Күйөөңүзгө тибине карап мамиле кылыңыз

Эркектин баары окшош. Бул сөздү көбүнчө түгөй тандоодо ката кетирген айымдар айтышат. Чындыгында андай эмес. Эркектер психологиялык жактан бир нече типке бөлүнөт. Алар кандай типтер, артыкчылыгы, кемчилиги эмнеде экенин билип алып, өмүрлүк жолдошуңузга ошого жараша мамиле кылыңыз.

 

Романтик

Бул типтеги эркекти сырткы көрүнүшүнөн эле билсе болот. Ал белек бергенди, ыр арнап, өзгөчө сюрприздерди тартуулаганды жакшы көрөт. Фантазиясында чек жок. Жагымдуу сөз айтуудан тажабайт. Бирок ага жолукканда сиз менен эмес, өзүнчө дүйнөдө кыялдары менен жүргөндөй болот. Белек бергенде да сиздин табитиңиз менен эсептешпейт. Бир жумушта көпкө иштей албайт, туруктуу кирешеси жок, акчаны да ой келди иштетет жана материалдык байлык тууралуу ойлонбойт. Депрессияга, кайгыга өзүн оңой алдырат.

Күйөөңүз романтик болсо:

– Аялдык касиетке – назиктикке ээ болуп, анын романтикалык мамилесин сындабаңыз.

– Мындай эркектер эркек мүнөздүү айымдарды жактыргандыктан турмуштук маселелерди чечүүгө, эркектин жумушун кылууга жөндөмдүү болушуңуз керек.

 

Мыкты кожоюн

Мыкты кожоюн тибиндеги эркектер мыкты ата, камкор жолдош келишет жана жакындарынан эч качан жардамын аяшпайт. Мындай эркекти жардамга чакыруунун да кажети жок, айттырбай өзү келет. Үй-бүлөсүн ааламдын борбору деп эсептейт. Үй-бүлөсүнүн керектөөлөрүн дайыма билип турат, балдары, жубайы үчүн көп нерсе кылууга аракет кылат. Үй-бүлөлүк бюджет анын колунда болгондуктан акчага сарамжалдуу келет. Жоопкерчиликтүү, чечкиндүү болгондуктан мындай эркекке бардык ишти ишенип тапшыра берсе болот. Романтикага көп деле жакын эмес. Бул тууралуу кээде гана ойлонот. Баштаган ишин аягына чыгармайынча көңүл ачып, эс алууну эске да албайт.

Күйөөңүз мыкты кожоюн болсо:

– Мыкты кожоюн тибиндеги эркектер акылдуу, лидер айымдарды жактыргандыктан энергияңызды керектүү багытка жумшаңыз. Алар тактыкты сүйөт, ошондуктан план менен иш кылып, тапшырмасын так актарууга аракет кылыңыз.

– Андан романтиканы талап кылбай, алгач өзүңүз романтикалуу болуңуз. Ресторан же кафеге баргыңыз келсе, шакек алгыңыз келсе, бул тууралуу алдын ала бир ооз айтып коюңуз. Бул анын чыгашаны туура бөлүштүрүүсүнө жардам берет.

– Кайсы бир иш менен алек болуп жатканда аны алаксытып тоскоол болбоңуз.

 

Иш өнөктөшү

Бул типтеги эркектерди идея, акча, бизнес жана жакындарынын ишеними кызыктырат. Бир орунда отура албай ар дайым бир нерселерди ойлоп таап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турат. Сүйүү мамилесинде да “сен - мага, мен - сага” деген сыяктуу бизнестин схемасы боюнча жүрөт. Сылык пикир алышат, кызуу кандуулукка алдырбайт, өзүн-өзү көзөмөлдөгөндү билет. Бирөө менен оңой тил табышкандыктан ар кандай темада сүйлөшүп кете берет жана экинчи тарапты да уга билет. Аялы менен план түзүп иш кылганды сүйөт. Канча балалуу болууну да алдын ала пландап алат. Мурдун көтөрбөйт, ой жүгүртүүсү, кругозору жогору. Өзүн-өзү сүйгөндүктөн кандай гана иш кылбасын, өзүнүн пайдасын көздөйт. Мисалы, сүйгөн кызына гүлдү анын маанайын көтөрүү үчүн эмес, жүрөгүн багындыруу үчүн же башка бир максатта берет.

Күйөөңүз иш өнөктөшү болсо:

– Бир маселе боюнча талашып калганда өз көз карашыңызды коргой билиңиз. Далилдер менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз.

