жашайт.

 

 

Жерар Депардьёнун уулу Гийом Депардьё

1972-жылы туулган Гийом Депардьёнун ата-энеси театр, киного абдан берилгендиктен баласына көңүл бурбай коюшкан. Мындан улам ал алкоголь менен наркотикке азгырылып кеткен. Жерар Депардьё кийинчерээк өзүнүн катасын мойнуна алып, баласына көңүл бурбай койгондугуна жаштыгы жана ата болгонго даяр эмес экендиги себеп болгонун айткан. Гийом да ата-энесинин жолун жолдоп 30дан ашык тасмаларга тартылган. Бирок өмүр бою атасынын көлөкөсүндө гана жашап келген. Ал ылдамдыкты абдан сүйгөндүктөн мотоциклде улам жарышып турган. 1995-жылы кырсыкка кабылып тизесинен оор жарадар болгон. Канчалык дарыланса да оорусунан толук айыга алган эмес жана организми да күндөн-күнгө алсыздай берген. Протез кийип жүрүп, 2008-жылы съёмка учурунда оорусу кармап, эки күндөн кийин каза болгон.

 

 

 

Брюс Линин уулу Брэндон Ли

Белгилүү актёр жана күрөш искусствосунун чебери Брюс Ли 70-жылдары атагы чыгып турган мезгилде каза болгон. Бул убакта анын уулу Брэндон 8 гана жашта болчу. Атасынын жөндөмү ага өтүп мектепте окуп жүргөндө эле жергиликтүү театрлардын сахнасында өнөрүн тартуулай баштаган. Кийинчерээк бир нече тасмаларга тартылып, “Ворон” тасмасына тартылуу учурунда Брэндон Ли ичинен катуу жарадар болгон. Тез жардам менен ооруканага жеткирилип, беш сааттык операциядан кийин абалы жакшырган эмес. Ошентип, актёр үйлөнүү тоюна 18 күн калганда 28 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

 

 

 

Уитни Хьюстондун кызы Бобби Кристина

Атактуу ырчынын кызы жаш экендигине карабай чоң чатакчы болгон. Мектепте окуп жүргөн кезинде апасы менен чырдаша кетип ага бычак көтөргөнгө чейин барган. Кийинчерээк өзүнүн венасын да кесип көргөн. Интернетте анын ак порошок түрүндөгү зат менен түшкөн сүрөттөрү жайылып, Боббинин мурдагы жигиттери мунун марихуана экендигин айтып чыгышкан. Жигит тандоодо да жолу болбой акыры тууганына ашык болуп калган. 2015-жылы Бобби абдан арыктап кетет. Муну да наркотикке байланыштырышат. Бирок ал ушак-айыңдарды четке кагып, диета кармап, спорт менен машыгып жаткандыгы менен түшүндүрөт. Ошол эле жылдын 31-январында аны эс-учун жоготкон абалда ваннадан табышат. Бирок оор абалга түшүп калгандыктан кайра жакшы боло албай 27-июлда көз жумат.

 

Наталья Кустинскаянын уулу Дмитрий Егоров

“Иван Васильевич кесибин алмаштырат” тасмасынын жылдызы Наталья Кустинская уулун дипломат Олег Волковдон төрөгөн. Кийин үчүнчү күйөөсү Борис Егоров ага өз фамилиясын берет. Натальянын айтымында, уулу таланттуу болгон жана мыкты окуган. 1991-жылы Наташа аттуу кыз менен баш кошуп, бир балалуу болушат. Тилекке каршы, баласы 7 айлыгында чарчап калып, анын кесепетинен аялы ичип кетип, бул ажырашууга алып келет. Баласынын өлүмүнөн бир жыл өткөндөн кийин өгөй атасы Борис Егоров да каза болот. Ал өгөй атасын абдан жакшы көргөндүктөн өлүмүн көтөрө албай ичкиликке берилип кетет. 2002-жылы апасы менен урушуп үйдөн чыгып кеткен боюнча келбей, Наталья Кустинская милициядан уулунун өлгөндүгүн угат. Себеби жүрөк кемтиги экендигин айтышкан, бирок актрисанын айтымында, уулунун чекеси урулган болот.

 

 

Шааркан Абдуллаева