– Иш өнөктөшү тибиндеги эркектер өзүнө татыктуу өнөктөштү жактыргандыктан сиз да кругозоруңузду өстүрүп, ар тармактан маалыматыңыз болуп күйөөңүздүн деңгээлине жетүүгө аракет кылыңыз.

– Романтика тартуулабаганына капа болбоңуз. Тескерисинче, өзүнүз киного барууну, сейилдөөнү сунуштаңыз.

– Өзүмчүлдүгүн жоюуга аракет кылыңыз. Анын камкордугуна, коргоосуна муктаж экениңизди улам эскертип туруңуз. Жакшы иштерди жөнөкөй жол менен да кылса болорун өзүңүз үлгү болуп көрсөтүңүз. Мисалы, бирөөгө жумуш таап берип, колунда жокторго азык-түлүк алып берип жана башка.

 

“Сүрөтчү”

Бул типке токтоо, жумшак көңүл, идеяга бай, чыгармачыл эркектер кирет. Алар эч качан зерикпейт, дайыма бир нерсе менен алек болот. Кызыккан нерсеси тууралуу берилип айтып берет. Чыгармачылык менен жасалган белектерди бергенди жакшы көрөт. “Сүрөтчү” эркектин кругозору абдан өнүккөндүктөн аны менен маектешүү кызыктуу. Көңүлү жумшак болгондуктан сиздин талаптарыңызды аткарууга ар дайым даяр. Эмнени каалап жатканыңызга көңүл буруп турат. Өзү кызыккан нерсе менен алек болуп атып айлана-чөйрөдөгүлөрүн унутуп калышы мүмкүн. Анан чечкинсиздигинен жана уялчаактыгынан башкалар аны өз кызыкчылыгына пайдаланып коюшат. Кайгысын сыртка көп чыгара бербейт, ошондуктан өзүн алкоголь же башка нерсе менен тынчтандырат. Депрессияга да оңой алдырат.

Күйөөңүз “сүрөтчү” болсо:

– Чечкиндүү, олуттуу болуп, ага эне катары да кам көрүп турушуңуз керек.

– Чыгармачылыгына тоскоол болбой, дем берип туруңуз.

– Көп нерсе талап кыла бербей, чыдамдуу жана романтикалуу болуңуз.

 

Карьерист

Карьерист эркектер кайсы бир деңгээлде иш өнөктөшү тибиндегилерге окшош. Бирок карьеристтер карьеранын бийик чокусуна жетүү үчүн эч качан артка кайтпайт. Аялына көп талап коюшат. Мындай эркектер көбүнчө жетекчилик кызматтарды аркалашат. Ар дайым телефон чалуулар, сүйлөшүүлөрдөн бошобой, сайттардагы маалыматтарды кууп окушат. “Дайыма бийиктикте болуу” – алардын урааны. Демек, карьерист эркектер үй-бүлөсүн камсыз кылып турат жана үй-бүлөсү материалдык жактан муктаж эмес. Токтоо, өзүнө ишенимдүү келишкендиктен кызганчаак болушпайт. Өзүн бийик койгондуктан аялын өзүнө гана ыраа көрөт. Жалгыз калам деп эч качан кооптонбойт. Кайсы жерде жана кимди болбосун, башкара билет. Мисалы, жумушунда кесиптештерин, үйүндө аялын, балдарын, кафеде официанттарды. Эгер бирөө бир нерсени туура эмес кылса, дароо сын айтат. Тил албагандык – карьеристтин эң жаман көргөн сапаты. Эгер кызы атасы каалаган окууга эмес, өзү каалаган окууга тапшырып койсо, накта согуш ошондо башталат.

Күйөөңүз карьерист болсо:

Карьерист эркек жубайына катуу талаптарды коюп, аял бардык жагынан идеалдуу болушу керек деп эсептейт. Ошондуктан келбетиңизге кам көрүп, үйдү таза кармап, тамакты даамдуу жасап, төшөктө да мыкты өнөктөш болушуңуз керек.

– Карьеристтер сүйүүгө бат берилгендиктен акылдуу айымдардын сүйүү торуна бат илинишет. Мындай эркекти жаныңыздан чыгарбайын десеңиз, күчтүү, ар тараптан жөндөмдүү болушуңуз керек.

– “Окулган китеп” болбоңуз. Сырыңызды алдырып койбоңуз.

 

Шааркан Абдуллаева